Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 02/05/2017

Арыз ээси берилген документтердин жана анкета-арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот.

Анкета-арызга киргизилген маалыматтардын жана жаран тарабынан берилген документтердин шайкештигин текшерүү үчүн документтерди кабыл алган жана анкета-арызды тариздеген чет өлкөдөгү мекеменин, аймактык бөлүнүштүн же КТБнын жооптуу кызматкери кылмыш жана тартиптик жоопкерчилик тартат.

Акы төлөнүүчү негизде шашылыш түрдө таризделген                   2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту алуу мөөнөттөрү бузулса, форс-мажордук кырдаалдардан жана алуучунун өзү келбеген учурлардан тышкары, жаранга же анын мыйзамдуу өкүлүнө шашылыш тариздөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөнгөн акынын 100 пайызы өлчөмүндө акчалай сумма кайтарылып берилет. Алуучуга акча каражаттары 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же жалпы жарандык паспорт берилген учурда чогуу кайтарылат. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту даярдоо жана берүү мөөнөтүн бузуу фактылары бузуу фактыларын эсепке алуу журналында катталат.

Форс-мажордук кырдаалдар – жеңүүгө болбой турган иш-аракеттерди, табигый мүнөздөгү кубулуштарды (өрт кырсыгы, жер титирөөлөр, жер көчкүлөр, селдер, суу каптоолор, кар көчкүлөрдүн түшүүсү, бороондор) жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту даярдоо үчүн документтерди шашылыш текшерүүнү жана жеткирүүнү толук же жарым-жартылай жүргүзүүгө, ошондой эле аларды шашылыш берүүгө мүмкүндүк бербеген аскердик иш-аракеттерди түшүндүрөт.

 

Өнөктөштөр