16 жашка толо электер жалпы жарандык паспорт алууда талап кылынган документтердин тизмеги:
- анкета-арыз;
(аймактык бөлүнүштүн же КТБ кызматкери тарабынан таризделет)
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалымат болбогондо;
16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (же ата-энеси жалгыз болсо, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири өлгөндүгү тууралуу күбөлүк болгондо, ата-энесинин бири эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жатканда, ата-энесинин бирин дайынсыз жоголду деп, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири издөөдө болгондо) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору;
- ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу;
- төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.
Эскертүү:
Эгер арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет;
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: Жалпы жарандык паспортту алууга карата документтерди тариздетүү үчүн милдеттүү шарт болуп арыз берүүчүнүн каттоосу «ДМБ» АМТмунда бар болушу эсептелет.