Жарыяланган 01/05/2021
Жалпы жарандык паспорт жоголгондо талап кылынган документтердин тизмеги
- анкета-арыз;
(аймактык бөлүнүштүн же КТБ кызматкери тарабынан таризделет)
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту - КБМРда маалыматтар жок болсо;
- төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.
Эскертүү:
КБМРда маалыматтар жок болгон учурда жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу жөнүндө дело түзүлөт. Жоголгон жалпы жарандык паспорттун ордуна жаңы жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: Жалпы жарандык паспортту алууга карата документтерди тариздетүү үчүн милдеттүү шарт болуп арыз берүүчүнүн каттоосу «ДМБ» АМТмунда же жалпы жарандык паспортто консулдук учету боюнча штампы бар болушу эсептелет.