Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 01/05/2021

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту Кыргыз Республикасынан чыгууга, Кыргыз Республикасына кирүүгө укук берүүчү жана анын чегинен тышкары убактылуу болууда Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.

Жалпы жарандык паспорт тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматты камтыйт, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар.

Жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун типтеринин бири болуп саналат.

Жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын жарандарына курагына карабастан берилет. Кыргыз Республикасынын жаранынын каалоосу боюнча ага экинчи жалпы жарандык паспорт берилиши мүмкүн.

Жалпы жарандык паспорт он жылдык мөөнөткө берилет. 16 жашка толо элек балага жалпы жарандык паспорт үч жылдык мөөнөткө таризделет.

Биле жүрүңүз!

 Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы жарандык паспорт анын ээси тарабынан жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү, банктык операцияларды жүргүзүү үчүн документ катары кызмат кыла албайт.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жок Кыргыз Республикасынын жарандары алардын жалпы жарандык паспортунда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке коюу жөнүндө белгиси болгон учурда же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке коюу жөнүндө маалым каты болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү, банктык операцияларды жүргүзө алышат.

Жалпы жарандык паспортту күрөөгө кабыл алууга жана өткөрүүгө тыюу салынат.

Маалымат үчүн:

Жалпы жарандык паспортту тариздөөгө жана даярдоого документтер Кыргыз Республикасынын аймагында арыз ээсинин каттоо эсеби жөнүндө маалымат КБМРде болгон учурда же консулдук эсепке алуу жөнүндө маалымат же жалпы жарандык паспортто консулдук эсепке алуу жөнүндө штампы болгондо, арыз ээсинин жашаган же барган жерине карабастан анын жеке катышуусунда бардык аймактык бөлүнүштөрдө жана/же КТБларда кабыл алынат.

Арыз ээси 34 барактуу же 50 барактуу жалпы жарандык паспортту тандап алууга укуктуу.

Өнөктөштөр