Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө
Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- анкета-арыз,
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн акы төлөгөндүгүн ырастаган квитанция;
- чет өлкөлүк паспорт. Мурда Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жараны болгон арыз ээлеринин чет өлкөлүк паспорттору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык алып коюлууга тийиш;
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же калыбына келтирүү жөнүндө маалымкат – КБМРде маалыматтар болбогондо;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө – КБМРде маалыматтар болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун № 1 формасы болбогон учурда;
- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөн учурда, никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (нике бекитилгенде, бузулганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы өлгөн учурда) – КБМРде маалыматтар болбогондо;