Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 14/03/2018

Кыргыз Республикасынын “Ички жер которуу жөнүндө” Мыйзамынын 9 беренесине ылайык, ар бир жаран Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана турган жери боюнча катталууга милдеттүү.

 

Жарандарды жашаган жери боюнча каттоо Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

Жаранды жашаган жери боюнча “ДМТ” автоматташтырылган маалымат тутумунда каттоо үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

Каттоо кыймылсыз мүлктүн ээси тарабынан толтурулган арыздын негизинде жүргүзүлөт (Кыймылсыз мүлк ээсинин катышуусу зарыл, мүлк ээси болбогон учурда анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн уруксат кагазы менен);

укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк (турак-жай имаратына карата менчик укугу);

аскерге милдеттүүлөр үчүн (кызмат өтөөгө чакыр ылгандар үчүн) – аскер билети (аскердик эсепке алууга коюу жөнүндө күбөлүк) мурунку жашаган жери боюнча эсептен чыгарылгандыгы жана жаңы жашаган жери боюнча аскердик эсепке алууга коюу жөнүндө белгиси менен;

паспорт же жарандын өздүгүн тастыктаган документ;

Кыргыз Республикасынын аймагында бир нече турак жайга менчик укугу бар жаран алардын бирине гана жашаган жери боюнча катталат.

Туруктуу жашаган жери жок жарандарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын юридикалык дареги боюнча, адамдын ким экенин билдирүүчү документтин негизинде ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" 1994-жылдын 18-июлундагы N 521 токтому токтомуна ылайык, жашаган жерине каттоодо 0,2 эсеп көрсөткүчү менен мамлекеттик төлөм алынат.

Маалымат үчүн: Жарандарды эсепке алуу ситемасын жакшыртуу жана мамлекеттик каттоо системасын автоматташтыруу максатында Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин базалык моделин түзүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жарандардын туруктуу жашаган жери боюнча каттоо системасын комплекстүү модернизациялоо үчүн “Дарек маалыматтык бюросу” автоматташтырылган маалымат тутуму ишке киргизилген.

 

 

Өнөктөштөр