Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 11/11/2020

Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо

Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн негиздер

Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана бири-бирине мүлктүк жана башка дооматтары болбогондо жубайлардын никени бузуу жөнүндө берилген биргелешкен арызы;

2) жубайлардын биринин никени бузуу жөнүндө берген арызы жана жубайлардын бирине карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими (өкүмү), эгерде жубайлардын бири сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса же жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон болсо;

3) никенин бузулгандыгы тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.

 Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жери

Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жубайлар (жубайлардын бири) кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

Ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана мүлктүк талаш-тартыштары болбогондо жубайлардын өз ара макулдашуусу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо

1. Никени бузууну каалаган жубайлар никени бузуу жөнүндө биргелешкен арызды жазуу жүзүндө же электрондук түрдө жарандык абалдын актыларын жазуу органына берет. Жубайлар никени бузуу жөнүндө биргелешкен арызында никени бузуу өз ара макулдашылганын жана ортосунда жашы жете элек жаппы балдары жана мүлктүк талаштары жоктугун тастыктоого тийиш.

2. Эгерде никени бузууну каалаган жубайлардын биринин арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, анын эркин билдирүүсү никени бузуу жөнүндө өзүнчө арызы менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Жубайынын арыздагы коюлган колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

3. Никени бузуу жубайлар никени бузуу жөнүндө биргелешкен арызды берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин жубайлардын экөөнүн тең же алардын биринин катышуусунда жүргүзүлөт.

Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо

1. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт, эгерде жубайлардын экинчиси:

1) сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса;

2) сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса;

3) жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо.

2. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никени бузуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин анын катышуусунда жүргүзүлөт.

3. Никени бузуу жөнүндө арызды кабыл алган жарандык абалдын актыларын жазуу органы үч күндүк мөөнөттө жазаны өтөп жаткан жубайга, же болбосо эмгекке жарамсыз жубайдын камкорчусуна же дайынсыз жоголгон жубайдын мүлкүн башкаруучуга, ал эми алар жокто - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө никенин бузулгандыгын мамлекеттик катталгандыгы тууралуу кабарлайт.

 Никенин бузулгандыгы тууралуу соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо тартиби

1. Соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никеге туруунун мамлекеттик катталган жери боюнча, мурдагы жубайлардын (алардын биринин) эсепке алып катталган жери боюнча, же эмгекке жарамсыз жубайдын камкорчусунун арызы боюнча, же болбосо соттун чечими чыгарылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бир эле учурда никенин бузулгандыгы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими көрсөтүлүүгө жана мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин) инсандыктарын ырастаган документтери көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Эгерде мурдагы жубайлардын бири никенин бузулгандыгын жарандык абалдын актыларын жазуу органында каттоодон өткөргөн болсо, мурдагы жубайлардын экинчиси никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кайсынысына болбосун кайрылууга укуктуу. Кийинирээк кайрылган жубай жөнүндө маалыматтар никенин бузулгандыгы тууралуу актыдагы жүргүзүлгөн мурдагы жазууга киргизилет. Бул учурда жубайлардын экинчисинин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин көрсөтүүсү талап кылынбайт.

4. Мурдагы жубайлар (жубайлардын ар бири) же эмгекке жарамсыз жубайдын камкорчусу никенин бузулгандыгы мамлекеттик каттоо жөнүндө арызды башка адамдардын берүүсүнө жазуу жүзүндө ыйгарым укук бере алат.

5. Никени бузууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча жол берилет, анын негизинде никенин бузулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүлөт. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо боюнча кызыкчылыктарды билдирүүгө жана никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга ыйгарым укуктар ишеним катта атайын каралууга (айтылууга) тийиш.

Нике бузулгандан кийин жубайлардын фамилияларды сактап калышы же өзгөртүшү

Никеге турганда өзүнүн фамилиясын башка фамилияга өзгөрткөн жубай нике бузулгандан кийин да ушул фамилияны сактап калууга укуктуу же никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо учурунда ага өз каалоосу боюнча никеге чейинки фамилиясы ыйгарылат.

Өнөктөштөр