Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 14/03/2018

Ыйгарым укуктуу органда транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды алгачкы каттоо үчүн төмөнкүлөр берилет:

- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;

жеке жактар үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта), чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап турууга уруксаты;

- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын паспорту же ким экендигин ырастоочу башка документи, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ошондой эле жарактуу тиешелүү визасы менен анын көчүрмөсү;

юридикалык жактар үчүн:

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтерин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

- транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын чыгарылышын ырастоочу документтер (бажылык кириш ордери (мындан ары - БКО) же Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттарын алгачкы каттоо үчүн товарларга декларациялар (мындан ары - ТД);

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер болуп саналбаган мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн республикага ташып келинген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Сертификаттоо боюнча органдардын жана сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториясы (диагностикалык борбору) тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк;

- даярдоочу заводдун чыгаруу сертификаты, инвойс, транспорт каражатынын паспорту, чет мамлекеттин техникалык паспорту, транспорт каражатынын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы жана каттоо иш-аракеттери үчүн негиз болгон башка документтер;

- даярдоочу уюм, даярдоочу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген эсеп-маалымкаты, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же транспорт каражатына, түзүлүшкө же жабдууга, номердик агрегатка менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документ;

- соттордун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери;

- каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары;

- транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысы. Транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук кылган жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун жайгашкан жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет. Актынын жарактуулук мөөнөтү 20 сутканы түзөт;

- транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери жана (же) Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттары катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номерлери.

Алгачкы каттоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган транспорт каражатынын электрондук паспорту болбогон учурда, Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык электрондук паспортту түзөт.

Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери каттоо документтерин жана мамлекеттик каттоо белгилерин алууда алгачкы каттоодон тышкары, тийиштүү транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанцияны, төлөм тапшырмасын же кыймылсыз мүлккө салыктын төлөнгөндүгүн ырастаган башка документти беришет.

 

 

 

Өнөктөштөр