Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 14/03/2018

Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо менчик ээси өзгөргөн учурда жүргүзүлөт сатуу, белекке берүү, мураска алуу, алмашуу ж.б. менен байланыштуу.

Кайра каттоону жүргүзүү үчүн транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери төмөнкүлөрдү беришет:

- форма боюнча арыз;

жеке жактар үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта), чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап турууга уруксатын;

- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын паспорту же ким экендигин ырастоочу башка документ, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ошондой эле жарактуу тиешелүү визасы менен анын көчүрмөсүн;

юридикалык жактар үчүн:

- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтерин;

- транспорт каражатына, түзүлүшкө же жабдууга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерди;

- зарыл болгон учурда - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатын;

- кайра каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанцияларын;

- жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанцияны, төлөм тапшырмасын же кыймылсыз мүлккө салыктын төлөнгөндүгүн ырастоочу башка документти;

- жок кылуу учурларынан тышкары, транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысын, транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук кылган жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун жайгашкан жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет. Актынын жарактуулук мөөнөтү 20 сутканы түзөт;

- түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын нумерацияларынын каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусун;

- транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилерин.

Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу орган белгиленген формадагы бланкта сатып алуу-сатуу келишимин үч нускада түзөт, тараптардын ар бирине бир нускадан жана ыйгарым укуктуу орган үчүн бир нуска.

Өнөктөштөр