«А» - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб см. ашык жана максималдуу кубаттуулугу 11 киловаттан ашык мотоциклдер – он алты жашка толгон адамдарга;
«А1» - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб см. ашпаган, жана максималдуу кубаттуулугу 11 квт. ашпаган мотоциклдер (жеңил мотоциклдер) – он алты жашка толгон адамдарга;
«В» - уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашпаган жана айдоочунун отургучунан тышкары отуруучу орундарынын саны сегизден ашпаган автоунаалар («А» категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) - он жети жашка толгон адамдарга;
«В1» - моторлоштурулган трициклдер, квадрациклдер – он алты жашка толгон адамдарга;
«С» - уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашкан автоунаалар («D» категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) - он сегиз жашка толгон адамдарга;
«С1» - уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашык, бирок 7500 кг ашпаган автоунаалар («D» категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) - он сегиз жашка толгон адамдарга;
«D» - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары он алты жана андан көп отуруучу орундары бар автоунаалар – төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
«D1» - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары тогуздан он алтыга чейин отуруучу орундары бар автоунаалар – төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
«ВЕ» - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автоунаанын салмагынан ашпаган чиркегич чиркелген “В” категориясындагы автоунаалар; уруксат берилген салмагы 750 кг ашык чиркегич чиркелген, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашпаган «В» категориясындагы автоунаалар - эки жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, он сегиз жашка толгон адамдарга;
«СЕ» - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автоунаанын салмагынан ашпаган чиркегич чиркелген “С” категориясындагы автоунаалар - үч жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
«С1Е» - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автоунаанын салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 12000 кг ашпаган «С1» категориясындагы автоунаалар - үч жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
«DE» - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык болгон чиркегич чиркелген «D» категориясындагы автоунаалар - төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык жүргүнчү ташуулар үчүн – 5 жылдан кем эмес) бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга.
«D1E» - жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автоунаанын салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 12000 кг ашпаган «D 1» категориясындагы автоунаалар - төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык жүргүнчү ташуулар үчүн – 5 жылдан кем эмес) бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
Троллейбусту башкарууга уруксат жыйырма бир жашка толгон адамдарга берилет жана айдоочулук күбөлүктүн өзгөчө белгилерине «Т» белгиси коюлат.