Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыгыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы түзүлүп мындан ары ага айдоочулук курамды жана автотранспорт каражаттарын каттоо функциялары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чыгарылып өткөрүлүп берилген. Ошондой эле айыл чарба техникасын каттоо функциясы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин карамагынан чыгарылып өткөрүлүп берилген.

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы      № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралы № 76 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө» токтому менен Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин жобосу бекитилген.

         Департамент транспорттук каражаттарды каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттердин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорттук каражаттарды башкарууга жол берүү тармагындагы ишкердикти жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомстволук бөлүмү болуп саналат.  

         Департамент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.

         Департаментти жана анын аймактык бөлүмдөрүн каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган, бекитилген сметага ылайык Мамлекеттик каттоо кызмат тарабынан бөлүштүрүлгөн каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.

         Департаменттин түзүмү:

- директор;

- директорунун орун басары;

- транспорттук каражаттарды каттоону уюштуру жана контролдоо бөлүмү;

- айдоочулук курамды каттоону уюштуру жана контролдоо бөлүмү;

- бухгалтердик эсеп, юридикалык жана  кадр иштер бөлүмү;

- 27 аймактык каттоо-сынак бөлүнүштөрү.

         Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоонун, кайра каттоонун жана эсептен чыгаруунун бирдиктүү тартибин киргизүү максатында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июну       № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген:

- Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери;

- Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартиби;

- Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тизмеги.

         Айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүүнүн бирдиктүү тартибин киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабры № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген:

- Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелери;

- Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери. 

Өнөктөштөр