Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

Корпоративдик коррупцияга каршы саясат

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын стратегиялык деңгээлинин негизги документи болуп саналат, ал Кызмат системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга жана Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдарынын ченемдеринин Кызматтын жетекчилиги жана жамааты тарабынан сакталышына багытталган негизги принциптерди жана талаптарды аныктайт. Ушул Саясатта «коррупция», «коррупциялык кыймыл-аракеттер», «коррупциялык ишмердик» алдында параны берүү же алуу, параны берүүдө же алууда ортомчулук кылуу, кызматтык абалынан же ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу, коммерциялык сатып алуу, формалдуулуктарды жеңилдетүү үчүн төлөмдөр, кызмат адамы тарабынан өзүнүн абалын акчаларды, баалуулуктарды, башка мүлктү, кызмат көрсөтүүлөрдү, өзү үчүн же болбосо башка адам үчүн кандайдыр бир укуктарды алуулар үчүн мыйзамсыз колдонушу же болбосо пайданы же укуктарды башка адамдар үчүн берүү аныкталган.

         САЯСАТТЫН МАКСАТТАРЫ

Саясат Кызматтын жетекчилигинин жана жамаатынын жогорку этикалык стандарттарды жана башкаруу системасынын натыйжалуу уюштурулушун жана калкты тейлөөнү кармануусун жана милдеттерин, ошондой эле Кызматтын корпоративдик маданиятты өркүндөтүүгө, башкаруу системасынын мыкты практикаларын сапат менеджментинин системаларынын эл аралык стандарттарына ылайык карманууга жана Кызматтын жетиштүү деңгээлде ишкер абройун колдоп турушун чагылдырат

Кызмат өзүнүн алдына төмөнкүдөй коррупцияга каршы күрөшүү максаттарын коёт:

  • Мамлекеттик бийлик органынын ишмердиги жөнүндө маалыматтын ачык-айкындыгын күчөтүү. Ага кирүү жана жарандардын, жарандык коомдун уюмдарынын жана институттарынын кабыл алынып жаткан чечимдерди калыптандырууга жана экспертизалоого тике катышуу мүмкүндүгүн кеңейтүү.
  • Кызматтын системасынын жетекчилиги жана кызматкерлеринин катышуусу менен  мүмкүн болгон коррупциялык схемалар үчүн тобокелдиктерди минималдаштыруу.
  • Коомдо, МКК системасынын кызматкерлеринде  Кызматтын коррупцияны кандай болбосун формаларында жана көрүнүшттөрүндө кабыл алынбай тургандыгы жөнүндө Саясатынын бирдиктүү түрдө түшүнүлүшүн аныктоо.
  • МКК системасынын кызматкерлеринин арасында Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдары тууралуу түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүп туруу.
  • МКК системасынын жетекчилигине жана кызматкерлерине ушул Саясаттын принциптерин жана талаптарын, колдонулуп жаткан коррупцияга каршы мыйзамдардын негизги ченемдерин, ошондой эле коррупциянын алдын алуу боюнча адекваттуу жол-жоболорду билүү жана сактоо милдеттенмелерин бекитүү.

КОЛДОНУУ ТАРМАГЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР

МКК системасынын жетекчилери жана кызматкерлери ушул Саясатты жетекчиликке алууга жана анын принциптерин жана талаптарын кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү. Кызматтын жетекчилиги жана ведомство алдындагы түзүлүштөрү ушул Саясаттын принциптерин жана талаптарын иш жүзүнө ашырууга, анын ичинде коррупцияга каршы жол-жоболорду иштеп чыгууга жооптуу болгон адамдарды дайындоону, аларды ишке киргизүүнү жана көзөмөлдөөнү кошо алгандагы бардык иш-чараларды уюштурууга жооптуу болушат. Ушул Саясаттын принциптери жана талаптары МКК системасына толук таркатылат, анын ичинде МККнын ведомство алдындагы түзүлүштөрү кошо алынат.

 КОЛДОНУУДАГЫ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ МЫЙЗАМДАРЫ

Ушул айтылгандарды эске алуу менен, МКК системасынын бардык кызматкерлерине административдик, бюрократтык жана башка каалагандай формадагы формалдуулукту жеңилдетүү үчүн төлөөлөрдү жасоого, анын ичинде акча каражаттарын, баалуулуктар, кызмат көрсөтүүлөр же башка пайда көрүүлөр формасындагыларды кошо алганда, кайсы бир адамдарга жана кайсы бир адамдардан же уюмдардан, анын ичинде коммерциялык уюмдардан, бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик кызматкерлерден, жеке компаниялардан жана алардын өкүлдөрүнөн тике же кыйыр түрдө, жеке өзү же үчүнчү адамдардын ортомчулугу менен алып же берип, коррупциялык аракеттерге катышууга, параны сунуштоого, берүүгө, убада кылууга, суроого жана алууга тыюу салынат. Кызмат жана анын кызматкерлери жалпыга таанымал мамлекеттик кызматтын принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамдарын, ошондой эле ушул Саясаттын принциптерин жана талаптарын сактоого тийиш болушат.

 

НЕГИЗГИ ПРИНЦИПТЕР

 Жогорку жетекчиликтин миссиясы

Кызматтын жетекчилиги өз жүрүм-туруму менен үлгү болуп, ушул Саясат менен МКК системасынын бардык кызматкерлерин тааныштырууну жүзөгө ашырып, коррупциянын каалагандай формаларына жана бардык деңгээлдердеги көрүнүштөрүнө келишпес мамилесинин этикалык стандартын калыптандырууга тийиш. Ушул Саясат каалагандай формадагы жана көрүнүштөрдөгү коррупция менен толук  келишпөө принцибин, өз ишмердигинин бардык чөйрөсүндөгү, анын ичинде калкты тейлөө системасындагы, мамлекеттик сатып алууларды жана кадр маселелерин жүргүзүүдөгү “нөлдүк келишпөө” принцибин иш жүзүнө ашырууга негизделген.

Тобокелдиктерге мезгил-мезгили менен баа берүү

Кызматтын ыйгарым укуктуу структуралык түзүлүшү мезгилдүү негизде анын ишмердиги үчүн бүтүндөй жана анын айрым багыттары үчүн өз алдынча алынган коррупциялык тобокелдиктерди аныктайт, карап чыгат жана ага баа берет.

Адекваттуу коррупцияга каршы күрөшүү жол-жоболору

Кызмат жана анын ведомство алдындагы түзүлүштөрү коррупциянын алдын алуу боюнча аныкталган тобокелдиктерге аң-сезимдүү жооп кыла турган адекваттуу жол-жоболорду иштеп чыгышат жана колдонууга киргизишет, алардын сакталышына, анын ичинде  бардык өндүрүштүк процесстерге карата стандарттарга, анын ичинде каттоо кызмат көрсөтүүлөрүнө сапат менеджменти системасынын эл аралык стандарттарына ылайык көзөмөлдөө жүргүзөт.

Маалымдоо жана окутуу

Ушул Саясат эркин колдонууга боло тургандай түрдө Интернет түйүнүндө расмий сайтка жайгаштырылат, ошондой эле маалыматты жарыялоонун башка каражаттарына да чыгарылат. Кызматтын ыйгарым укуктуу структуралык түзүлүшү коррупцияга каршы күрөшүү маданиятынын деңгээлин жогорулатууга маалымдоо жана МКК системасынын кызматкерлерин, алардын ушул Саясаттын иш жүзүнө ашырылышы маселелеринде маалымат алуусун колдоп туруу жана коррупцияга каршы иш-чараларды практика жүзүндө колдонуу ыкмаларына жана түрлөрүнө ээ болтуруу максатындасистемалуу окутуу жолу менен көмөк көрсөтөт.

Мониторинг жана көзөмөл

Ички жана тышкы чөйрөнүн ушул Саясатты иш жүзүнө ашыруунун натыйжалуулугуна жана жыйынтыктуулугуна таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон өзгөрүлмөлүүлүгүн көңүлгө алуу менен, Кызматтын Жетекчилиги коррупциянын алдын алуу боюнча колдонууга киргизилген жол-жоболоруна мониторинг жүргүзөт, алардын сакталышын көзөмөлдөйт, ал эми зарыл болгон учурларда аларды кайра карап чыгат жана өркүндөтөт. Кызматтын ыйгарым укуктуу структуралык түзүлүшү мезгил-мезгили менен Кызматтын структуралык жана ведомство алдында түзүлүштөрүнүн МКК системасынын жана анын кызматкерлеринин ишмердигинин ушул Саясаттын принциптерине жана талаптарына жана колдонуудагы коррупцияга каршы мыйзамдардын ченемдерине дал келишин камсыздоо боюнча иштин жыйынтыктары тууралуу отчетторун караштырат. Мониторингдин жыйынтыктары Кызматтын Жетекчилиги менен макулдашылып ММКларга жарыяланышы ыктымал (тартиби жана мезгилдүүлүгү Кызматтын Коомчулук менен байланыш бөлүмү тарабынан аныкталат).

БЕЛЕКТЕР ЖАНА ӨКҮЛЧҮЛҮК ЧЫГАШАЛАРЫ

МКК системасынын жетекчилиги жана кызматкерлери, алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу башка адамдардан жана уюмдардан алышы мүмкүн болгон белектер, анын ичинде иш сапарлары жана кабыл алуулар, бир эле мезгилде төмөнкү критерийлерге шайкеш келип турууга тийиш:

•      Кызматтын ишмердигинин мыйзамдуу максаттары менен тике байланышта болууга;

•      аң-сезимдүү негизделген, өлчөмдөрү келишкен болууга жана байлыктын буюмдары болбоого;

•      кызмат көрсөтүүсү, кыймыл-аракеттенүүсү, аракет кылбай коюушу, көз жумуусу, карап турууусу, укуктарды бергендиги, бүтүм, макулдашуу, чечүү тууралуу белгилүү чечимдерди кабыл алуусуүчүн жашыруун сый акыларды ж.б.у.с. же болбосо аны алуучуга карата башкача мыйзамсыз же этикалуу эмес максаттарда таасир көрсөтүүгө аракет кылууну билдирбеши керек;

•      Кызмат, анын жетекчилиги жана кызматкерлери үчүн белектер жана өкүлчүлүк чыгашалар тууралуу маалымат ачылган учурларда абройдук тобокелдиктерди түзбөөгө;

•      ушул Саясаттын принциптерине жана талаптарына, мамлекеттик кызматкер Кодексине, Кызматтын башка ички ченемдик жана укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбөөгө.

Кызматтын, анын кызматкерлеринин жана өкүлдөрүнүн атынан үчүнчү жактарга накталай түрдө сыяктуу эле, накталай эмес түрдө дагы, анын валютасына көз карандысыз акча түрүндө белек кылууга жол берилбейт.

КАЙРЫМДУУЛУК ИШМЕРДИККЕ КАТЫШУУ ЖАНА ДЕМӨӨРЧҮЛҮК

Кызмат анын социалдык-жоопкерчиликтүү мамлекеттик орган катары имиджин түзүүгө багытталган бирдиктүү кайрымдуулук саясатын жүзөгө ашырат. Кызмат кандайдыр бир коммерциялык артыкчылыктарды алуу максаттарында кайрымдуулук жана демөөрчүлүк долбоорлорду каржылабайт.

 КЫЗМАТКЕРЛЕР МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНИШҮҮ

Кызмат өз кызматкерлеринен ушул Саясаттын сакталышын, аларга тартип бузуулардын негизги принциптери, талаптары жана санкциялары тууралуу маалымат берүү менен, аларды МКК системасынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерине киргизип талап кылат.

Кызматта, Кызматтын жетекчилигине коррупциялык тартип бузуулар фактылары тууралуу коопсуз, жашыруун жана жеткиликтүү маалымдоо каражаттары уюштурулат:

1. ишеним телефону;

2. Кызматтын ыйгарым укуктуу структуралык түзүлүшүнүн кеңеш берүү борбору;

3. Төраганын порталы.

МКК системасынын жаңы кызматкерлери менен коррупцияга каршы маданиятты тийиштүү деңгээлде калыптандыруу үчүн ушул Саясаттын жоболору жана ага байланышкан документтер боюнча киришүү тренинги өткөрүлөт, ал эми иштеп жаткан кызматкерлер үчүн мезгилдүү маалыматтык семинарлар ичтен жана/же дистанциялык формада жүргүзүлөт.

Кызмат атайын (максаттуу) мүнөздөгү тренингдерди өткөрөт. Бул учурда жогорку даражадагы коррупциялык тобокелдиктери бар функцияларды жүзөгө ашырышкан же болбосо белгилүү коррупцияга каршы жол-жоболорго катышышкан айрым бир белгилүү кызматтарды ээлеген кызматкерлерди окутуу жүргүзүлөт. Окутуунун максаты болуп ар бир окуп жаткан адамдын коррупцияга каршы саясатты жана жол-жоболорду практика жүзүндө колдонуунун ыкмалары жана көндүмдөрүнө ээ болушу эсептелет.

Кызматтын кызматкерлери тарабынан ушул Саясаттын принциптерин жана талаптарын сактоосу жогору турган кызмат орундарына жылдыруу үчүн кадрлар резервин калыптандырууда, ошондой эле дисциплинардык жазалоолорду колдонууда эске алынат.

ОРТОМЧУЛАР ЖАНА БАШКА АДАМДАР МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНИШҮҮ

Кызматка жана анын кызматкерлерине ушул Саясаттын принциптерине жана талаптарына же болбосо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы коррупцияга каршы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келип турган кандайдыр бир кыймыл-аракеттерди жасоо үчүн ортомчуларды, өнөктөштөрдү, агенттерди, биргелешкен ишканаларды же башка жактарды тартууга же колдонууга тыюу салынат.

 

ЖЕТИШПЕСТИКТЕР ТУУРАЛУУ МААЛЫМДОО

Каалагандай кызматкер же башка адам өз кыймыл-аракетинин укуктуу мыйзамдуулугунда же Саясаттын максаттарына, принциптерине жана талаптарына шайкештигине шектенүүлөр пайда болгон учурунда, ошондой эле башка кызматкерлердин аракеттеринде, аракеттенбей коюуларында же сунуштарында шектенсе бул тууралуу №8 пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын жардамы менен, же болбосо өзүнүн тике жетекчисине жана/же ыйгарым укуктуу адамга билдире алат, ал, зарыл болгон учурларда, түптөлгөн кырдаалга байланыштуусунуштарды же түшүндүрүүлөрдү берет.

КАЙТАРЫМ ЧАРАЛАРДАН ЖАНА САНЦИЯЛАРДАН БАШ ТАРТУУ

Кызмат бир дагы кызматкер, эгерде ал коррупциянын божомолдонгон фактысы тууралуу билдирген болсо, же эгерде ал параны бергенден же алгандан, коммерциялык сатып алууну жасоодон же болбосо паракордукта ортомчулук кылуудан баш тартса санкцияларга туш кылынбайт (анын ичинде бошотулбайт, кызматынан төмөндөтүлбөйт, сый акысы алынып салынбайт).

ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ

Ушул Саясаттын же ага байланышкан Кызматтын коррупцияга каршы жол-жоболорунун жеткиликтүү натыйжалуу эмес жоболору аныкталган учурларда, же болбосо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптары өзгөртүлгөн учурларда, Кызматтын Жетекчилиги ушул Саясатты жана/же коррупцияга каршы жол-жоболорду кайра карап чыгуу жана өзгөртүү боюнча аракеттер планын иштеп чыгууну жана иш жүзүнө ашырууну уюштурат.

УШУЛ САЯСАТТЫ АТКАРБАЙ КОЙГОНДУГУ (ТИЙИШТҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕ АТКАРБАГАНДЫГЫ) ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК

МКК системасынын жетекчилиги жана кызматкерлери, ээлеген кызматына карабастан, ушул Саясаттын принциптерин жана талаптарын сактабагандыгы үчүн, ошондой эле ушул принциптерди жана талаптарды бузуп жаткан алардын кол алдындагы адамдардын аракеттери (аракеттенбей койгондугу) үчүн Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат. Ушул Саясаттын талаптарын бузууга күнөөлүү болгон адамдар, Кызматтын, укук коргоо органдарынын же башка жактардын демилгеси боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кызмат тууралуу жободо, ички ченемдик жана укуктук актыларда жана эмгек келишимдеринде каралган тартипте жана негиздер боюнча дисциплинардык, административдик, жарандык-укуктук же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

 

 

Өнөктөштөр