Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

КИРИШ СӨЗ
Заманбап дүйнөдө эл аралык жана мамлекеттик деңгээлде бийлик үчүн жана таасир берүү үчүн күрөштүн жүрүшүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) пайдаланбастан ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Маалыматташкан заманбап коомдун негизги өзгөчөлүгү – маалымат, аны жайылтуу жана керектөө заманбап коомдун өнүгүүсүнүн ажырагыс компонентине айлангандыгында.  Мамлекеттин башкаруу тутумуна маалыматтык процесстер чоң таасир тийгизээри талашсыз. Бардык маалыматтык процесстер “маалыматтык технологиялардын, анын ичинен эсептөөчү техникаларды жана маалыматтык процесстерди ишке ашырган  байланыш каражаттарын колдонуу менен маалыматтык технологиялардын жана документтердин массивинин жыйындысы” болуп эсептелген маалыматтык технологиялардын жардамы менен ишке ашырылат. Азыркы учурда маалымат өлчөмдөлүп берилет. Коомчулукка бериле турган билдирүүнү баш-аягы жок макулдашуу маалыматтардын кечигүү менен жана супсак болуп чыгуусуна алып келет. Формалдуу стилдеги  жана маалыматтуулугу начар билдирүүгө журналисттердин кызыгуусу  азаят. Издөө тутумдарынын тасмаларында мындай маалыматтар жаңылык катарында популярдуулугу боюнча төмөнкү катарга жайгашып калат. Натыйжада мамлекеттик орган унчукпай отургандай элес калтырат. “Бир каналдуу” маалыматтык саясат калыптанып калды жана мамлекет менен коомдун ортосунда диалог жүргүзүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жоголуп кетти. Бул маалымат менен таасир берүү талаасын жана мамлекет менен жарандардын ортосундагы өз ара алакаларды кеңейте турган реалдуу кадамдарды жасоо зарылчылыгы бар экендигин айтып турат. Бирок, бул мамлекеттик түзүмдөрдү, ошондой эле алар пайдаланып келген башкаруу усулдарын  жана PR-технологияларды түп-тамырынан бери жаңыртууну талып кылат. Мамлекеттик саясаттагы маалыматтык агымдарды калыптандырууга мамлекеттин таасир бере турган  тутумунун баарын сапаттык жактан өзгөрүү  зарыл. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын  Корпоративдик коммуникация саясаты (мындан ары – Саясат) МКК тутумуна жарандардын ишенимин жаратууга бодлгон биздин аракетибиздин маанилүү аспекти болуп эсептелет. 

 

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

Бул Саясат тышкы кызыкдар тараптар менен күндөлүк иштөөдөгү түйүндүү принциптерди  жана Кызматтын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин жүрүм-турумуна коюлган талаптарды аныктаган Кызматтын башкаруу тутумунун стратегиялык деңгээлдеги  негизги документи болуп эсептелет. Саясат биринчи кезекте түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн максаттарын, жоопкерчиликтерин, ар башка максаттуу топтор менен коммуникациянын эрежелерин аныктайт. Саясат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кызмат жөнүндө Жобого жана Кызматтан башка ченемдик укуктук акыталына ылайык, жалпыга таанылган принциптердин талаптарын жана корпоративдик этиканын ченемдерин эске алуу менен  иштелип чыккан.

САЯСАТТЫН МАКСАТТАРЫ

Ушул Саясаттын негизги максаты - бар болгон жана потенциалдуу кызыкдар тараптарга МКК тутумун  сапаттуу жана туура көрсөтүү. Саясат кызыкдар тараптардын арасында МКК тутумунун иши жөнүндө, жана кызматтын коомуникация тутуму кандайча курулгандагы жөнүндө түшүнүктү жана маалымат алуунун деңгээлин жогорулатууну максат кылат. 

Кызмат өзүнүн алдына төмөнкүдөйкоммуникациянын максаттарын коет:

  • Мамлекеттик бийлик органдарынын иши жөнүндө маалыматтардын ачыктыгын жогорулатуу. Маалыматка жетүү жана кабыл алынып жаткан чечимдерди калыптандыруу жана экспертизадан өткөрүү процедураларына жарандардын, уюмдардын жана жарандык коомдун институттарынын түздөн-түз катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.
  • Кызматтын жетекчилигинин жана Кызматтын тутумундагы кызматкерлердин катышуусу менен ыктымалдуу коррупциялык схемалар үчүн тобокелдикти минималдаштыруу;
  • Коомдо, МКК тутумунун кызматкерлеринде бирдей түшүнүктү аныктоо.
  • МКК тутумунун жетекчилигине жана кызматкерлерине  ушул Саясаттын принциптерин жана талаптарын билүү жана сактоо милдеттерин бекитүү.

Коммуникация үчүн түйүндүү сөздөр:

Саясат күндөлүк коммуникация үчүн жүрүм-турумдун жана эрежелер менен стандарттарды куруунун тартибин аныктайт.  Түйүндүү сөздөр төмөнкүлөр:

  • Коррективдүүлүк – уюмдун корпоративдик маданиятын калыптандыруу:
  • Проактивдүүлүк- чыгармачыл жамааттык потенциалды өнүктүрүү:
  • Өз убагында–маалымат берүү жана Кызматтын, анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызмачылары тарабынан Кызматтын миссиясын, анан баалуулуктарын, күндөлүк милдеттерин, өзгөрүүлөрүн жана өнүгүү пландарын бирдей түшүнүү;
  • Өзгөрүлбөстүк –Кызматтын корпоративдик кодексине жана этикасына ылайык, жүрүм-турумдун бирдиктүү стандарттарын жайылтуу, Кызматтан кызматкерлери тарабынан жетекчиликтин саясатын, иштиктүү стратегиясын, өнүгүү пландарын позитивдүү кабыл алуу:
  • Туруктуулук–Кызматтын пландалган максаттарына жетүү, капиталды өстүрүү жана бренд калыптандыруу.

 

КОЛДОНУУ ЧӨЙРӨСҮ ЖАНА МИЛДЕТТЕР

МКК тутумунун бардык кызматкерлери жана жетекчилери ушул Саясатты жетекчиликке алууга жана анын принциптери менен талаптарын баш тартуусуз аткарууга милдеттүү. Кызматтын жетекчилиги ушул Саясаттын принциптерин жана талаптарын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын баарын, анын ичинен коррупцияга каршы жол-жоболорду иштеп чыгуу, аларды жайылтуу, анын ичинен МККнын ведомстволук бөлүнүштөрүнө киргизүү үчүн жооптуу кызмат адамдарын дайындоону уюштуруу үчүн жоопкерчиликтүү болушат. 

КОММУНИКАЦИЯНЫН ПРИНЦИПТЕРИ:

Негизги принциптер:

  • Борборлоштуруу принциби – Коомчулукка арналган, массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтыла турган ММК жана анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн иши тууралуу каалаган маалыматты берүү МККнын Коомчулук менен байланышуу бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.

 

Ушул эле принцип МККнын www.grs.gov.kg  расмий сайтына дагы тиешелүү, башкача айтканда, МККнын жана анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн иши тууралуу маалыматтардын баары интернет мейкиндигинде бирдиктүү стилде жана расмий сайт аркылуу чагылдырылат. Өзүнчө интернет-ресурстарды түзүү зарылчылыгы болгон учурда ал ресурстар расмий сайт менен интеграциялануусу керек.

  • Ыкчамдык принциби – суралган маалыматтардын баары тез жана сапаттуу берилүүсү  керек. Пландалган иш-чаралар жөнүндө маалымат алдын ала берилүүсү керек.
  • Биримдик принциби – маалымат алып жүрүүчүлөр (бренд, лого, слоган, кызматкерлердин формасы, маалымат такталары, буклеттер, сайт, кызмат адамдарынын чыгып сүйлөөлөрү) бирдиктүү позицияда, стилде жана мааниде болуусу керек.
  • Ачыктык принциби – коомдук маанидеги маалыматтардын баары жеткиликтүү, майнаптуу усулдар, ыкмалар, каналдар: (жеке билдирүү, интернет ресурстары, телефон, пресс-релиздер, чыгып сүйлөөлөр, комментарийлер, интервьюлар аркылуу) калкка  жеткирилүүсү керек.

Кызматтын иши тууралуу жалпы маалымат, анын ичинен финансылык маалымат

ММКларда чыгып сүйлөөгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары: МККнын расмий позициясы “Регламентке” ылайык ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан массалык маалымат каражаттарында жарыялануусу керек.

 Аналитикалык

Түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөр өздөрүнүн иш чөйрөсүнүн алкагында толук кандуу аналитикалык материалдарды түзүү үчүн жылдык, кварталдык, ар айлык отчетторго, зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин дайындарына жана башка расмий булактарга таянуу менен аналитикалык материалдарды даярдоосу керек. Аналитикалык материал расмий статистикалык дайындар, фактылар, ошондой эле автор экендиги документте көрсөтүлө турган жана массалык маалымат каражаттарына жарыялоодо сактала турган адистин жеке пикири жана байкоосу чагылдырылган чыгармачылык иштин жыйынтыгы болуп эсептелет.

Пресс-релиздер

Пресс-релиз – бул ММКларда жарыялоого арналган, МККнын жана анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн ишине тиешелүү коомдук маанилүү жаңылыкты камтыган расмий маалыматтык билдирүү. Пресс-релиздерди “Регламентте” каралган тартипке ылайык Кызматтын жана анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан берилген маалыматтардын негизинде Кызматтын Коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкерлери даярдайт.

Кызматтын көрсөткөн кызматтары жөнүндө маалымат

Кызматтын көрсөткөн кызматтары жөнүндө маалымат – бул расмий, белгиленген прейскуранттарды көрсөтүү менен Кызматтын жана анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрү тарабынан көрсөтүлө турган кызматтардын тизмеги камтылган маалымат. Кызматтар жөнүндө маалымат бардык эффективдүү усулдар, ыкмалар, каналдар: (жеке билдирүү, интернет ресурстары, телефон, пресс-релиздер, чыгып сүйлөөлөр, комментарийлер, интервьюлар аркылуу) калкка максималдуу жеткиликтүү болуусу керек. 

Имиштер

Имиштер  бул массалык маалымат каражаттарына жарыяланган жана чындыкка дал келбеген расмий эмес маалымат, ушуга байланыштуу бурмалоо, Кызматтын жана жетекчилердин ичик имиджин негативдештирүү жүрөт.

Коммуникациянын тили

Мамлекеттик жана расмий (кыргызжана орус тилдери).

«Унчукпоо» мезгилдери

“Унчукпоо” мезгилдери Кызматтын жетекчилиги тарабынан белгиленет. Бул мезгилде форс-мажор жагдайларга же ачыктоого болбой турган жагдайларга жана КР мыйзамдарына каршы келген жагдайларга байланыштуу, Кызмат үчүн пайдалуу гана маалыматтар берилет. Маалыматтардын баары Коомчулук менен байланышуу бөлүмү менен макулдашылат.

 ЧЕКТӨӨЛӨР ЖАНА КОНФИДЕНЦИАЛДУУЛУК

Кызматтын кызматкерлеринин ММКлар менен өз ара мамилелеринин баары “Регламентте” жазылган.

КРИЗИСТИК КОММУНИКАЦИЯ ТУТУМУ

Кризистик жагдайда коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн өкүлдөрү мындай жагдайдын алдын алуу процессинде, ошондой эле анын кесепеттерин жоюунун жүрүшүндө түйүндүү фигуралардан болуп эсептелет.

Кризистик PR план уюмдун кризистик планынын курамдык бөлүгү болуусу керек жана ага төмөнкү элементтер кириши мүмкүн:

  1. Стратегияныжана тактиканы иштеп чыгуу–Кызматтын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн, юристтеринин, жетекчилигинин жана башка тиешелүү түзүмдөрдүн биргелешкен иши. Алдыда турган PR-кампаниянын максаттуу аудиториясын аныктоо. Бул учурда төмөнкүлөрдү унутпоо зарыл:
    • коомдук пикирге таасир берүү – бул олуттуу ресурстарды талап кылган, узакка созулуучу процесс;
    • бирок, калыптанып калган коомдук пикирди өзгөртүү андан дагы кыйыныраак;
    • жагдайдын оор экенин түшүнүү чыгармачылык процессти токтотпоосу керек.
  1. Аналитикалык иш, коомдук пикирди изилдөө– ачык булактарды талдоо, коомдук пикирди иликтөөнү жүргүзүү, эксперттерди сурамжылоо, каршы тараптын реалдуу оюнчуларын аныктоо. Дайыма баалоо жүргүзүү, ошондой эле максаттарга жана күндөлүк жагдайга жараша стратегияны корректировкалоо.
  2. Түйүндүү билдирүүлөрдү иштеп чыгуу–компаниянын стандарттуу түйүндүү билдирүүлөрүн юридикалык аспекттерге адаптациялоо.

УШУЛ САЯСАТТЫ АТКАРБАГАНДЫГЫ (ТАТЫКТУУ ЭМЕС АТКАРГАНДЫГЫ)  ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК

Ээлеген кызмат ордуна карабастан, МККнын жетекчилиги жана кызматкерлери ушул Саясаттын принциптеринин жана талаптарынын сакталуусу, ошондой эле аларга баш ийген адамдардын бул принциптерди жана талаптарды бузган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти көтөрүшөт. 

Ушул саясаттын талаптарын бузууга күнөлүү жактар Кызматтын, укук коргоо органдарынын жана башка жактардын демилгеси боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кызмат жөнүндө Жободо, ички ченемдик укуктук актыларда жана эмгек келишимдеринде каралган негиздерде дисциплинардык, административдик, жарандык-укуктук же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. 

 

Өнөктөштөр