Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

Автоматташтырылган маалыматтык система

Маалыматты сактоо, берүү жана иштеп чыгууга байланышкан ишмердикти автоматташтырууга арналган программалык-аппараттык  каражаттардын топтому

Маалымат системасы

бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын персоналдык маалыматтарын топтоо, иштеп чыгуу, сактоо жана коргоо үчүн программалык камсыздоонун жана техникалык каражаттардын комплекси

Маалыматтар базасы

аларды манипуляциялоону маалыматтарды моделдештирүү каражаттарынын эрежелерине ылайык аткарыша турган маалыматтар схемасына ылайык сактала турган маалыматтар жыйнагы

Калктын бирдиктүү  мамлекеттик реестри

Кыргыз Республикасынын жарандарын бирдиктүү автоматташтырылган  персонификацияланган системасы

Калктын реестри

Кыргыз Республикасынын бирдиктүү автоматташтырылган персонификацияланган эсепке алуу системасы. Калктын реестри Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап турушкан жана каттоонун объекти болуп саналган жарандыгы жок адамдар тууралуу, миграциянын масштабы жана багыты тууралуу маалыматтарды топтоо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоого алууга, ошондой эле ушул  маалыматты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү үз алдынча башкаруу органдарына, башка юридикалык жана жеке адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө арналган.

Биометрикалык маалыматтар

алардын негизинде анын инсандыгын аныктоого мүмкүн боло турган биометрикалыкмаалыматтардын субъектинин физиологиялык жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн маалыматтар.

Биометрикалык каттоо

КыргызРеспубликасынын аймагында жана анын аймагынан сырткары жашап турган КыргызРеспубликасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо жол-жоболору

Биометрикалык маалыматтардын субъекти

КыргызРеспубликасынын аймагында жана анын аймагынан сырткары жашап турган КыргызРеспубликасынын жараны.

Персоналдык мүнөздөгү маалымат (персоналдык маалыматтар)

конкреттүүадам тууралуу материалдык алып жүрүүчүдө конкреттүү адам менен окшоштурулган же болбосо ушул адамды тике же кыйыр түрдө анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык окшоштугу үчүн мүнөздүү болгон бир же бир нече факторлорго шилтеме жасоонун жардамы менен идентификациялоого шарт түзө турган катталып коюлган маалымат.

Персоналдык маалыматтарга биографиялык жана таанып-билүүчүлүк, жекече мүнөздөмөлөр, үй-бүлөлүк абалы, финансылык абалы, ден соолугунун абалы жана башка ушуга окшоштор тууралуу маалыматтар кирет.

Персоналдык идентификациялоо номери

Социалдык камсыздоо органы тарабынан жеке адамга ыйгарыла турган жана ушул адамга анын бүткүл өмүрүндө тиешелүү болуп сактала турган жекече номер

ЭСК – электрондук санариптик кол тамга

ЭСКнын жабык ачкычын колдонуу менен баштапкы маалыматты өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында алынган символдордун удаалаштыгы, ал ЭСКнын ачык ачкычынын колдонуучусуна ушул маалыматтын бүтүндүгүн жана өзгөртүлбөгөндүгүн, ошондой эле ЭСКнын жабык ачкычынын ээсин аныктоого шарт түзөт. 

Жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы

КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдардын актыларын мамлекеттик каттоонун негизги процесстерин автоматташтырууну камсыздай турган маалыматтык система

ДКМС

Даректик каттоо маалыматтык системасы

Өнөктөштөр