Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 токтому менен түзүлгөн. МККнын негизги милдеттери төмөнкүлөр:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык ресурстарын түзүү, каттоо, калыптандыруу, тейлөө жана интеграциялоо;  
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү менен заманбап маалыматтык технологиялардын базасында мамлекеттик башкаруу тутумун өнүктүрүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын архив ишин башкаруу; 

- автомото унаа каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдочулук курамды, калкты, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө болгон укуктар менен чектөөлөрдү каттоо тутумун уюштуруу, мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү; 

- мамлекеттик маанидеги жекелештирилген документтерди, ошондой эле өздүгүн тастыктаган документтерди даярдоо, каттоо, эсепке алуу жана берүү тутумун уюштуруу; 
- жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоону камсыздоо.  

 

Уюмдун башкаруу тутумунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн талаптары менен күтүүлөрүн максималдуу канааттандыруу, ошондой эле коррупция менен күрөшүү боюнча иштиктүү чараларды ишке ашыруу максатында Кызматын жетекчилиги ИСО 9001:2008 эл аралык стандарты боюнча сапаттык менеджмент тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жөнүндө стратегиялык чечим кабыл алды. Жетекчилик кызматтын башкаруу тутумун жумушчу абалда кармап туруу жана ишин туруктуу жакшыртуу максатында ага талдоо жүргүзүүгө жана эффективдүүлүгүн туруктуу негизде жакшыртууга милдеттенет. 

Сапат чөйрөсүндөгү бул Саясат Кыргыз Республикасынын жарандарына, ишкер коомдоштуктарына жана мамлекеттик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каттоо кызматтарын көрсөтүүнүн сапат чөйрөсүндөгү максаттарга жетүүдөгү негизги милдеттенмелерди жана иш багыттарын аныктайт. 

 

Кызматтын өнүктүрүү стратегиясы2017:

Стратегиялык максат:

Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестри автоматташтырылган маалыматтык тутумун киргизүү жана биометриялык технологияларды колдонуу менен калкты жаңы муундагы документтер менен камсыздоо.

Стратегиялык милдеттер 2017:

- каттоо жана маалымат алмашуу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жоорулатуу. Каттоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү жана кызматтарды көрсөтүүнүн мөөнөттөрүн кыскартуу жолу менен жарандарга жана уюмдарга көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жорулатуу. Аларды алууга байланыштуу мамлекеттин чыгымдарын азайтуу;

- мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтардын ачыктыгын жогорулатуу. Ага жетүү мүмкүнчүлүгүн жана кабыл алына турган чечимдерди калыптандырууга жана экспертиза өткөрүүгө жарандардын, уюмдардын жана жарандык коомдун институтарынын түздөн-түз катышуусун    кеңейтүү. Мүмкүн болуучу коррупциялык схемалар үчүн жолдорду жоюу жана мамлекеттик каттоо тутумундагы коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү;

- Каттоо ресурстарын бириктирүү жана заманбап маалыматтык технологиялардын базасында бирдиктүү маалыматтык тутумду түзүү. Маалымат алмашуунун бирдиктүү форматтарынын, сандарттарынын жана протоколдорунун негизинде ведомстволук маалымат тутумдарын интеграциялоо.    

Стратегиялык көз караш:

МКТ колдонуу боюнча, башкаруу тутумунун эффективдүүлүгү, ачыктыгы жана тунуктугу жана кардарлардынын канааттануусу боюнча Мамлекеттик органдардын арасындагы лидер.  Тез өнүгүп жаткан маалыматтык коомдо өзүнүн татыктуу ордун ээлөө жана Кыргыз Республикасынын Электрондук Өкмөтүнүн негиздерин түзүү.  Кадрдык потенциалдын үзгүлтүксүз өсүүсүн камсыздаган кадыр-барктуу дана инновациялык мекеме катары калыптануу,  жогорку социалдык жоопкерчилиги бар ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу. 

Миссиясы:

Кыргыз Республикасынын жарандары менен уюмдары үчүн жөнөкөй, ыңгайлуу жана жеткиликтүү – заманбап жана эффективдүү мамлекеттик каттоо тутумун калыптандыруу. Жаңы тутум инновациялык технологиялардын базасына жана бирдиктүү стандарттарга негизделип, жалпы дүйнөлүк тенденциялардын өзгөрүүлөрүнө ийкемдүү реакция кылып, мамлекеттин жана коомдун күтүүлөрүнө жооп берүүсү керек. 

Корпоративдик баалуулуктар:

Чынчылдык жана ачыктык – Кызматтын ичиндеги маани биздин кызматкерлер ээ болгон адамдык жана жарандык сапаттардын көрсөткүчтөрү болуп эсептелет;

Ынтымак жана биримдик (командалык дух);

Жогоркуморалдыкжана кесипкөй этика, жеке менчикке жана жеке жашоого болгон укуктарды урматтоо;

Үзгүлтүксүз жакшыруу – инновациялык МКТ чечимдерди изилдөө, иштеп чыгуу жана киргизүү, илимий-практикалык конференцияларга жана семинарларга катышуу;

- Демилгечилдикжана креативдүүлүк;

Лоялдуулук и патриотизм;

- Кесипкөйлүк. Натыйжалуулук. Эмгекти сүйүү. Оптимизм

Кызматтын жогоруда көрсөтүлгөн стратегиялык максаттарына жетүү максатында, Кызматтын жетекчилиги жана кызматкерлери жогоруда берилген корпоративдик баалуулуктарды сактоо үчүн жана төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алат:

- Эл аралык сапат менеджментинин стандарттарына ылайык,  биздин кардарлардын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган, процесстик ыкмага негизделген эффективдүү башкаруу тутумун куруу;

- каттоо кызматтарынын сапатын үзгүлтүксүз жакшыртууну камсыздаган көйгөйлөрдү эффективдүү аныктоого жана аларды чечүүгө өбөлгө түзгөн жагымдуу жумуш жагдайын түзүүнүн үстүнөн бирдиктүү команда болуп иштөө;

- Кызматтын башкаруу тутумунун ачыктыгын жана тунуктугун сактоо; 

- Билимдин жана кесипкөй квалификациянын деңгээлин үзгүлтүсүз жогорулатуу, өркүндөтүү жана өзгөрүүлөргө тез адаптациялоо; 

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык маалыматтардын коопсуздугун жана корголуусун камсыздоо;

- Кардарлардын керектөөлөрүн дайыма изилдөө жана каттоо кызматтарынын сапатын жогорулатуу. 

Өнөктөштөр