Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 06/03/2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлөөгө

ички жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс жарыялайт:

 

“Унаа” мамлекеттик мекеме

 

Директорунун орун басары Г-А (2 шт. бирдик)

 

1) Кесиптик билим деңгээли:

- экономика, юриспруденция, менеджмент жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча жогорку билим.

 

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3) Кесиптик компетенциялары:

- “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери”;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген “Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартиби”;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген “Жол кыймылынын эрежелери”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтому менен бекитилген “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелери”;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтому менен бекитилген “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери”;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы  № 599 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо;
- адам ресурстарын башкаруу жагында;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Ыктуулугу:

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүү ыкмаларын талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
  • башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин эффективдүү пландоо;
  • ведомстволор аралык өз ара байланыш;
  •  

Көндүмдөрү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, кол алдындагыларга мамлекеттик органдын жетекчилигинин максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);

- маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, коомдун алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү”;

  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продукттар менен иштей билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • айдоочулуу күбөлүгү;
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуулук даража же окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү);
  • сунуштама каттар  (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча).

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди   2019-жылдын 13-мартына чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө  чейин, КРӨ МККнын адам өнүктүрүү бөлүмүнө, № 208 бөлмөгө берүү керек, телефону: 30-10-98.

Өнөктөштөр