Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 15/04/2019

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлөөгө

ички жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс жарыялайт:

 

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

 

Кочкор райондук паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы

 

1) Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча жогорку билим.

 

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Ички миграция жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамасы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2017-жылдын 3-апрели № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрели № 197 токтому менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо.

Ыктуулугу:

  • түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүү ыкмаларын талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
  • башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

Көндүмдөрү:

- иш бөлүштүрүү, пландаштыруу жана башкаруу;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- көзөмөлдөө көндүмдөрү жана башкалардын иш-чараларын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, коомдун алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү;

  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продукттар менен иштей билүү.

 

 

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуулук даража же окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү);
  • сунуштама каттар  (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча).

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди   2019-жылдын 19-апрелине чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө  чейин, КРӨ МККнын адам өнүктүрүү бөлүмүнө, № 208 бөлмөгө берүү керек, телефону: 30-10-98.

 

Өнөктөштөр