Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 555 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 14/05/2019

        

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫНЫН АЛДЫНДАГЫ КАЛКТЫ ЖАНА ЖАРАНДЫК АБАЛДЫН АКТЫЛАРЫН КАТТОО ДЕПАРТАМЕНТИ

 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик жарандык бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт:

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына

квалификациялык талаптар  

 

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

 

Башкы жана улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн:

1. Билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси;

-   мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүү.

- компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продуктулар менен иштей билүү.

 

Кичи административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси.

- мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды билүү.

 

            Ченемдик укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси С-Б (1 бирдик)

  1) Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекси.

Ыктуулугу:

            - жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

            - маалымат топтоо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

            - стратегиялык жана аналитикалык документтерди даярдоо;

            - тийиштүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

            - бөлүмдүн алдына коюлган маселелерди чечүүдө демилге көтөрүү;

            - стратегиялык жана концептуалдык милдеттерди аткаруу индикаторлорун жана критерийлерин сапаттуу аныктоо;

            - кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

            - иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

            - эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

            Көндүмдөрү:

            - ишти пландоо;

            - натыйжалуу угуу;

            - мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

            - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

            - башкаруучулук чечимдерди оперативдүү ишке ашыруу;

- маалыматтар базасы менен иштөө;

- презентацияларды даярдоо;

            - кызматтык убакытты үнөмдүү пайдалануу;

            - компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продуктулар менен иштей билүү.  

     

Кочкор райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн адиси М-Б (1 шт. бирдик)

1) Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажы талап кылынбайт;

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, “Балдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодекси;

- “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирип эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому.

            Ыктуулугу:

            - жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

            - документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

            - тийиштүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

            - кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

            -министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБОнун кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;

            - ЧУАга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;

            - жарандардын жана түзүмдүк, ведомстволук бөлүнүштөрдүн кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо.

  • :

-

- ишти пландоо;

-

-

             - маалыматтар базасы менен иштөө;

- презентацияларды даярдоо;

            - кызмат убактысын үнөмдүү пайдалануу;

            - компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды билүү.  

     

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: 

 

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, фотосүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- зарыл кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлүндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу, квалификацясын жогорулатуу тууралуу, илимий даражасын же илимий наамды ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү);

 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге конкурска катышууга жол берилбейт.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди 2019-жылдын 14-майынан 27-майына, саат 18:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмүнө тапшыруу зарыл, дареги: Бишкек ш., Киев көчөсү, № 6 иш бөлмөсү, телефон: (0312) 43-46-76.

 

Толук маалымат www.grs.gov.kg, www.mkk.gov.kg сайттарында жайгаштырылган.

 

 

 

Өнөктөштөр