Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 21/05/2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт:

Бардык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар милдеттүү:

Билүү зарыл: 

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
  • “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  •  “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • Маалымат алууга кепилдиктер жана эркиндик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  •  “Жарандардын кайрылууларын карап чыгуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин этикасынын негиздери жөнүндө Жобону;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобону;
  • Кыргыз Республикасында башкарууну документтик камсыздоо боюнча (иш кагаздарын жүргүзүү) Типтүү нускаманы;
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук;
  • Демилгелүүлүк, командада иштей алуу, жоопкерчилик;
  • Иштиктүү кат алышууларды ишке ашыра билүү.

Борбордук аппарат

 

            Уюштуруучулук камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү

            • Башчы – (1 бирдик)

            Квалификациялык талаптар:

            - экономика жана юриспруденция жаатындагы жогорку кесиптик билим же болбосо бул кызматтагы функционалдык багыттарга ылайык келген чөйрөдө беш жылдан кем эмес иш стажы болгондо каалаган профилдеги жогорку билим;

            - мамлекеттик сатып алуулар боюнча курстардан өткөндүгү жөнүндөгү Сертификаттын болушу милдеттүү;

            - улук кызмат орундарындагы мамлекеттик кызмат стажы үч жылдан кем эмес же адистиги боюнча стажы беш жылдан кем эмес;

            - жетекчилик иште үч жылдан кем эмес тажрыйба колдоого алынат;

            - “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы № 398 “Чектелбеген, чектелген тоорук жана эки этаптуу тоорук ыкмасы менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга стандарттуу тендердик документтерди жана Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга сатып алуулар жол-жобосунун протоколунун формасын бекитүү тууралуу” токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 “Сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссия жөнүндө жобону, тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун, сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыялоонун үлгүлөрүн жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын тизмесин бекитүү тууралуу” токтомун билүү;

            - адамдык ресурстарды башкаруу жаатында;

            - мамлекеттик жана расмий тилдерин жазуу жана оозеки түрдө;

            Ыктуулугу:

            - иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

            - талдоо жүргүзүү, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жана түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилелерди интеграциялоо;

            - башкаруучу чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;

            - кызыкчылыктар кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

            - коюлган маселелерди чечүү үчүн жаңычыл мамилелерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн издөө;

            - өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

            - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

            Көндүмдөр:

            - аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

            - түзүмдүк бөлүнүштү башкаруу (кол алдындагылардын арасында тапшырмаларды үнөмдүү бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана ой-пикирлерин өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын издөө);

            - маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

            - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

            - кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу;

            - натыйжалуу өз ара мамилелерди куруу, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдына чыгууларды өткөрүү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;

            - компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык азыктарды билүү.

            Функционалдык милдеттер

            - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

            - тендердик тооруктардын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыздоо;

            - кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

            - ички иш тартибинин белгиленген эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

            - кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин колдоо;

            - ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

            - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тендердик тооруктардын катышуучуларынын кайрылууларын карап чыгуу жана консультация берүү;

            - отчетторду түзүү;

            - өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-усулдук материалдарды түзүү;

            - кол алдындагыларда өздүк кызыкчылыктын пайда болушун алдын алуу боюнча чара көрүү;

            - жетекчилерге баш ийүү тартибинде Жетекчиликтин, алардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

            - келишим боюнча жеткирип берүү мөөнөттөрүн контролдоо, тендердик документтерди иштеп чыгууга катышуу жана мамлекеттик сатып алуулар планы боюнча мониторинг жана талдоо жүргүзүү.

 

Ведомстволук бөлүнүштөр

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

 

            • Директордун орун басары (жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча иштерди, документтерди жана паспортторду автоматташтырып иштеп чыгуу боюнча иштерди уюштуруу) – (1 бирдик)

            Квалификациялык талаптар

  • жогорку юридикалык билим;

            - улук кызмат орундарындагы мамлекеттик кызмат стажы үч жылдан кем эмес же адистиги боюнча стажы беш жылдан кем эмес;

            - жетекчилик иште үч жылдан кем эмес тажрыйба колдоого алынат;

            - Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексин, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодексин, “Балдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексин, Кыргыз Республикасынын 21.05.2007-жылдагы “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, 15.08.2007-жылдагы “ Мамлекеттик алым жөнүндө”, 14.04.2008-жылдагы № 59 “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2011-жылдын 21-июлундагы  № 149 тескемеси менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо тартиби жөнүндө” Нускамасын билүү;

            - мамлекеттик жана расмий тилдерин жазуу жана оозеки түрдө билүү;

            - жарандык абалдын актыларын каттоо тутумундагы иш тажрыйба артыкчылык катары эсептелет.

            Ыктуулугу:

            - түзүмдүк бөлүнүштөрдүн ишине талдоо жүргүзүү, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо;

            - башкаруучу чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;

            - кызыкчылыктар кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

            Көндүмдөр:

            - ишти бөлүштүрүү, пландоо, башкаруу;

            - аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

            - маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

            - иштин натыйжалуулугун контролдоону жана баалоону жүргүзүү;

            - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

            - натыйжалуу өз ара мамилелерди куруу, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдына чыгууларды өткөрүү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү.

 

Юридикалык жана кадр иштер бөлүмү

            • Бөлүмдүн начальниги – (1 бирдик)

            Квалификациялык талаптар:

            - жогорку юридикалык билим, мамлекеттик/муниципалдык башкаруу же адамдык ресурстарды башкаруу;

            - улук кызмат орундарындагы мамлекеттик кызмат стажы үч жылдан кем эмес же адистиги боюнча стажы беш жылдан кем эмес;

            - жетекчилик иште үч жылдан кем эмес тажрыйба колдоого алынат;

            - Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексин, “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексин, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 токтому менен бекитилген Жобону, 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 “Мамлекеттик кызматкерлерге класстык чен ыйгаруу тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү тартиби жөнүндө”, 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сылыктары жөнүндө” жоболорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын бош административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүү жөнүндө” токтомун билүү;

            - мамлекеттик жана расмий тилдерин жазуу жана оозеки түрдө билүү;

            - консультативдик иштерди өткөрүү тажрыйбасы;

            - жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуулары жана суроо-талаптары менен иштөө тажрыйбасы.

            Ыктуулугу:

            - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;

            - документтерге экспертиза жана талдоо жүргүзүү;

            - башкаруучу чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;

            - кызыкчылыктар кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

            - комиссиялардын, жумушчу топтордун ишине катышуу.

            Көндүмдөр:

            - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

            - кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу;

            - натыйжалуу өз ара мамилелерди куруу, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдына чыгууларды өткөрүү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл:

      - жеке арыз, кадрлардын эсебин алуу боюнча өздүк баракчасы, резюме, өмүр баяны, фотосүрөтү (3х4) - 2 даана (кызыл фондо); 

      - паспорттун же адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (сынакка келгенде паспорттун же адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн документтин түп нускалары көрсөтүлөт);

      - зарыл кесиптик билимин (диплому), иш стажын жана квалификациясын  ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө,  илимий даража жана илимий наам ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш);

      - соттуулугу жоктугу жөнүндө КР ИИМдин Маалыматтык борборунан маалымкат (форма 248);

      - иштеген жеринен сунуштамалар (колдоого алынат).

Сынакка катышуу үчүн көктөмөгө тиркелген документтерди  жеке өзүңүз же конвертке «Сынакка» деп жазуу менен почта аркылуу 2015-жылдын 1-июнуна саат 18.00гѳ чейин 720040, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү 44 дарегине жибериңиздер, кабинет № 208, телефон  30-10-98.

 Кеңири маалымат www.mkk.gov.kg.сайтында жайгаштырылган.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өнөктөштөр