Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 02/06/2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына алууга конкурс жарыялайт:

 

Бардык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар милдеттүү:

 

Билүү зарыл: 

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  •  “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Маалымат алууга кепилдиктер жана эркиндик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  •  “Жарандардын кайрылууларын карап чыгуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин этикасынын негиздери жөнүндө Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобо;
  • Кыргыз Республикасында башкарууну документтик камсыздоо боюнча (иш кагаздарын жүргүзүү) Типтүү нускама;
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук;
  • Демилгелүүлүк, командада иштей алуу, жоопкерчилик;
  • Иштиктүү кат алышууларды ишке ашыра билүү.

Борбордук аппарат

 

 Калкты документтештирүү жана архивдик иш башкармалыгы

Начальник (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

- жогорку юридикалык же жогорку экономикалык билим;

            - улук кызмат орундарындагы мамлекеттик кызмат стажы үч жылдан кем эмес же адистиги боюнча стажы беш жылдан кем эмес;

            - жетекчилик иште үч жылдан кем эмес тажрыйба колдоого алынат;

            - Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, 1999-жылдын 8-сентябрындагы № 107 “Маалыматташтыруу жөнүндө”, 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 “Сырткы миграция жөнүндө”, 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 “Ички миграция жөнүндө”, 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, 1999-жылдын 22-ноябрындагы № 125 “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы ПЖ № 11 “2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшү жана үлгүсүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу”, 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 “Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун жолжоболоштуруу, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомдорун билүү.

            Ыктуулугу:

            - келечектеги милдеттерди аныктоо жана Башкармалыктын иш пландарын иштеп чыгуу;

            - калкты документтештирүү жана архивдик иш чөйрөсүндө Башкармалыктын алдына коюлган маселелерди чечүүдө демилге көтөрүү;

            - өзүнүн ишин жана Башкармалыктын ишин натыйжалуу пландаштыруу;

            - Башкармалыкта кол алдындагылар ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү;

            - калкты документтештирүү жана архивдик иш чөйрөсүндө Кызматтын жетекчилиги үчүн аналитикалык, маалыматтык материалдарды жана сунуштарды даярдоо;

            - калкты документтештирүү жана архивдик иш чөйрөсүндө Кызматтын төрагасынын буйруктарын жана тапшырмаларын Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн аткаруу мониторинги;

            - калкты документтештирүү жана архивдик иш чөйрөсүндө Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрү менен Кызматтын жетекчилигинин өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;

            - калкты документтештирүү жана архивдик иш чөйрөсүндө Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана алардын аймактык органдарынын ишин жакшыртууга тийиштүү, ошондой эле Башкармалыктын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча ченемдик жана укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;

            - Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

            - кураторлук кылган багыт боюнча калктын арыздарын, даттанууларын кароо;

            - документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду даярдоо.

            Көндүмдөр:

            - жамаатты башкаруу тажрыйбасы жана көндүмдөрү;

            - уюштуруучулук жөндөмдүн болушу;

            - Башкармалыктын ишин контролдоо;

            - калкты документтештирүү жана архивдик иш чөйрөсүндө Кызматты өнүктүрүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана сунуштарды баалоо;

            - түзүмдүк бөлүнүштү башкаруу (мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз-караштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн ыкмаларын издөө);

            - маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

            - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

            - натыйжалуу өз ара мамилелерди куруу, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдына чыгууларды өткөрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү, кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу;

            - мамлекеттик органдар менен мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышууларды жүргүзүүнү билүү.

            Функционалдык милдеттер

            - Кызматтын Калкты документтештирүү жана архивдик иш башкармалыгынын артыкчылыктуу милдеттерин аныктоо жана иш пландарын иштеп чыгуу;

            - өзүнүн ишин жана Башкармалыктын ишин натыйжалуу пландаштыруу;

            - Башкармалыкта кол алдындагылар ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү;

            - зарылдыгына карата калкты документтештирүү жана архивдик иш чөйрөсүндө Кызматтын жетекчилиги үчүн аналитикалык, маалыматтык материалдарды жана сунуштарды даярдоону жүргүзүү;

            - калкты документтештирүү жана архивдик иш чөйрөсүндө Кызматтын төрагасынын буйруктарын жана тапшырмаларын Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн аткаруу мониторингин жүргүзүү;

            - калкты документтештирүү жана архивдик иш чөйрөсүндө Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрү менен Кызматтын жетекчилигинин өз ара аракеттенүүсүн камсыздоону жүргүзүү;

            - зарылдыгына карата калкты документтештирүү жана архивдик иш чөйрөсүндө Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана алардын аймактык органдарынын ишин жакшыртууга тийиштүү, ошондой эле Башкармалыктын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча ченемдик жана укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;

            - Жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, Архив агенттиги, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы жана алардын аймактык органдары менен мамлекеттик кадр саясатына катышуу жана камсыздоо;

            - Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

            - Кызмат жөнүндө жобо, Кызматтын Регламенти жана бул Жобо менен каралган укуктарды ишке ашыруу;

            - Башкармалыктын ишин пландайт жана уюштурат;

            - Башкармалыктын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;

            - функционалдык милдеттерин тийиштүү аткаргандыгы боюнча Башкармалыктын кызматкерлеринин ишин ай сайын баалайт;

            - компетенциясынын чегинде Башкармалыктын кызматтык документтерине кол коет;

            - Башкармалыктын кызматкерлерин сыйлоо, аларга тартиптик жаза көрүү жөнүндө сунуш киргизет.

 

Маалыматтык технологиялар жана модернизация бөлүмү

· Башкы адис - (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

- жогорку билим (техникалык, математикалык, маалыматтык технологиялар, автоматташтырылган башкаруу тутумдары, телекоммуникациялар же байланыш жаатындагы жогорку билимге артыкчылык берилет);

- мамлекеттик кызматтын кенже кызматтарындагы бир жылдан кем эмес стажы жана адистиги боюнча үч жылдан кем эмес иш стажы.

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, 2008-жылдын 14-апрелиндеги  № 58 “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, 2004-жылдын 17-июлундагы  № 92 “Электрондук документ жана электрондук сан арип кол тамга жөнүндө”, 1999-жылдын 8-октябрындагы  № 107 “Маалыматташтыруу жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобону билүү;

- программалоонун тилин билүү;

- web-сайттарды жана web-тиркемелерди иштеп чыгуу технологияларын билүү;

- заманбап маалыматтарды коргоо каражаттарын билүү;

  - мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүү.

Ыктуулугу:

- маалымат базалары менен иштөө;

- маалыматтарды топтоо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылаштыруу;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- маалыматтык технологиялар жаатындагы атамекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

- кесиптештери менен эффективдүү кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- ишти пландоо жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу.

Функционалдык милдеттери:

-  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

-  жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын жана коргоону камсыздоо;

-  кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

-  мамлекеттик органда белгиленген ички тартиптин, кызматтык нускамалардын тартибин, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенишүүнүн  тартибин билүү;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;

-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык ресурстарын эсепке алуу жана каттоо маселелери боюнча, Кыргыз Республикасынын бириктирилген мамлекеттик маалыматтык ресурстарын калыптандыруу жана  пайдалануу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

- отчётторду түзүү;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

- Кызматтын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык тутумдарды түзүү, киргизүү жана пайдалануу боюнча ишин координациялоо жана контролдоо;

- Кызматтын маалыматтык тутумдарын модернизациялоо, заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү боюнча иштерди уюштуруу;

- Кызматтын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча долбоорлоруна, ошондой эле ишке ашырылып жаткан долбоорлорду кабыл алууга катышуу;

- Кызматта иштелип чыгып жаткан документтерди макулдашууга жана маалыматтык коопсуздуктун талаптары боюнча долбоорлорго катышуу; 

- Кызматтын бөлүмдөрү тарабынан маалыматтык коопсуздук боюнча талаптардын аткарылышына контроль жүргүзүү;

-маалыматташтыруу обьекттерин, бөлүнгөн предметтердин жана техникалык каражаттардын маалыматты коргоонун талаптарына ылайык келүү предметине мониторинг жүргүзүүгө катышуу.

 

Уюштуруучулук камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү

· Башкы адис - (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

- экономика же юриспруденция жаатындагы жогорку билим, же бул кызматтын функционалдык багыттарына шайкеш келген жааттарда үч жылдан аз эмес иш стажы бар болгон учурда бардык профилдеги жогорку билим;

- мамлекеттик сатып алуулар боюнча курстарды өткөндүгү жөнүндө Сертификаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы колдоого алынат;

- мамлекеттик кызматтын кенже кызмат орундарындагы бир жылдан аз эмес иш стажы, же адистиги боюнча үч жылдан аз эмес иш стажы;

- 2004-жылдын 24-майындагы  № 69 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы “Чектелбеген, чектелген тоорук жана эки этаптуу тоорук ыкмасы менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга стандарттуу тендердик документтерди жана Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга сатып алуулар жол-жобосунун протоколунун формасын бекитүү тууралуу”, 2011-жылдын 20-июнундагы  № 330 “Сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссия жөнүндө жобону, тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун, сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыялоонун үлгүлөрүн жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын тизмесин бекитүү тууралуу” токтомдорун билүү;

- мамлекеттик жана расмий тилдерди оозеки жана жазуу түрүндө билүү;

Ыктуулугу:

- маалыматтарды топтоо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылаштыруу;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы атамекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана анын практикада колдонуу;

- кесиптештери менен эффективдүү кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу.

Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- ишти пландоо жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу.

- компьютерди жана оргтехниканы, зарыл программалык продукттарды билүү.

Функционалдык милдеттери:

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- тендердик тооруктун катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыздоо;

         - кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

-  мамлекеттик органда белгиленген ички тартиптин, кызматтык нускамалардын тартибин, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенишүүнүн  тартибин сактоо;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;

  - ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

  - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларды кароо жана кеңеш берүү;

- отчётторду түзүү;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

-тендердик документтерди иштеп чыгууга катышуу, келишим боюнча жеткирип берүүлөрдүн мөөнөттөрүн контролдоо, техникалык тапшырмага талдоо жүргүзүү, мамлекеттик сатып алуулардын планы боюнча мониторинг жүргүзүү.

 

Документтик камсыздоо башкармалыгы

· Адис- (1 бирдик.)

-  мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү жогорку билим; же документтик камсыздоо жер архив иши чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы бар болгон учурда бардык профилдеги жогорку кесиптик билим; 

-         1999-жылдын 22-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын № 125 «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламенти жөнүндө” № 34 токтомун, 2012-жылдын 23-июлундагы №517 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтомун, 2013-жылдын 7-майындагы №225 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтар камтылган документтер менен иштөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомун билүү.

       Функционалдык милдеттери

-  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

-  жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын жана коргоону камсыздоо;

-  кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

-  мамлекеттик органда белгиленген ички тартиптин, кызматтык нускамалардын тартибин, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенишүүнүн  тартибин билүү;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;

- Кызматка даректелген кызматтык документтер боюнча, ошондой эле Кызматтын күндөлүк архивинин документтери боюнча маалыматтык-маалымдама иштерин жүзөгө ашырат;

- Кызматтын иштеринин номенклатурасын иштеп чыгууга катышат;

- Кызматтын күндөлүк архивинде турган документтерди комплекттөөнү, сактоону, эсепке алууну жана пайдаланууну камсыздайт;

       - иш кагаздарын жүргүзүү аяктаган делолорду архивге кабыл алат;

       - архивде сакталып турган делолор боюнча документтердин көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө сурамаларды аткаруу;

       - өтүп жаткан кызматтык документтердин сакталуусун камсыздоо;

      - архивде сакталган документтердин баалуулугун экспертизадан өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыздоо;

- эксперттик комиссиянын ишине катышуу;

       - сакталууга жаткан делолордун жыйынды тизимдеринин жылдык бөлүмдөрүн жана сактоо мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жок кылууга бөлүнгөн делолорго актылары жыл сайын түзүү;

- сактоо мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу номенклатура боюнча делолорду жок кылуу;

       - башкармалыкка жүктөлгөн функциялардын чегинде жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу;

       -архив ишин уюштуруу маселелери боюнча Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрү менен өз ара аракеттенишүү.

 

Стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу башкармалыгы

· Жетектөөчү адис- (1 бирдик)

-  экономика адистиги боюнча жогорку билим, же бул кызматтын функционалдык багыттарына (стратегиялык программаларды, пландарды жана чечимдерди ишке ашыруу) шайкеш келген жааттарда бир жылдан аз эмес иш стажы бар болгон учурда бардык профилдеги жогорку билим;

- адистиги боюнча иш тажрыйбасы колдоого алынат;

-   Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын билүү: 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, 1999-жылдын 08-сентябрындагы № 107 “Маалыматташтыруу жөнүндө”, 1998-жылдын 22-декабрындагы № 153 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө”, 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 153 “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 “Тышкы миграция жөнүндө”, 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 “Ички миграция жөнүндө”, 1999-жылдын 22-ноябрындагы № 125 “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы ПЖ № 11 “2013-2017-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы жөнүндө” жарлыгын; Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин 2009-жылдын 11-августундагы № 159 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык башкаруу боюнча координациялык борборунун Регламентин жана Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана тариздөө боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө  № 159 буйругун билүү;

Функционалдык милдеттери:

 - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

 - жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталуусун камсыздоо;

- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

-        мамлекеттик органда белгиленген ички тартиптин, кызматтык нускамалардын тартибин, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенишүүнүн  тартибин сактоо;

 -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;

- ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

- отчётторду түзүү;

- өзүнүн компетенциясынын чектеринде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

       - жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

       - Кызматтын ишмердүүлүгүн стратегиялык өнүктүрүү долбоорлорун жана программаларын маалыматтык, аналитикалык, эксперттик камсыздоо;

       - Кызматтын жетекчилигине Кызматты стратегиялык өнүктүрүү долбоорлорун жана программалары боюнча сунуштарды даярдоо;

       - Кызматтын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорлорун жана программаларын ишке ашырууну координациялоо;

       - Кызматтын жетекчилигинин стратегиялык чечимдерин даярдоонун жана ишке ашыруунун бардык этаптарында аналитикалык коштоону ишке ашыруу.

 

Эл аралык кызматташуу сектору

· Жетектөөчү адис- (1 бирдик)

- эл аралык мамилелер жаатындагы жогорку билим;

- адистиги боюнча бир жылдан аз эмес иш стажы колдоого алынат;

- Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 96 “Кыргыз Республикасынын тышкы сясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенишүүсү жөнүндө”, “2014-жылдын 24-апрелиндеги  №64 “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамы, 2011-жылдын 11-апрелиндеги  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколу жөнүндө” мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобону билүү;

- TOEFL деңгээлинде англис тилин билүү (милдеттүү);

- кошумча чет тилдерди билүү (колдоого алынат);

- мамлекеттик жана расмий тилдерди жазуу жана оозеки түрүндө билүү.

Ыктуулугу:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, эл аралык кызматташуу чөйрөсүндөгү сурамаларга жоопторду сапаттуу даярдоо;  

- эл аралык тажрыйбаларды талдоо жана практикалык ишине пайдалануу;

- эл аралык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;

- чет тилде иштиктүү кат алышуу;

- командада иштөө, тез үйрөнүү жөндөмдүүлүгү;

маалыматтык-укуктук тутумдар менен иштөө.

Көндүмдөрү:

- эл аралык уюмдар жана институттар менен иштөө;

- аналитикалык документтерди түзүү, эл аралык кызматташуу чөйрөсүндөгү демилгелерди иштеп чыгуу.

Функционалдык милдеттери:

- Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

- мамлекеттик органда белгиленген ички эмгек тартибин, кызматтык нускамаларды,

кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

- кызматтык милдеттерин колдонуу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин  кармап  туруу;

- отчётторду түзүү;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

- Кызматтын жетекчилигинин стратегиялык чечимдерин даярдоонун жана ишке ашыруунун бардык этаптарында аналитикалык коштоону ишке ашыруу.

- Кызматтын жетекчилигине өнүктүрүү стратегиясынын долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды берет.

 

Сапатты башкаруу тутуму сектору

· Башкы адис- (1 бирдик)

- экономика адистиги боюнча жогорку билим, же же бул кызматтын функционалдык багыттарына (сапатты башкаруу тутумдарын иштеп чыгуу) шайкеш келген жааттарда бир жылдан аз эмес иш стажы бар болгон учурда бардык профилдеги жогорку билим;

- мамлекеттик кызматтагы бир жылдан аз эмес иш стажы же адистиги боюнча үч жылдан аз эмес иш стажы;

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын  төмөнкү мыйзамдарын билүү: “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзам, 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, 1999-жылдын 08-сентябрындагы № 107 “Маалыматташтыруу жөнүндө”, 1998-жылдын 22-декабрындагы № 153 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө”, 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 153 “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 “Тышкы миграция жөнүндө”, 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 “Ички миграция жөнүндө”, 1999-жылдын 22-ноябрындагы № 125 “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы ПЖ № 11 “2013-2017-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы жөнүндө” жарлыгын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-р тескемеси менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн типтүү административдик регламентин жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобону билүү.

Функционалдык милдеттери:

- Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

- мамлекеттик органда белгиленген ички эмгек тартибин, кызматтык нускамаларды,

кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

- кызматтык милдеттерин колдонуу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин  кармап  туруу;

- ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана макулдашуу;

- отчётторду түзүү;

- өзүнүн компетенциясынын алкагында актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

- Кызматтын сапатын башкаруу тутумун калыптандырууга багытталган долбоорлорду жана программаларды маалыматтык, аналитикалык жана эксперттик камсыздоо;

- Кызматтын долбоорлору жана программалары боюнча Кызматтын жетекчилигине сунуштарды даярдоо;

- Кызматтын сапатын башкаруу тутумун калыптандырууга багытталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну координациялоо;

      - Кызматтын жетекчилигинин стратегиялык чечимдерин даярдоонун жана ишке ашыруунун бардык этаптарында аналитикалык коштоону ишке ашыруу;

      - Кызматтын төрагасынын тапшырмасы боюнча Кызматтын сапатын башкаруу тутумун калыптандыруу боюнча программалык документтерди макулдашууга жана мамлекеттик жана коомдук уюмдардын талкуусуна киргизет.

 

Жетектөөчү адис – (1 бирдик)

            - экономика адистиги боюнча жогорку билим же болбосо бул кызматтагы функционалдык багыттарга ылайык келген тармактарда бир жылдан кем эмес иш стажы болгондо каалаган профилдеги жогорку кесиптик билим;

            - адистиги боюнча бир жылдан кем эмес иш стажынын болушу колдоого алынат;

            - Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, 14.04.2008-жылдагы № 58 “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, 1999-жылдын 8-сентябрындагы № 107 “Маалыматташтыруу жөнүндө”, 1998-жылдын 22-декабрындагы № 153 “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 “Сырткы миграция жөнүндө”, 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 “Ички миграция жөнүндө”, 1999-жылдын 22-ноябрындагы № 125 “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы ПЖ № 11 “2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгын,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү административдик регламентин жана Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобону билүү.

            Ыктуулугу:

            - жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

            - документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду даярдоо;

            - кызматтык милдеттерге ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

            - мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

            - маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

            - сектордун компетенциясынын алкагында аналитикалык жана программалык документтерди даярдоо;

            - сектордун алдына коюлган маселелерди чечүүдө демилге көтөрүү;

            - командада иштөө.

            Көндүмдөр:

            - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

            - стратегиялык долбоорлордун жана иш-чаралардын максаттуулугун изилдөө;

            - ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

            - башкаруучу чечимдерди оперативдүү ишке ашыруу.

            Функционалдык милдеттер

            - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо.

            - Кызматтык этика ченемдерин сактоо.

            - Мамлекеттик органда белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалыматтар менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо.

            - Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн квалификациялык деңгээлди колдоо.

            - Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу.

            - Отчетторду түзүү.

            - Өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-усулдук материалдарды түзүү.

            - Жетекчилерге баш ийүү тартибинде, алардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген жогоруда турган адамдардын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу.

            - Кызматтын сапатты башкаруу тутумун түзүүгө багытталган долбоорлорду жана программаларды маалыматтык, аналитикалык, эксперттик камсыздоо.

            - Кызматтын долбоорлору жана программалары боюнча Кызматтын жетекчилигинин сунуштарын даярдоо.

            - Кызматтын сапатты башкаруу тутумун түзүүгө багытталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну координациялоо.

            - Кызматтын жетекчилигинин чечимдерин даярдоонун жана ишке ашыруунун бардык этаптарында аналитикалык коштоону жүргүзүү.

            - Кызматтын төрагасынын тапшырмасы боюнча Кызматтын сапатты башкаруу тутумун түзүү боюнча программалык документтерди мамлекеттик жана коомдук уюмдардын макулдашуусуна жана талкуусуна киргизет.

 

Укуктук камсыздоо башкармалыгы

· Адис- (1 бирдик)

- жогорку юридикалык билим;

- адистиги боюнча иш стажы колдоого алынат;

- билүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Жобосун билүү;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди жазуу жүзүндө жана оозеки билүү.

Функционалдык милдеттери:

- Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

- мамлекеттик органда белгиленген ички эмгек тартибин, кызматтык нускамаларды,

кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

- кызматтык милдеттерин колдонуу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин  кармап  туруу;

- ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана макулдашуу;

- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кайрылууларды кароо жана жарандарга кеңеш берүү;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча  маалыматтык-методикалык документтерди түзүү;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

- Кызмат тарабынан даярдалып жаткан ченемдик жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат;

- Кызматтын башкаруу тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат;

- Кызматтын мамлекеттик кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;

- Кызматтын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн ишин андан ары жакшыртуу боюнча зарыл сунуштарды иштеп чыгат;

- ведомстволук органдардагы ишти изилдейт жана жалпылаштырат, аларга практикалык жана методикалык жардам көрсөтөт;

- кызматтык нускамасында каралган жана башкармалыктын ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

-         арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, резюме, өмүр баян, 3х4 сантиметр өлчөмүндөгү  – 2 даана фото сүрөт (кызыл фондо);

-         паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

-         зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясы, окумуштуулук даражасын же окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө жөнүндө документтеринин көчүрмөсү);

-         КР ИИМдин Маалымат борборунан соттуулугунун жок (бар) экендиги жөнүндө маалымкат (248-форма);

-         иштеген жеринен сунуштамалар  (бар болсо).

Делого көктөлгөн документтерди жеке өзү же алып келүүсү же почта аркылуу “Конкурска” белгиси коюлган конверт менен  2015-жылдын 15-июнь, саат 18:00гө  чейинки мөөнөттө, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, № 208 кеңсе дарегине жөнөтүү керек. Телефону: 30-10-98.

 

Эскертүү: квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөдөн өтүү үчүн чакырылат.

Конкурс өткөрүлө турган күн жана орун жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Арызда байланыш телефондорун көрсөтүү зарыл.

Кененирээк маалымат төмөнкү сайттарга жайгаштырылган:  www.mkk.gov.kg.

 

 

 

 

Өнөктөштөр