Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 08/09/2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы

КАЛКТЫ ЖАНА ЖАРАНДЫК АБАЛДЫН АКТЫЛАРЫН КАТТОО ДЕПАРТАМЕНТИ

 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик жарандык бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт:

 

Башкы жана улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн:

1. Билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси;

-   кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продуктулар менен иштей билүү, анын ичинен төмөнкүлөрдү билүү:

- презентацияларды уюштуруу;

- таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндөгү маалыматтарды берүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдонуу;

- веб-конференц-байланышты уюштуруу тиркемелерин колдонуу;

- видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди колдонуу;

- вируска каршы программаларды колдонуу;

- шифрлөө аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо;

- логин жана пароль коюу;

- компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.

 

Аймактык бөлүм

 

Сокулук райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси (С-Б) 1 бирд.

            1) Кесиптик билим деңгээли:

            - юриспруденция; экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

            - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, “Балдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодекси;

- “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирип эсепке алуу жөнүндө”,  «Тышкы миграция жөнүндө»; «Ички миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестри (тизмеги);

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобо;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобо.

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобо;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 токтому менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо.

       Ыктуулугу:

- жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- маалыматты чогултуу, талдоо, иреттөө жана жалпылоо;

- стратегиялык жана аналитикалык документтерди даярдоо;

            - тийиштүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык ишинде колдонуу;

            - бөлүмдүн алдына коюлган маселелерди чечүүдө демилге көтөрүү;

            - стратегиялык жана концептуалдык милдеттерди аткаруу индикаторлорун жана критерийлерин сапаттуу аныктоо;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

- ишти пландоо;

- натыйжалуу угуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

- маалыматтар базасы менен иштөө;

 - презентацияларды даярдоо;

- кызмат убактысын үнөмдүү пайдалануу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды билүү.

           

            Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: 

 

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, фотосүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- зарыл кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлүндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу, квалификацясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража же илимий наам ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү).

 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлер конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди 2020-жылдын 8-сентябрынан 21-сентябрына чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө чейин КРӨ МКК КЖААКДнын адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмүнө тапшыруу зарыл, 5-иш бөлмөсү, телефон: 66-14-17.

 

 

 

Өнөктөштөр