Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 16/06/2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына алууга конкурс жарыялайт:

 

Бардык кызмат орундары үчүн милдеттүү жалпы квалификациялык талаптар:

 

Билүү зарыл:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамдары;

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Маалымат алууга кепилдиктер жана эркиндик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Жарандардын кайрылууларын карап чыгуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин этикасынын негиздери жөнүндө Жобо;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобо;

Кыргыз Республикасында башкарууну документтик камсыздоо боюнча (иш кагаздарын жүргүзүү) Типтүү нускама;

Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук;

Демилгелүүлүк, командада иштей алуу, жоопкерчилик;

Иштиктүү кат алышууну ишке ашыра билүү.

 

Борбордук аппарат

 

Финансы-экономикалык иштер башкармалыгы

        • Башкы адис – (1 бирдик)

        Квалификациялык талаптар:

        - жогорку билим (экономикалык, финансы-экономикалык, бухгалтердик эсеп);

        - кичи кызматтарда мамлекеттик кызматтагы стаж бир жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажы үч жылдан кем эмес;

        - 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, 2011-жылдын 17-февралындагы № 1 “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону” билүү;

        - мамлекеттик жана расмий тилдерди жазуу жана оозеки түрдө билүү.

         Ыктуулугу:

        - башкаруучу чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;

        - компьютерди билүү, анын ичинен атайын компьютердик программаларды пайдалана билүү;

        - маалымат чогултуу, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

        - иш пландарын өз убагында пайдаланууну контролдоо;

        - Башкармалыктын иши жөнүндө отчет түзүү;

        - тийиштүү ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтык-аналитикалык, маалымдоо жана башка материалдарды даярдоо;

        - коюлган маселелерди чечүү үчүн жаңычыл мамилелерди колдонуу.

        Көндүмдөр:

        - мамлекеттик органдар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүү, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, иштиктүү кат жазуу;

        - Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча усулдук жардам көрсөтүү;

        - штаттык, финансылык жана кассалык тартипти, административдик-чарбалык жана башка чыгымдар сметасын так сактоо боюнча иштерди жүргүзүүнү, кем чыгууларды, дебитордук карызды жана башка жоготууларды бухгалтердик баланстан чыгаруунун мыйзамдуулугун, бухгалтердик документтердин сакталышын камсыздайт;

        - баланс түзүүнү жана кирешелер, каражаттарды чыгымдоо, бюджетти колдонуу жөнүндө оперативдүү жыйынтыктоочу отчетторду, башка статистикалык отчеттуулукту, аларды белгиленген тартипте тийиштүү органдарга берүүнү камсыздайт.

        Жеке сапаттар:

        - стресске туруктуулук жана эмоционалдык ийкемдүүлүк;

        - жеке көз-карашка ээ болуу жөндөмү;

        - өзүн башкаруу жөндөмү;

        - ички маданияттын жогорку деңгээли;

        - өзүн өзү туруктуу өркүндөтүүгө, сын-пикирди туура кабыл алууга жана тегеректеги чындыкты түшүнүүгө умтулуу;

        - толеранттуулук.

        Функционалдык милдеттер

        - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

        - кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

        - мамлекеттик органда белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалыматтар менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

        - бүтүндөй Кызмат жана департаменттер боюнча сарамжалдуу ишти уюштурууга багытталган бюджеттик пландаштыруу боюнча (республикалык бюджет жана атайын каражаттар) иш жүргүзөт;

        - чыгымдардын жана кирешелердин беренелери, бекитилген келишимдер боюнча бюджеттин долбоорлорун, ошондой эле алар боюнча негиздемелерди жана эсептөөлөрдү даярдоону жүргүзөт;

        - финансылык өнүктүрүүнүн кыска мөөнөттүү стратегиясын алардын башкаруу тутумун сырткы жана ички экономикалык шарттарга ыңгайлаштыруу максатында иштеп чыгат (атайын каражаттар боюнча бюджеттерди түзөтүү);

        - финансылык иш пландарын (бизнес-пландарды) түзүүнү жетектейт, алардын бардык бөлүмдөрүн макулдашат жана өз ара байланыштырат;

        - калкка көрсөтүлгөн жаңы кызматтардын бааларынын долбоорлоруна корутунду даярдоону камсыздайт;

        - капиталдык салымдарды, материалдык, эмгек жана финансы ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, чыгымдарды азайтуу боюнча иш-чараларга комплекстик капиталдык талдоо жүргүзүүгө жана иштеп чыгууга жетекчилик кылат;

        - пландык тапшырмалардын (план-фактордук талдоо) аткарылышын контролдоону, ошондой эле чыгымдардын жана кирешелердин бардык беренелери боюнча статистикалык эсепти, белгиленген мөөнөттө мезгилдик отчеттуулукту даярдоону, статистикалык материалдарды тутумдаштырууну уюштурат;

        - ишкананы өнүктүрүү келечегин аныктоо максатында рынокту изилдөөнүн конкреттүү багыттары боюнча сунуштарды даярдайт;

        - иштин жыйынтыгын эсепке алуу жана талдоо боюнча усулдук жетектөөнү жана иштерди уюштурууну, сарамжалдуу эсептик документтерди иштеп чыгууну биргелешип жүргүзөт;

        - бюджетти көбөйтүү же азайтуу максатында ишти жана кат алышууну жүргүзөт, Финансы министрлигине жана Казыналыкка аларга негиздеме берет жана коргойт, ошондой эле бюджеттин ичинде беренелерди жылдырууну жүргүзөт;

        - республикалык бюджеттин, атайын каражаттардын, чарбалык бюджеттердин чыгымдар сметасы боюнча консолидация жүргүзүү үчүн маалымат даярдайт жана Финансы-экономикалык иштер башкармалыгынын начальнигине берет;

        - Башкармалыктын начальнигинин айрым тапшырмаларын аткарат.

 

Уюштуруучулук камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү

 

         • жетектөөчү адис – (1 бирдик)

         Квалификациялык талаптар:

         - экономика жана юриспруденция жаатындагы жогорку билим же болбосо бул кызматтагы функционалдык багыттарга ылайык келген чөйрөдө бир жылдан кем эмес иш стажы болгондо каалаган профилдеги жогорку билим;

         - мамлекеттик сатып алуулар боюнча курстардан өткөндүгү жөнүндөгү Сертификаттын болушу колдоого алынат;

         - мамлекеттик сатып алууларда бир жыл иш стажы колдоого алынат;

         - “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы № 398 “Чектелбеген, чектелген тоорук жана эки этаптуу тоорук ыкмасы менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга стандарттуу тендердик документтерди жана Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга сатып алуулар жол-жобосунун протоколунун формасын бекитүү тууралуу” токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 “Сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссия жөнүндө жобону, тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун, сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыялоонун үлгүлөрүн жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын тизмесин бекитүү тууралуу” токтомун билүү;

         - мамлекеттик жана расмий тилдерин жазуу жана оозеки түрдө билүү;

         Ыктуулугу:

         - жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

         - документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

         - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;

         - өзүнүн милдеттерин кызматтык милдеттерге ылайык натыйжалуу пландаштыруу;

         - жарандардын кайрылууларын кароо жана жооп даярдоо;

         - мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

         - командада иштөө.

         Көндүмдөр:

         - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

         - компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык азыктарды билүү.

 

         Функционалдык милдеттер:

         - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

         - тендердик тооруктардын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыздоо;

         - кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

        - мамлекеттик органда белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалыматтар менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

         - кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин колдоо;

         - ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

         - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;

         - отчетторду түзүү;

         - өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-усулдук материалдарды түзүү;

         - жетекчилерге баш ийүү тартибинде жогоруда турган адамдардын, алардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

         - тендердик документтерди иштеп чыгууга катышуу, келишим боюнча жеткирип берүү мөөнөттөрүн контролдоо, техникалык тапшырмага талдоо жүргүзүү,  мамлекеттик сатып алуулар планы боюнча мониторинг жүргүзүү.

 

Ведомстволук бөлүнүштөр

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

 

Финансы-экономикалык иштер бөлүмү

         • Начальник – (1 бирдик)

         Квалификациялык талаптар:

         - жогорку экономикалык, финансылык билим;

         - мамлекеттик кызматтын улук кызматтарындагы стажы үч жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажы беш жылдан кем эмес;

         - үч жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы колдоого алынат;

        - 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, 2004-жылдын 24-январындагы № 8 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө”, 1998-жылдын 11-июлундагы № 78 “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, 2007-жылдын 15-вагустундагы № 153 “Мамлекеттик алым жөнүндө”, 1994-жылдын 28-майындагы № 1553-XII “Казыналыктын негизги жоболору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону билүү;

         - мамлекеттик жана расмий тилдерин жазуу жана оозеки түрдө билүү.

         Ыктуулугу:

         - акча каражаттарына жана товардык-материалдык баалуулуктарга инвентаризация жүргүзүү;

         - бухгалтердик эсеп участогу боюнча документ жүгүртүүнү уюштуруу;

         - чарба ишине экономикалык талдоо жүргүзүү;

         - жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

         - өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

         - кирешелер жана чыгымдар сметаларын аткаруунун жүрүшүн системалуу контролдоону камсыздоо;

         - командада иштөө.

         Көндүмдөр:

         - кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу;

         - натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү.

 

Өзгөн райондук паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмү

         • Начальник – (1 бирдик)

         Квалификациялык талаптар:

         - юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатындагы жогорку билим; же болбосо бул кызматтагы функционалдык багыттарга ылайык келген тармактарда беш жылдан кем эмес иш стажы болгондо каалаган профилдеги жогорку кесиптик билим;

         - мамлекеттик кызматтын улук кызматтарындагы стажы үч жылдан кем эмес же адистиги боюнча стажы беш жылдан кем эмес;

         - үч жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы колдоого алынат;

         - 2007-жылдын 21-майындагы № 70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 “Сырткы миграция жөнүндө”, 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 “Ички миграция жөнүндө”, 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 “Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 “Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун жолжоболоштуруу, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу”, 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө”, 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшү жана үлгүсүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу” токтомдорун билүү;

         - мамлекеттик жана расмий тилдерди жазуу жана оозеки түрдө билүү.

         Ыктуулугу:

         - паспорттук-визалык жана каттоо иштерге талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилелерди интеграциялоо;

         - башкаруучу чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжаларына жоопкерчилик тартуу;

         - жарандарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштерди жүргүзүү;

         - кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.

         Көндүмдөр:

         - түзүмдүк бөлүнүштөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, Департаменттин жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз-карашын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын издөө);

         - кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу;

         - документтер жана так отчеттуулук бланктары менен иштөө;

         - натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдына чыгууларды өткөрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү.

 

Чаткал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү

         • Башчы – (1 бирдик)

         Квалификациялык талаптар:

         - жогорку юридикалык билим;

         - мамлекеттик кызматтын кичи кызматтарындагы стажы бир жылдан кем эмес же адистиги боюнча стажы үч жылдан кем эмес;

         - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодексин, “Балдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексин, 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, 2007-жылдын 15-августундагы № 153 “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2011-жылдын 21-июлундагы № 149 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо тартиби жөнүндө нускаманы билүү;

         - мамлекеттик жана расмий тилдерди жазуу жана оозеки түрдө билүү.

         Ыктуулугу:

         - мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;

         - ишти натыйжалуу пландаштыруу;

         - жарандарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштерди жүргүзүү;

         - башкаруучу чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;

         - кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

         - маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

         - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

         - кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдына чыгууларды жүргүзүү.

 

Ак-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү

         • Башчы – (1 бирдик)

         Квалификациялык талаптар:

         - жогорку юридикалык билим;

         - мамлекеттик кызматтын кичи кызматтарындагы стажы бир жылдан кем эмес же адистиги боюнча стажы үч жылдан кем эмес;

         - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодексин, “Балдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексин, 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, 2007-жылдын 15-августундагы № 153 “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2011-жылдын 21-июлундагы № 149 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо тартиби жөнүндө нускаманы билүү;

         - мамлекеттик жана расмий тилдерди жазуу жана оозеки түрдө билүү.

         Ыктуулугу:

         - мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;

         - ишти натыйжалуу пландаштыруу;

         - жарандарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштерди жүргүзүү;

         - башкаруучу чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;

         - кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

         - маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

         - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

         - кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдына чыгууларды жүргүзүү.

 

         Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти

Чүй-Кемин райондук автомототранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмү

Начальник (1 бирдик)

 

Квалификациялык талаптар:

       - жерде жүрүүчү транспорт каражаттары, технологиялык машиналар жана жабдуулар жаатындагы жогорку техникалык билим же жогорку юридикалык билим;

  • окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы (колдоого алынат);

- мамлекеттик кызматтын улук кызматтарындагы үч жылдан кем эмес иш стажы же адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы;

- үч жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы колдоого алынат;

       - Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун: 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомду, 2006-жылдын 23-августундагы № 603 “Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды (автомототранспорт каражаттарынан тышкары), алардын чиркегичтерин, ошондой эле технологиялык орнотмолорду мамлекеттик каттоонун кайра каттоонун жана эсепке алуунун, квалификациялык экзамендерди кабыл алуунун жана тракторчу-машинисттин күбөлүктөрүн берүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомду, 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө жобону, Жол кыймылынын эрежелерин билүү.

 

Кызматтык милдеттери

Начальниктин кызматтык милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

-  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

-  жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын жана коргоону камсыздоо;

-  кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

-  мамлекеттик органда белгиленген ички тартиптин, кызматтык нускамалардын тартибин, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенишүүнүн  тартибин билүү;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;

- бөлүмдүн ишин башкарууну жана уюштурууну ишке ашыруу;

- бөлүмдүн кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бөлүштүрүү;

- ишти жакшыртуу боюнча сунуштамаларды берүү менен бөлүмдүн кызматкерлеринин ишине кварталдык баа берүү;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн, анын ичинен заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүүнүн шарттарын камсыздоо;

- жарандарга АМТК жана алардын чиркегичетерин каттоо, кайра каттоо, айдоочунун күбөлүгүн берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жөнүндө маалымат берүү;

- мамлекеттик маалыматтык ресурстарды калыптандырууга, сактоого, пайдаланууга жана коопсуздугун камсыздоого катышуу;

- АМТК жана алардын чиркегичетерин каттоодо, кайра каттоодо, айдоочулук курамдан сынак алууда жана айдоочунун күбөлүгүн берүүдө, документтештирүүдө жана эсепке алууда бөлүмдүн кызматкерлеринин ишин контролдоону ишке ашыруу; 

- АМТК жана алардын чиркегичетерин каттоо, кайра каттоо, АМТК каттоо, кайра каттоо үчүн суммаларды эсептөө;

- ыкчам коргонуу үчүн мамлекеттик номер белгилерин берүүнү ишке ашыруу;

- катталган АМТК жана алардын чиркегичтерине мамлекеттик каттоо номер белгилерин ыйгарууга, ошондой эле аларды алмаштырууга уруксат берүү;

- эсептен чыгарылган, жараксыз абалга келген, калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылган транспорт каражаттарын эсептен чыгарууга уруксат берүү;

- АМТК жана алардын чиркегичтерине чектөөлөрдү коюуга жана алууга мыйзамдарда белгиленген тартипте уруксат берүү;

- мыйзамда белгиленген тартипте АМТК жана алардын чиркегичтери менен операцияларды жүргүзүүгө камак режимин ишке ашыруу;

- айдоочуларды даярдоону жана кайра даярдоону ишке ашырган окуу жайларынын ишин контролдоону ишке ашыруу;

- адамдарды сынакка киргизүүгө уруксат берүүнү, айдоочунун күбөлүктөрүн алууга сынактарды алууну (комиссиянын курамында) ишке ашыруу;

- сынак комиссиясынын ишин контролдоону ишке ашыруу;

- мыйзамдарга ылайык, жарандарга, кызмат адамдарына аткарууга милдеттүү айдоочулук курамды даярдоодо ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууларды жоюу жөнүндө эскертүүлөрдү болгон берүү;

- административдик укук бузуу жасаган кызмат адамдарына жана жарандарга административдик айып салуу. Кызмат адамдарына жана жарандарга административдик айып салуунун тартиби мыйзамдарга ылайык аныкталат;

- бөлүмдөгү аткаруу жана эмгек тартибинин абалын контролдоону ишке ашыруу;

- АМТК жана алардын чиркегичтерин, айдоочулук курамды каттоодо, кайра каттоодо тиешелүү жыйымдардын, төлөмдөрдүн, салыктардын жана айып пулдардын өз убагында жана туура төлөнүшүн контролдоону ишке ашыруу;

- атайын продукциянын бланктарынын туура сарпталуусун жана төлөмдөрдү контролдоону ишке ашыруу;

- кол алдындагылардын жеке кызыкчылыктарынын пайда болуусун алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу;

- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, даттанууларын, арыздарын белгиленген тартипте кароо;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу.

 

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

-  арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, резюме, өмүр баян, 3х4 сантиметр өлчөмүндөгү  – 2 даана фото сүрөт (кызыл фондо);

-  паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

-  зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясы, окумуштуулук даражасын же окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө жөнүндө документтеринин көчүрмөсү);

-  КР ИИМдин Маалымат борборунан соттуулугунун жок (бар) экендиги жөнүндө маалымкат (248-форма);

-  Иштеген жеринен сунуштамалар  (бар болсо).

 

Делого көктөлгөн документтерди жеке өзү же алып келүүсү же почта аркылуу “Конкурска” белгиси коюлган конверт менен   2015-жылдын 30- июну, саат 18:00гө  чейинки мөөнөттө, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, № 208 кеңсе дарегине жөнөтүү керек. Телефону: 30-10-98.

 

Эскертүү: квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөдөн өтүү үчүн чакырылат.

Конкурс өткөрүлө турган күн жана орун жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Арызда байланыш телефондорун көрсөтүү зарыл.

 

Кененирээк маалымат төмөнкү сайттарда жайгаштырылган:

www.mkk.gov.kg.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өнөктөштөр