Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 07/07/2015

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына алууга конкурс жарыялайт:

 

Бардык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар милдеттүү:

 

Билүү зарыл:

 

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  •  “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Маалымат алууга кепилдиктер жана эркиндик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  •  “Жарандардын кайрылууларын карап чыгуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин этикасынын негиздери жөнүндө Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобо;
  • Кыргыз Республикасында башкарууну документтик камсыздоо боюнча (иш кагаздарын жүргүзүү) Типтүү нускама;
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук;
  • Демилгечилдик, командада иштей алуу, жоопкерчилик;
  • Иштиктүү кат алышууларды ишке ашыра билүү.

 

Борбордук аппарат

 

Мүлктү каттоо башкармалыгы

  • Начальник - (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

- жогорку кесипкөй билим;

- адистиги: автомобиль транспорту (автотранспорт боюнча инженер-механик, автомобиль чарбасы боюнча инженер-механик ж.б.у.с.), инженер-куруучу, жерге жайгаштыруу жана кадастр, картография жана геоинформатика, геодезия жана аралыктан зонддоо, экономика же юриспруденция;

- же конкреттүү кызмат ордунун функционалдык багыттарына ылайык келген жааттарда беш жылдан аз эмес иш стажы жана кошумча кесипкөй билими бар болгон учурда бардык тармактардагы жогорку кесиптик билими;

- илимий даражасы жана илимий наамы (колдоого алынат).

Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик кызматтын улук кызмат орундарындагы үч жылдан аз эмес иш стажы, же адистиги боюнча беш жылдан аз эмес иш стажы;

- үч жылдан аз эмес жетекчилик иш стажы (колдоого алынат).

Билүүсү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдар

- адам ресурстарын башкаруу жаатындагы билими;

- КР Жарандык кодексин, КР Жер кодексин, КР “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы N 65 Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө”,  1999-жылдын 4-августундагы № 420 “Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу”,  2010-жылдын 10-июнундагы № 341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө” токтомдорун, 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө” жобону, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин”,  КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык тутумдан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан маалыматтарды берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону билүү.

Функционалдык милдеттери

- Башкармалыктын ишин жетектейт, жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын аткарылышы, Башкармалыктагы эмгек жана аткаруу тартибинин абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- Кызматтын башка башкармалыктары жана бөлүмдөрү менен Башкармалыктын ишин координациялайт, кадастр, каттоо жана кыймылсыз мүлк рыногу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат;

-кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана алар менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоонун жүргүзүлүшүн (мыйзамдуу жүргүзүүнү контролдоо),  кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү реестринин жүргүзүлүшүн, Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык тутумду түзүүнү жана жүргүзүүнү жетектейт;

- Ведомстволук бөлүнүштөрдүн жана алардын аймактык органдарынын жетекчилери менен кызматкерлерин кызматка дайындоо жана бошотуу, сыйлоо жана/же дисциплинардык чара көрүү боюнча сунуштарды киргизет;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

- кызматтын башкаруу тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат;

- Башкармалыктын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;

- ай сайын функционалдык милдеттердин так аткарылышы боюнча Башкармалыктын кызматкерлеринин ишине баа берет;

-компетенциясынын алкагында Башкармалыктын кызматтык документтерине кол коет;

-Башкармалыктын кызматкерлерин сыйлоо, аларга карата дисциплинардык чара көрүү жөнүндө сунуш киргизет;

-кызматтык нускамасында каралган жана жетектеген Башкармалыктын татыктуу иштөөсүн камсыздоо үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;

-ведомстволук бөлүнүштөрдүн аймактык органдарынын ишине даттанууларды жана сунуштарды карайт;

-иш планына ылайык ведомстволук бөлүнүштөрдүн жана алардын аймактык органдарынын ишине мониторинг жүргүзөт;

- жарандардын арыздарын жана даттанууларын карайт.

 

Калкты документтештирүү жана архив иши башкармалыгы

  • Начальник - (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

- жогорку кесипкөй билим;

- адистиги: юриспруденция же экономика;

- же конкреттүү кызмат ордунун функционалдык багыттарына ылайык келген жааттарда беш жылдан аз эмес иш стажы жана кошумча кесипкөй билими бар болгон учурда бардык тармактардагы жогорку кесиптик билими;

Билими

- илимий даражасы жана илимий наамы (колдоого алынат).

Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик кызматтын улук кызмат орундарындагы үч жылдан аз эмес иш стажы, же адистиги боюнча беш жылдан аз эмес иш стажы;

- үч жылдан аз эмес жетекчилик иш стажы (колдоого алынат).

Билүүсү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдар;

- адам ресурстарын башкаруу жаатындагы билими;

- Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Ички миграция жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 ПЖ “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө” жарлыгын, КР Өкмөтүнүн токтомдорун: 2004-жылдын 27-июнундагы № 557 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылкы үлгүдөгү паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө”,  2011-жылдын 2-июнундагы № 332 “Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууга документтерди кабыл алуунун, тариздөөнүн, берүүнүн, эсепке алуунун, даярдоонун жана жалпы жарандык паспортторду жекелештирүүнүн тартиби жөнүндө” нускаманы билүү зарыл.

Функционалдык милдеттери

- Кызматтын калкты документтештирүү жана архив иши башкармалыгынын артыкчылыктуу милдеттерин аныктоо жана иш планын иштеп чыгуу;

- өзүнүн ишин жана Башкармалыктын ишин эффективдүү пландоо;

- Башкармалыкта кол алдындагылардын ортосунда тапшырмалар менен милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү;

- зарылчылыкка жараша Кызматтын жетекчилиги үчүн калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндөгү маалыматтык материалдарды жана сунуштарды даярдоо;

- Кызматтан ведомстволук бөлүнүштөрү тарабынан Кызматтын жетекчилигинин калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндөгү тескемелери менен тапшырмаларынын аткарылуусуна мониторинг жүргүзүү;

- Кызматтын жетекчилиги менен Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндөгү өз ар аракеттенишүүсүн камсыздоо;

-зарылчылыкка жараша Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрү менен алардын аймактык органдарынын калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндөгү ишин өркүндөтүүгө тиешелүү, ошондой эле Башкармалыктын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат;

-Кызматтын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, Архив агенттиги, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы жана алардын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан мамлекеттик кадр саясатын камсыздоого катышат;

-Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндөгү кесиптештери менен эффективдүү кызматташууну ишке ашырат;

-Кызмат жөнүндө жободо, Кызматтын Регламентинде каралган укуктарды ишке ашырат;

- Башкармалыктын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;

- ай сайын функционалдык милдеттердин так аткарылуусу боюнча Башкармалыктын кызматкерлеринин ишине баа берет;

-компетенциясынын алкагында Башкармалыктын кызматтык документтерине кол коет;

-Башкармалыктын кызматкерлерин сыйлоо, аларга карата дисциплинардык чара көрүү жөнүндө сунуш киргизет;

-кызматтык нускамасында каралган жана жетектеген Башкармалыктын татыктуу иштөөсүн камсыздоо үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

 

Уюштуруучулук камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү

  • Башчы - (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

- жогорку кесипкөй билим;

- адистиги: экономика же юриспруденция;

- же конкреттүү кызмат ордунун функционалдык багыттарына ылайык келген жааттарда беш жылдан аз эмес иш стажы жана кошумча кесипкөй билими бар болгон учурда бардык тармактардагы жогорку кесиптик билими;

Билими

- илимий даражасы жана илимий наамы (колдоого алынат).

Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик кызматтын улук кызмат орундарындагы үч жылдан аз эмес иш стажы, же адистиги боюнча  беш жылдан аз эмес иш стажы;

- үч жылдан аз эмес жетекчилик иш стажы (колдоого алынат).

- Билүүсү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдар

- адам ресурстарын башкаруу жаатындагы билими;

- 2004-жылдын 24-майындагы  № 69 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы № 398 “Чектелбеген, чектелген тоорук жана эки этаптуу тоорук ыкмасы менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга стандарттуу тендердик документтерди жана Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга сатып алуулар жол-жобосунун протоколунун формасын бекитүү тууралуу”, 2011-жылдын 20-июнундагы  № 330 “Сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссия жөнүндө жобону, тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун, сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыянын үлгүлөрүн жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын тизмесин бекитүү тууралуу” токтомдорун билүү;

Функционалдык милдеттери

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

-тендердик тооруктун катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыздоо;

- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

-мамлекеттик органда белгиленген ички тартиптин, кызматтык нускамалардын тартибин, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенишүүнүн  тартибин сактоо;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;

- ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана кеңеш берүү;

- отчётторду түзүү;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

-тендердик документтерди иштеп чыгууга катышуу, келишим боюнча жеткирип берүүлөрдүн мөөнөттөрүн контролдоо, техникалык тапшырмага талдоо жүргүзүү, мамлекеттик сатып алуулардын планы боюнча мониторинг жүргүзүү.

 

Стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу башкармалыгы

  • Башкы адис - (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

-жогорку кесипкөй билим;

- же бул кызматтын функционалдык багыттарына (стратегиялык программаларды, пландарды жана чечимдерди ишке ашыруу) шайкеш келген жааттарда үч жылдан аз эмес иш стажы жана кошумча кесипкөй билими  бар болгон учурда бардык профилдеги жогорку билим;

адистиги: экономика.

- Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик кызматтын кенже кызматтарындагы бир жылдан аз эмес иш стажы, же адистиги боюнча үч жылдан аз эмес иш стажы.

- Билүү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдар;

- Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Ички миграция жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 ПЖ “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө” жарлыгын.

 

Функционалдык милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

- мамлекеттик органда белгиленген ички тартиптин, кызматтык нускамалардын тартибин, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенишүүнүн  тартибин сактоо;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;

- ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

-отчетторду түзүү;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

-Кызматтын ишмердүүлүгүн стратегиялык өнүктүрүү долбоорлорун жана программаларын маалыматтык, аналитикалык, эксперттик камсыздоо;

-Кызматтын жетекчилигине Кызматты стратегиялык өнүктүрүү долбоорлору жана программалары боюнча сунуштарды даярдоо;

-Кызматтын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорлорун жана программаларын ишке ашырууну координациялоо;

 -Кызматтын жетекчилигинин стратегиялык чечимдерин даярдоонун жана ишке ашыруунун бардык этаптарында аналитикалык коштоону ишке ашыруу.

 

 

  • Ведомстволук бөлүнүштөр

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

 

  • Директордун орун басары (жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча иштерди, документтерди жана паспортторду автоматташтырылган түрдө иштеп чыгуу боюнча иштерди уюштуруу) (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

-         жогорку юридикалык билим;

-         мамлекеттик кызматтын улук кызматтарындагы үч жылдан аз эмес иш стажы же адистиги боюнча беш жылдан аз эмес стажы;

-         үч жылдан аз эмес жетекчилик иш тажрыйбасы (артыкчылык);

-         Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодексин Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодексинин билүү; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү: 21.05.2007. № 70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, 2005-жылдын 12-апрелиндеги “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, 15.08.2007. № 153 “Мамлекеттик пошлина жөнүндө”, 14.04.2008. № 58 “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2011-жылдын 21-июлундагы № 149 тескемеси менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы жарандык абалдын актыларын каттоонун тартиби жөнүндө” нускаманы билүү;

-         мамлекеттик жана расмий тилдерди жазуу жүзүндө жана оозеки билүү;

-         жарандык абалдын актыларын каттоо тутумундагы иш тажрыйбасына артыкчылык берилет.

жөндөмү:

-         түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн талдоо, болжолдоо, жалпылаштыруу, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;

-         башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын жыйынтыктары үчүн жоопкерчиликтүү болуу;

-         кызыкчылыктардын жаңжалына алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

Көндүмү:

  • иштерди бөлүштүрүү, пландоо, башкаруу;
  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-         маалыматтарды талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылаштыруу;

-         ишмердүүлүктү контролдоону жана анын эффективдүүлүгүн баалоону ишке ашыруу;

-         ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-         эффективдүү өз ара аракеттенүү, ишкер этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелер менен жолугушууларды өткөрүү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү .

Функционалдык милдеттери:

  • өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде республиканын ЖААК органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо;
  • жарандык абалдын актыларын каттоо учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сакталуусун камсыздоо;
  • жарадык абалдын актыларын каттоонун тартибинин, мөөнөттөрүнүн жана толуктугунун сакталуусун контролдоо;
  • каттоонун салтанаттуу ырымдарын өткөрүү боюнча методдор менен стилдерди өркүндөтүү;
  • ЖААК органдарынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
  • ЖААК органдарында автоматташтырылган  тутумдарды киргизүү боюнча электрондук кызматтар чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу.

 

 

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, резюме, өмүр баян, 3х4 сантиметр өлчөмүндөгү  – 2 даана фото сүрөт (кызыл фондо);
  • паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясы, окумуштуулук даражасын же окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөсү);
  • КР ИИМдин Маалымат борборунун соттуулугунун жок (бар) экендиги жөнүндө маалымкаты (248-форма);
  • иштеген жеринен сунуштамалар  (бар болсо).

Делого көктөлгөн документтерди жеке өзү же алып келүүсү же почта аркылуу “Конкурска” белгиси коюлган конверт менен  2015-жылдын 21-июлу, саат 18:00гө  чейинки мөөнөттө, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, № 208 кеңсе дарегине жөнөтүү керек. Телефону: 30-10-98.

 

Эскертүү: квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөдөн өтүү үчүн чакырылат.

Конкурс өтө турган күн жана орун жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Арызда байланыш телефондорун көрсөтүү зарыл.

Кененирээк маалымат төмөнкү сайтка жайгаштырылган: 

www.mkk.gov.kg.

 

 

 

 

 

Өнөктөштөр