Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 21/07/2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына алууга конкурс жарыялайт:

 

Бардык кызмат орундары үчүн милдеттүү жалпы квалификациялык талаптар:

 

Билүү зарыл:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамдары;

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Маалымат алууга кепилдиктер жана эркиндик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Жарандардын кайрылууларын карап чыгуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин этикасынын негиздери жөнүндө Жобо;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобо;

Кыргыз Республикасында башкарууну документтик камсыздоо боюнча (иш кагаздарын жүргүзүү) Типтүү нускама;

Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук;

Демилгечилдик, командада иштей алуу, жоопкерчилик;

• Иштиктүү кат алышууну ишке ашыра билүү.

 

Борбордук аппарат

Калкты документтештирүү жана архив иши башкармалыгы

  • Башкы адис - (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

- кесиптик жогорку билим;

- адистиги: юриспруденция, экономика же архив иши;

- же конкреттүү кызмат ордунун функционалдык багыттарына шайкеш келген жааттардагы үч жылдан аз эмес иш стажы жана кошумча кесипкөй билими бар болгон учурда каалаган тармактагы жогорку кесиптик билим.

- Стажы жана иш тажрыйбасы:

 

 - мамлекеттик кызматтын кенже кызмат орундарындагы бир жылдан аз эмес иш стажы, же адистиги боюнча  үч жылдан аз эмес иш стажы;

- Билүүсү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактардагы мыйзамдар;

- Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, “Маалыматташтыруу жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Ички миграция жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 ПЖ “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгын, КР Өкмөтүнүн токтомдорун: 2004-жылдын 27-июнундагы № 557 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылкы үлгүдөгү паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө”,  2011-жылдын 2-июнундагы № 332 “Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууга документтерди кабыл алуунун, тариздөөнүн, берүүнүн, эсепке алуунун, даярдоонун жана жалпы жарандык паспортторду жекелештирүүнүн тартиби жөнүндө” нускаманы билүү зарыл.

Ыктуулугу:

- жогору турган жетекчиликтин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- маалыматтарды топтоо, талдоо жана жалпылаштыруу;

- стратегиялык жана аналитикалык документтерди даярдоо;

- тиешелүү жааттагы атамекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

- башкармалыктын алдына коюлган милдеттерди чечүүдө демилге көтөрүү;

- стратегиялык жана концептуалдык милдеттерди аткаруунун индикаторлорун жана критерийлерин сапаттуу аныктоо;

- кесиптештери менен эффективдүү кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу.

  •  

- ишин пландоо

- эффективдүү угуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- башкаручулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу.

- маалымат базалары менен иштөө;

- презентацияларды даярдоо;

- кызматтык убактысын рационалдуу пайдалануу.

Тилдерди билүү:

- мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл көлөмдө билүү.

Компьютерде иштей билүүсү:

  • MS/Office;

- электрондук почтаны башкаруу.

Жеке сапаттары:

- чынчыл;

- жоопкерчиликтүү;

- тартиптүү;

- аткаруучу;

- пунктуалдуу;

- демилгечил;

- мотивдүү;

- эффективдүү;

- коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле жасоо;

- кесипкөй ыктуулуктарды жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.

Түйүндүү жүрүм-турум компетенциялары (түйүндүү жүрүм-турум компетенциялары методикалык көрсөтмөсүн караңыз):

- кардарларга багыт алуу;

- инновацияларга багыт алуу;

- командада иштөө;

- жыйынтыкка багыт алуу;

- аналитикалык ой-жүгүртүү;

- стратегиялык иш;

- кесипкөй өнүгүү;

- ийкемдүүлүк;

- лидерлик жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;

- маданияттар ортосундагы компетенция.

 

Кадр иштер бөлүмү

  • Башчы - (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

- жогорку кесипкөй билим;

- адистиги: юриспруденция, мамлекеттик / муниципалдык башкаруу, адам ресурстарын башкаруу же маалыматтык технологиялар, башкаруунун автоматташтырылган тутумдары жаатындагы жогорку билим;

- же конкреттүү кызмат ордунун функционалдык багыттарына ылайык келген жааттарда беш жылдан аз эмес иш стажы жана кошумча кесипкөй билими бар болгон учурда бардык тармактардагы жогорку кесиптик билими;

Билими

- илимий даражасы жана илимий наамы (колдоого алынат).

Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик кызматтын улук кызмат орундарындагы үч жылдан аз эмес иш стажы, же адистиги боюнча  беш жылдан аз эмес иш стажы;

- үч жылдан аз эмес жетекчилик иш стажы (колдоого алынат).

- Билүүсү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдар

- адам ресурстарын башкаруу жаатындагы билими;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгын; “Мамлекеттик кызматчыларга класстык чиндерди ыйгаруунун тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоонун тартиби жөнүндө” 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485, 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” жоболор; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:   2001-жылдын 16-майындагы № 234 “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына кошумча төлөө үчүн мамлекеттик кызматтагы иш стажын эсептөөнүн тартиби жөнүндө”, 2013-жылдын 27-майындагы № 286 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталуусуна мониторинг жүргүзүүнү тартиби жөнүндө”, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын бош мамлекеттик административдик кызмат орундарына сынак өткөрүү жөнүндө”, 2003-жылдын 24-июлундагы “Эмгек китепчелерин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” № 462 токтом.

Функционалдык милдеттери

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыздоо;

- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

- мамлекеттик органда белгиленген ички тартиптин, кызматтык нускамалардын тартибин, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенишүүнүн  тартибин сактоо;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;

- ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана кеңеш берүү;

- отчётторду түзүү;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- кол алдындагы мамлекеттик кызматчылардын жеке кызыкчылыктарынын пайда болуусунун алдын алуу же ведомстволук бөлүнүштө мамлекеттик кызматта кызыкчылыктардын жаңжалын жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

- бөлүмдүн ишин пландайт жана жетекчиликке белгиленген отчетторду берет;

- Кызмат тарабынан иштелип чыгып жаткан ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат, КР “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамына, КР эмгек мыйзамдарына, кадр иштерин жөнгө салган жоболорго, нускамаларга жана башка ченемдик документтерге ылайык кызматчыларды жумушка алуунун, жылыштыруунун жана бошотуунун өз убагында таризделишин контролдойт;

- Кызматтын башкаруу тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат;

- кадрларды тандоону жана жайгаштырууну камсыздайт, Кызматтын жетекчилигине түзүмдү өркүндөтүү, шаттык санды көбөйтүү же кыскартуу боюнча сунуштарды киргизет;

- Кызматтын мамлекеттик кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо жөнүндө сунуштарды киргизет;

- кадрлардын жылышуусу жөнүндө отчетторду жана маалыматтарды талдайт, Кызматтагы кадр ишин андан ары жакшыртуу боюнча зарыл сунуштарды иштеп чыгат;

- кадр маселелери боюнча уюштуруучулук-укуктук документтерди иштеп чыгат;

- ведомстволук органдардагы кадр иштери боюнча тажрыйбаны изилдейт жана жалпылаштырат, аларга практикалык жана методикалык жардам берет;

- бөлүмдүн кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;

- ай сайын функционалдык милдеттердин так аткарылуусу боюнча бөлүмдүн кызматкерлеринин ишине баа берет;

-компетенциясынын алкагында бөлүмдүн кызматтык документтерине кол коет;

-бөлүмдүн кызматкерлерин сыйлоо, аларга карата дисциплинардык чара көрүү жөнүндө сунуш киргизет;

-кызматтык нускамасында каралган жана жетектеген бөлүмдүн татыктуу иштөөсүн камсыздоо үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

 

Ведомстволук бөлүнүштөр

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

 

Чаткал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү

            • Башчы – (1 бирдик)

            Квалификациялык талаптар:

            - жогорку юридикалык билим;

            - мамлекеттик кызматтын кичи кызматтарындагы стажы бир жылдан кем эмес же адистиги боюнча стажы үч жылдан кем эмес;

            - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодексин, “Балдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексин, 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, 2007-жылдын 15-августундагы № 153 “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2011-жылдын 21-июлундагы № 149 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо тартиби жөнүндө нускаманы билүү;

            - мамлекеттик жана расмий тилдерди жазуу жана оозеки түрдө билүү.

            Ыктуулугу:

            - мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;

            - ишти натыйжалуу пландаштыруу;

            - жарандарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштерди жүргүзүү;

            - башкаруучу чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;

            - кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

            - маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

            - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

            - кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдына чыгууларды жүргүзүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

-  арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, резюме, өмүр баян, 3х4 сантиметр өлчөмүндөгү  – 2 даана фото сүрөт (кызыл фондо);

-  паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

-  зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясы, окумуштуулук даражасын же окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө жөнүндө документтеринин көчүрмөсү);

-  КР ИИМдин Маалымат борборунан соттуулугунун жок (бар) экендиги жөнүндө маалымкат (248-форма);

-  Иштеген жеринен сунуштамалар  (бар болсо).

Делого көктөлгөн документтерди жеке өзү же алып келүүсү же почта аркылуу “Конкурска” белгиси коюлган конверт менен   2015-жылдын 4-августу, саат 18:00гө чейинки мөөнөттө, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, № 208 кеңсе дарегине жөнөтүү керек. Телефону: 30-10-98.

Эскертүү: квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөдөн өтүү үчүн чакырылат.

Конкурс өткөрүлө турган күн жана орун жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Арызда байланыш телефондорун көрсөтүү зарыл.

 

Кененирээк маалымат төмөнкү сайтка жайгаштырылган:

www.mkk.gov.kg.

Өнөктөштөр