Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 26/10/2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

 

Кыргыз Республикасынын “Жарандык мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына алууга ачык конкурс жарыялайт:

 

Бардык кызмат орундары үчүн милдеттүү жалпы квалификациялык талаптар:

 

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандык мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  •  “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Маалымат алууга кепилдиктер жана эркиндиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  •  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик купуя сырларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин этикасынын негиздери жөнүндө Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобо;
  • Кыргыз Республикасында башкарууну документтик камсыздоо боюнча (иш кагаздарын жүргүзүү) Типтүү нускама;
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук;
  • Демилгечилдик, командада иштей алуу, жоопкерчилик;

 

Борбордук аппарат

 

Уюштуруу-инспекция иштер бөлүмү

  • Башкы адис – (1 бирдик)

-Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим;

- адистиги: юриспруденция;

- же конкреттүү кызмат ордунун тиешелүү иш багыттарына шайкеш келген чөйрөлөрдө үч жылдан аз эмес стажы жана кошумча кесиптик билими бар болгон шартта бардык багыттардагы жогорку кесиптик билим.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы бир жылдан кем эмес стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан аз эмес иш стажы.

Билүү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактын мыйзамдары;

- «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу», «Ички аудит тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 286 токтому менен бекитилген  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында кызматтык иликтөө жүргүзүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” убактылуу жобо.

Ыктуулугу:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-стратегиялык жана аналитикалык материалдарды даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык ишине пайдалануу;

- бөлүмдүн алдына коюлган милдеттерди чечүүдө демиге көтөрүү;

- стратегиялык жана концептуалдык милдеттерди аткаруунун индикаторлорун жана критерийлерин сапаттуу аныктоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу.

  •  

- ишти пландоо;

- натыйжалуу угуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-бетачарларды даярдоо;

- кызматтык убактысын сарамжалдуу пайдалануу.

Тилдерди билүү:

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютерди билүү:

- MS/Office;

- электрондук почтаны башкаруу.

Функционалдык милдеттери:

- Кызматтын кызматкерлеринин укук бузуулары жөнүндө жарандардын даттанууларын, арыздарын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын кайрылууларын мыйзамдардын талаптарына ылайык текшерет;

- Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана аймактык органдарынын ишин контролдойт жана инспекциялайт;

- текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча корутундуларды даярдайт жана аларды Кызматтын жетекчилигине берет;

- аныкталган бузуулар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт, жүйөлүү корутунду берет.

- Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк, ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана Кызматтын алдындагы бөлүнүштөрдүн жетекчилигине иликтөөлөр жана текшерүүлөр аяктаганга чейин кызматкерлерди кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетүү жөнүндө сунуш киргизет;

- Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жооптуу кызматкерлери, жумушчу топтору жана комиссиялары тарабынан мурда жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөлөрдү, териштирүүлөрдү, текшерүүлөрдү кошумча текшерүүнү өткөрөт;  

- Кызматтын төрагасына материалдарды укук коргоо органдарына берүү жөнүндө сунуш киргизет.

 

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча

ыйгарым укуктуу кызматкер (С-А)

 

Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим

- адистиги: юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы бир жылдан кем эмес стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан аз эмес иш стажы.

Билүү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактын мыйзамдары;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырларын коргоо жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар”.

  •  

- чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана ишке ашыруу;

- кабыл алынган чечимдердин натыйжаларын контролдоо, талдоо жана болжолдоо;

- өзүнүн жумуш убактысын пландоо жана уюштуруу;

- кесиптик кызматтык ишин пландоо;

- органдар жана жарандар менен эриш-аркак иш жүргүзүү;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- аткаруу тартиби;

- жаңжалдардын алдын алуу жана чечүү;

- стратегиялык максаттарды жана милдеттерди аныктоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- салыштырмалуу талдоо жүргүзүү.

Көндүмдөрү:

- аналитикалык, кызматтык документтерди, түзүү, презентация өткөрүү көндүмү;

- жамаатта иштөө;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эл алдында чыгып сүйлөө, презентацияларды, отурумдарды, окуу семинарларын уюштуруу жага өткөрүү;

- тапшырмаларды ыкчам аткаруу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл программалык продукттарды колдоно билүү.

Тилдерди билүү:

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютерди билүү:

- MS/Office;

- электрондук почта менен иштөө.

Функционалдык милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыздоо;

- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

- Кызматта белгиленген ички тартип эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл квалификация деңгээлин кармап туруу;

- чет өлкөлөрдүн коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы тажрыйбасын иликтөө жана бул тармактагы өзүнүн билимдерин өркүндөтүү;

- коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарды иликтөө жана практикасын талдоо;

- Кызматтагы коррупциялык тобокелдиктерди балоо жана башкарууну жүргүзүү, аныкталган тобокелдиктерди азайтуу жана жоюу (башкаруу) боюнча сунуштарды даярдоо;

- кызыкчылыктардын жаңжалын пайда кылууга шарт түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо жана жөнгө салуу боюнча иш жүргүзүү;

- мамлекеттик кызматчылардын этикалык стандарттарын жана жүрүм-турум образдарын жана ак ниеттүү башкаруу принциптерин киргизүү боюнча иш жүргүзүү;

- түзүмдүк, ведомстволук бөлүнүштөр менен бирге Кызматтын коррупцияга каршы программасын жана планын иштеп чыгуу, аларды аткаруу процессин координациялоо;

- жарандардын жана юридикалык жактардын арыздары, анын ичинен “ишеним телефону” жана электрондук почта аркылуу келип түшкөн арыздар менен жүргүзүлгөн Кызматтын бөлүнүштөрүнүн ишинде коррупция фактыларынын бар болуу предметине талдоо жүргүзүү;  

- төмөнкү маселелер боюнча материалдарды даярдоо жана Кызматтан жетекчилигине берүү: коррупция көйгөйлөрүнө, коррупциогендүү факторлорго жана коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу чараларына арналган массалык маалымат каражаттарындагы материалдар; жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын коррупциялык коркунучтардан коргоо маселелери боюнча алардын кайрылууларын кароо практикасын талдоо;

- Кызматтын кызматкерлери тарабынан чектөөлөрдүн, тыюу салуулардын, ошондой эле кызыкчылыктардын жаңжалын алдын алууга жана жөнгө салууга багытталган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамында жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган ченемдердин талаптарынын аткарылышын камсыздоого адам ресурстарын башкаруу боюнча кызматка көмөктөшүү;

- кызматкерлерди коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу фактыларын, анын ичинен кызыкчылыктардын жаңжалдарына байланышкан фактыларды эсепке алуу, жана мындай жагдайларда зарыл чараларды көрүү маселеси боюнча аларга кеңеш берүү;

- Кызматтын ишинин ачыктыгын жана маалыматтык айкындуулугун жогорулатууга көмөктөшүү;

- Кызматта коррупцияны алдын алуу процессине жарандык коомдун институттарын тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

- коррупцияга каршы пропаганда жүргүзүү жана калктын арасында  жүзөгө ашырылып жаткан преветивдүү чаралар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү программасын жана планын иштеп чыгуу;

- кызматтык иликтөө жүргүзгөн, кызыкчылыктардын жаңжалы жөнүндө декларацияларды караган жана талдаган комиссиялардын, ошондой эле этика боюнча комиссиянын ишине катышуу;

- органдын коррупциялык тобокелдиктеринин тизмегин жана кызыкчылыктардын жаңжалдарынын типтүү жагдайларынын маалыматтык базасын калыптандыруу;

-Кызматтын Коомдук байкоочу кеңешинин ишин уюштуруу;

- кварталдык негизде коррупцияга каршы Программаны, Планды жана ведомстволук пландарды ишке ашырууну баалоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүнүшүнө берүү үчүн Кызматтын отчетторун түзүү;

- ар жылдык негизде Кызматтын коллегиясында каралууга жаткан негизги маалыматтарды берүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, резюме, өмүр баян, 3х4 сантиметр өлчөмүндөгү  – 2 даана фото сүрөт (кызыл фондо);
  • паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясы, окумуштуулук даражасын же окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөсү);
  • КР ИИМдин Маалымат борборунан соттолбогону жөнүндө маалымкат (маалымкаттын берилген күндөн тартып 6 айдан ашпаган убакытка жарактуу болот);
  • иштеген жеринен сунуштамалар  (колдоого алынат).

 

Делого көктөлгөн документтерди жеке өзү алып келүүсү же почта аркылуу “Конкурска” белгиси коюлган конверт менен   2016-жылдын 8-ноябры, саат 18:00гө  чейин Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, № 102 кеңсе дарегине жөнөтүү керек. Телефону: 62-49-15.

 

Кененирээк маалымат төмөнкү сайтта жайгаштырылган:

http://www.mkk.gov.kg/

 

Өнөктөштөр