Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 17/01/2017

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

 

Кыргыз Республикасынын “Жарандык мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына алууга ачык конкурс жарыялайт:

 

Бардык кызмат орундары үчүн милдеттүү жалпы квалификациялык талаптар:

 

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  •  “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Маалымат алууга кепилдиктер жана эркиндик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  •  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик купуя сырларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин этикасынын негиздери жөнүндө Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобо;
  • Кыргыз Республикасында башкарууну документтик камсыздоо боюнча (иш кагаздарын жүргүзүү) Типтүү нускама;
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук;
  • Демилгечилдик, командада иштей алуу, жоопкерчилик;

 

 

 

 

Борбордук аппарат

 

Коомчулук менен байланышуу боюнча бөлүм

  • адис – (1 бирдик)

Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим;

- адистиги: филология, журналистика, социология же политология.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

Билүү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдар

- Кыргыз Республикасынын "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "Маалыматка жетүү мүмкүндүгүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү мүмкүндүгү жөнүндө", “Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө” мыйзамдарын билүү.

Ыктуулугу:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- коюлган милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыкмаларды пайдалануу;

- маалыматты топтоо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- пресс-релиздерди, макалаларды жазуу;

- бет ачарларды түзүү;

- ММКдагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

- командада иштөө.

Көндүмү:

-  расмий сайтты жүргүзүү;

- WORD, Excel, MS Office, Corel DRAW + Photoshop, PowerPoint программалары менен иштей билүү;

- пресс-конференцияларды, семинарларды, тренингдерди уюштуруу;

- «Токтом» маалыматтык тутуму менен иштөө;

- интернет мейкиндигинин социалдык тармактарында иштөө.

- КРӨ Регламентин билүү жана ченемдик укуктук актыларды даярдоодо колдонуу.

Тилдерди билүү:

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Функционалдык милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- кызматтык этика ченемдерин сактоо;

- мамлекеттик органда белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификация деңгээлин кармап туруу;

- отчетторду түзүү;

- өзүнүн компетенттүүлүгүнүн чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде, кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелерин жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

- Кызматтын жетекчилигинин стратегиялык чечимдерин даярдоонун жана ишке ашыруунун бардык этаптарында аналитикалык коштоо;

- Кызматтын жетекчилигине өнүктүрүү стратегиясынын долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды берүү;

- бөлүмдүн документтерин комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу, бөлүмдүн документ жүгүртүү боюнча иштерин жүргүзүү;

- Кызматтын ишеним телефонунун иштөөсү боюнча иштерди жүргүзүү;

- Кызматтын расмий сайтына пресс-релиздерди жайгаштыруу жана аларды ММК электрондук даректерине жөнөтүү;

- кызматтык каттарды даярдоо;

- Кызмат өткөргөн иш-чараларга ММК аккредитациялоону өткөрүү;

- ММК мониторингин жүргүзүү.

 

Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү

  • адис – (1 бирдик)

Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим;

- адистиги: экономика, финансы - экономикалык, бухгалтердик эсеп.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт (М-А категориясы үчүн бир жыл иш стажынын болушу колдоого алынат).

Билүү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдар;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү зарыл: «Бухгалтердик эсеп жөнүндө», «Бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген «Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобо»; финансы жаатындагы мыйзамдар, бюджетти түзүү, атайын каражаттарды түзүү, эсептерди ачуу, бухгалтердик эсепти, бюджеттик классификацияны, бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча методологиялык документтерди уюштуруу жана жүргүзүү, бухгалтердик эсептин документтерин жүргүзүү, эмгек маянаны, салык салууну, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, кирешелерди жана мүлктү декларациялоо.

  •  

 - жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык ишинде пайдалануу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБО кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;

- ЧУА талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште пайдалануу

- жарандардын жана түзүмдүк ведомстволук бөлүнүштөрдүн кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;

Көндүмдөрү:

- аналитикалык иштер;

- ишти пландоо;

- натыйжалуу угуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну билүү;

- маалыматтык базалар менен иштөө;

- дооматтарды даярдоо;

- кызматтык убактысын сарамжалдуу пайдалануу.

Тилдерди билүү:

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютерди билүү:

- MS/Office;

- электрондук почта менен иштөө.

Функционалдык милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- кызматтык этика ченемдерин сактоо;

- белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

- Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүү;

- Кызматтын мезгилдүү отчетторунун казынанын аймактык бөлүмдөрүнүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө мезгилдүү отчетторуна шайкеш келүүсүн салыштырып текшерүү

- баштапкы эсеп документтерин, бухгалтердик эсептин регистрлерин жана бухгалтердик отчетторду сактоо;

-акча каражаттарын, товардык-материалдык баалуулуктарды жана негизги каражаттарды толук эсепке алууну камсыздоо жана алардын кыймылы менен байланыштуу операцияларды бухгалтердик баланста өз убагында чагылдыруу;

-бюджеттик, төлөм тапшырыктарын даярдоо жана Кызмат боюнча төлөм операцияларын өз убагында жүргүзүү;

- бюджеттик жана атайын эсептер боюнча ар айлык отчетторду түзүү (№2 жана №4 формалар) жана казынанын аймактык бөлүмдөрүнө берүү;

-касса боюнча акча каражаттарын эсепке алуу жана башкы бухгалтерге кассалык отчетторду берүү;

- эсептер боюнча банк документтерин эсепке алат жана башкы бухгалтерге өз убагында отчет берет;

-кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чара көрүү;

-жарандардын жана юридикалык жактардын даттанууларын, арыздарын, кайрылууларын жана сунуштарын белгиленген тартипте кароо;

-жогору турган жетекчилердин ыйгарым укуктарынын алкагында берилген тескемелерин жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

 

-  жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, резюме, өмүр баян, 3х4 сантиметр өлчөмүндөгү  – 2 даана фото сүрөт (кызыл фондо);

-  паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

-  зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясы, окумуштуулук даражасын же окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөсү);

-  иштеген жеринен сунуштамалар  (колдоого алынат).

 

Делого көктөлгөн документтерди жеке өзү алып келүүсү же почта аркылуу “Конкурска” белгиси коюлган конверт менен   2017-жылдын 30-январы, саат 18:00гө  чейин Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, № 104 кеңсе дарегине жөнөтүү керек. Телефону: 30-10-98.

 

Кененирээк маалымат төмөнкү сайтта жайгаштырылган:

www.mkk.gov.kg

 

.

Өнөктөштөр