Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 14/03/2017

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

 

Кыргыз Республикасынын “Жарандык мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына алууга ачык конкурс жарыялайт:

 

Бардык кызмат орундары үчүн милдеттүү жалпы квалификациялык талаптар:

 

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  •  “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Маалымат алууга кепилдиктер жана эркиндик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  •  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик купуя сырларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин этикасынын негиздери жөнүндө Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобо;
  • Кыргыз Республикасында башкарууну документтик камсыздоо боюнча (иш кагаздарын жүргүзүү) Типтүү нускама;
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук;
  • Демилгечилдик, командада иштей алуу, жоопкерчилик;

 

 

 

 

Борбордук аппарат

 

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча

ыйгарым укуктуу кызматкер (С-А)

Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим

- адистиги: юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы бир жылдан кем эмес стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан аз эмес иш стажы.

Билүү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактын мыйзамдары;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырларын коргоо жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар”.

  •  

- чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана ишке ашыруу;

- кабыл алынган чечимдердин натыйжаларын контролдоо, талдоо жана болжолдоо;

- өзүнүн жумуш убактысын пландоо жана уюштуруу;

- кесиптик кызматтык ишин пландоо;

- органдар жана жарандар менен эриш-аркак иш жүргүзүү;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- аткаруу тартиби;

- жаңжалдардын алдын алуу жана чечүү;

- стратегиялык максаттарды жана милдеттерди аныктоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- салыштырып талдоо жүргүзүү.

Көндүмдөрү:

- аналитикалык, кызматтык документтерди, түзүү, презентация өткөрүү көндүмү;

- жамаатта иштөө;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эл алдында чыгып сүйлөө, презентацияларды, отурумдарды, окуу семинарларын уюштуруу жага өткөрүү;

- тапшырмаларды ыкчам аткаруу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл программалык продукттарды колдоно билүү.

Тилдерди билүү:

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютерди билүү:

- MS/Office;

- электрондук почта менен иштөө.

Функционалдык милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыздоо;

- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

- Кызматта белгиленген ички тартип эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл квалификация деңгээлин кармап туруу;

- чет өлкөлөрдүн коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы тажрыйбасын иликтөө жана бул тармактагы өзүнүн билимдерин өркүндөтүү;

- коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарды иликтөө жана практикасын талдоо;

- Кызматтагы коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана башкарууну жүргүзүү, аныкталган тобокелдиктерди азайтуу жана жоюу (башкаруу) боюнча сунуштарды даярдоо;

- кызыкчылыктардын жаңжалын пайда кылууга шарт түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо жана жөнгө салуу боюнча иш жүргүзүү;

- мамлекеттик кызматчылардын этикалык стандарттарын жана жүрүм-турум образдарын жана ак ниеттүү башкаруу принциптерин киргизүү боюнча иш жүргүзүү;

- түзүмдүк, ведомстволук бөлүнүштөр менен бирге Кызматтын коррупцияга каршы программасын жана планын иштеп чыгуу, аларды аткаруу процессин координациялоо;

- жарандардын жана юридикалык жактардын арыздары, анын ичинен “ишеним телефону” жана электрондук почта аркылуу келип түшкөн арыздар менен жүргүзүлгөн Кызматтын бөлүнүштөрүнүн ишинде коррупция фактыларынын бар болуу предметине талдоо жүргүзүү;  

- төмөнкү маселелер боюнча материалдарды даярдоо жана Кызматтан жетекчилигине берүү: коррупция көйгөйлөрүнө, коррупциогендүү факторлорго жана коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу чараларына арналган массалык маалымат каражаттарындагы материалдар; жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын коррупциялык коркунучтардан коргоо маселелери боюнча алардын кайрылууларын кароо практикасын талдоо;

- Кызматтын кызматкерлери тарабынан чектөөлөрдүн, тыюу салуулардын, ошондой эле кызыкчылыктардын жаңжалын алдын алууга жана жөнгө салууга багытталган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамында жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган ченемдердин талаптарынын аткарылышын камсыздоого адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмгө көмөктөшүү;

- кызматкерлерди коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу фактыларын, анын ичинен кызыкчылыктардын жаңжалдарына байланышкан фактыларды эсепке алуу, жана мындай жагдайларда зарыл чараларды көрүү маселеси боюнча аларга кеңеш берүү;

- Кызматтын ишинин ачыктыгын жана маалыматтык айкындуулугун жогорулатууга көмөктөшүү;

- Кызматта коррупциянын алдын алуу процессине жарандык коомдун институттарын тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

- коррупцияга каршы пропаганда жүргүзүү жана калктын арасында  жүзөгө ашырылып жаткан превентивдүү чаралар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү программасын жана планын иштеп чыгуу;

- кызматтык иликтөө жүргүзгөн, кызыкчылыктардын жаңжалы жөнүндө декларацияларды караган жана талдаган комиссиялардын, ошондой эле этика боюнча комиссиянын ишине катышуу;

- органдын коррупциялык тобокелдиктеринин тизмегин жана кызыкчылыктардын жаңжалдарынын типтүү жагдайларынын маалыматтык базасын калыптандыруу;

-Кызматтын Коомдук байкоочу кеңешинин ишин уюштуруу;

- кварталдык негизде коррупцияга каршы Программаны, Планды жана ведомстволук пландарды ишке ашырууну баалоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүнүшүнө берүү үчүн Кызматтын отчетторун түзүү;

- ар жылдык негизде Кызматтын Коллегиясында каралууга жаткан негизги маалыматтарды берүү.

 

Пландоо жана экономикалык талдоо бөлүмү

  • Жетектөөчү адис – (1 бирдик)

Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим;

- адистиги: экономика, финансы, менеджмент, бухгалтердик эсеп жана аудит.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

 Билүү зарыл:

- «Бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августудагы № 531 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 8-майындагы № 85-б буйругу менен бекитилген “Казына эсептерин ачуу, уруксат алуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу процессинде финансылык операцияларды ишке ашыруунун тартиби  жөнүндө” Нускаманы билүү;

 Ыктуулугу:

- жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык ишинде пайдалануу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин эффективдүү пландоо;

- корреспонденцияларды тутумдаштыруу, иш кагаздарын жүргүзүү;

Көндүмү:

- ишти пландоо;

- эффективдүү угуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышуу;

- маалыматтык базалар менен иштөө;

- бет ачарларды даярдоо;

- кызматтык убактысын сарамжалдуу пайдалануу.

Тилдерди билүү:

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютерди билүү:

- MS/Office;

- электрондук почта менен иштөө.

Функционалдык милдеттери:

-Кызматтын тиешелүү ведомстволук бөлүнүштөрү үчүн мүнөздүү өндүрүштүк көрсөткүчтөрдөн алынган сметалардын долбоорлорунун эсептөөлөрүнүн негизинде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык түзүлгөн Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн чыгымдарынын сметаларынын долбоорлорун чогултат;

- Кызматтын ишинин стратегиялык милдеттерин чечүү жана бюджеттин аткарылышын контролдоону ишке ашыруу үчүн жалпы Кызмат боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн экономикалык негиздемесин, бюджеттик финансылоонун көлөмүнүн беренелер боюнча эсептөөлөрүн даярдайт;

- беренелер боюнча чыгымдардын республикалык бюджет боюнча сметасын жана кварталдарга бөлүштүрүү менен Кызматтын борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн бюджеттик чыгымдар боюнча жыйынды жана индивидуалдуу сметаларын түзөт;

- беренелер боюнча атайын каражаттар боюнча сметаны жана кварталдарга бөлүштүрүү менен Кызматтын борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн бюджеттик чыгымдар боюнча жыйынды жана индивидуалдуу сметаларын түзөт;

- Кызматтын борбордук аппараты, ведомстволук бөлүнүштөрү боюнча акча каражаттарынын бюджеттик классификациясынын беренелеринин чектеринде финансылоону ачуу боюнча иш жүргүзөт;

- Кызматтын борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн республикалык бюджеттин чыгашалары боюнча сметаларынын аткарылышын талдоону ишке ашырат;

- Кызматтын борбордук аппаратынын жана чарбалык эсептеги ведомстволук бөлүнүштөрүнүн атайын каражаттар боюнча кирешелер жана чыгашалар сметаларынын аткарылышын талдоону ишке ашырат.

 

Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү

  • Жетектөөчү адис – (1 бирдик)

Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим;

- адистиги: экономика, финансы - экономикалык, бухгалтердик эсеп.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт

Билүү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдар;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү зарыл: «Бухгалтердик эсеп жөнүндө», «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген «Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобо»; финансы жаатындагы мыйзамдар, бюджетти түзүү, атайын каражаттарды түзүү, эсептерди ачуу, бухгалтердик эсепти, бюджеттик классификацияны, бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча методологиялык документтерди уюштуруу жана жүргүзүү, бухгалтердик эсептин документтерин жүргүзүү, эмгек маянаны, салык салууну, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, кирешелерди жана мүлктү декларациялоо.

  •  

 - жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык ишинде пайдалануу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБО кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;

- ЧУА талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште пайдалануу;

- жарандардын жана түзүмдүк ведомстволук бөлүнүштөрдүн кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;

Көндүмдөрү:

- аналитикалык иштер;

- ишти пландоо;

- натыйжалуу угуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү;

- маалыматтык базалар менен иштөө;

- бетачарларды даярдоо;

- кызматтык убактысын сарамжалдуу пайдалануу.

Тилдерди билүү:

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютерди билүү:

- MS/Office;

- электрондук почта менен иштөө.

Функционалдык милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

- белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

- “Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө жобого” ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүү;

- Кызмат  тарабынан берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча эсепке алууну жүргүзүү;

- Казынанын көчүрмөсүнө ылайык кирешелер боюнча айлык, кварталдык жана жылдык отчетторду түзүү;

- Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрү, Банк-агент, региондук казына бөлүмчөлөрү менен өз ара эсептешүүлөрдү ай сайын салыштырып текшерет жана салыштырып текшерүү актыларын даярдайт;

- түрлөрү боюнча Кызматтын кирешелерине байланыштуу операцияларды бухгалтердик эсептин эсептерине чагылдырат.

 

Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү

  • Адис – (1 бирдик)

Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим;

- адистиги: экономика, финансы-экономикалык, бухгалтердик эсеп.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт

Билүү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдар;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Бухгалтердик эсеп жөнүндө», «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген «Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобо»; финансы жаатындагы мыйзамдар, бюджетти түзүү, атайын каражаттарды түзүү, эсептерди ачуу, бухгалтердик эсепти, бюджеттик классификацияны, бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча методологиялык документтерди уюштуруу жана жүргүзүү, бухгалтердик эсептин документтерин жүргүзүү, эмгек маянаны, салык салууну, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, кирешелерди жана мүлктү декларациялоо.

  •  

 - жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык ишинде пайдалануу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБО кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;

- ЧУА талдоо жүргүзүү жана аны практикалык ишинде пайдалануу;

- жарандардын жана түзүмдүк, ведомстволук бөлүнүштөрдүн кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;

Көндүмдөрү:

- аналитикалык иштер;

- ишти пландоо;

- натыйжалуу угуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну билүү;

- маалыматтык базалар менен иштөө;

- бетачарларды даярдоо;

- кызматтык убактысын сарамжалдуу пайдалануу.

Тилдерди билүү:

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютерди билүү:

- MS/Office;

- электрондук почта менен иштөө.

Функционалдык милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- кызматтык этика ченемдерин сактоо;

- белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

- Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүү;

- Кызматтын мезгилдүү отчетторунун казынанын аймактык бөлүмдөрүнүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө мезгилдүү отчетторуна шайкеш келүүсүн салыштырып текшерүү

- баштапкы эсеп документтерин, бухгалтердик эсептин регистрлерин жана бухгалтердик отчетторду сактоо;

-акча каражаттарын, товардык-материалдык баалуулуктарды жана негизги каражаттарды толук эсепке алууну камсыздоо жана алардын кыймылы менен байланыштуу операцияларды бухгалтердик баланста өз убагында чагылдыруу;

-бюджеттик, төлөм тапшырыктарын даярдоо жана Кызмат боюнча төлөм операцияларын өз убагында жүргүзүү;

- бюджеттик жана атайын эсептер боюнча ар айлык отчетторду түзүү (№2 жана №4 формалар) жана казынанын аймактык бөлүмдөрүнө берүү;

-касса боюнча акча каражаттарын эсепке алуу жана башкы бухгалтерге кассалык отчетторду берүү;

- эсептер боюнча банк документтерин эсепке алат жана башкы бухгалтерге өз убагында отчет берет;

-кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чара көрүү;

-жарандардын жана юридикалык жактардын даттанууларын, арыздарын, кайрылууларын жана сунуштарын белгиленген тартипте кароо;

-жогору турган жетекчилердин ыйгарым укуктарынын алкагында берилген тескемелерин жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу.

 

Контролдоо, документтик камсыздоо жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө башкармалыгы

  • Башкы адис – (1 бирдик)

Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим;

- адистиги: филология же мамлекеттик же муниципалдык башкаруу.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы бир жылдан кем эмес стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан аз эмес иш стажы.

Билүү зарыл:

- жалпы мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдар;

- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”, 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө”, 2013-жылдын 7-майындагы № 22 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтар камтылган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомдорун билүү зарыл;

  •  

 - жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- маалыматтарды топтоо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

- стратегиялык жана аналитикалык документтерди даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык ишинде пайдалануу;

- башкармалыктын алдына коюлган милдеттерди чечүүдө демилге көтөрүү;

- стратегиялык жана концептуалдуу милдеттерди аткаруунун идикаторлорун жана критерийлерин сапаттуу аныктоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу.

  •  

- ишти пландоо;

- натыйжалуу угуу;

- мамлекттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- башкаруучу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

-маалыматтык базалар менен иштөө;

- бетачарларды даярдоо;

- кызматтык убактысын үнөмдүү пайдалануу.

Тилдерди билүү:

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютерди билүү:

- MS/Office;

- электрондук почта менен иштөө.

Функциялык милдеттери:

- Кызматта белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

      - кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

      - кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болуучу квалификациянын деңгээлин сактоо;

      - автоматташтырылган тутумдарды жана прогрессивдүү технологияларды колдонуу аркылуу документтердин формаларынын санын кыскартуу жана документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу боюнча чараларды көрөт;

      - жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу жана өз убагында аткаруу;

      - башкармалыктын начальниги убактылуу жок болгон учурда (оору, өргүү, иш сапарлары ж.б.у.с.) анын ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткарат, бул учурда тиешелүү укуктарга ээ болот жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;

      - документтик камсыздоо маселелери боюна Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүн текшерет;

      - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, жогору турган органдардын тапшырмаларын, Кызматтын ички актыларын аткаруу мөөнөттөрүн контролдойт, жетекчиликтин протоколдук жана башка тапшырмаларын, Коллегиянын чечимдерин аткаруунун жүрүшүн талдайт;

      - Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндөгү аткаруу тартибинин абалы жөнүндө аналитикалык маалыматтарды даярдап, Кызматтын жетекчилигине берет;

      - белгиленген тартипте буйруктарды, тескемелерди, коллегиянын чечимдерин, коллегиянын отурумдарынын, Кызматтын жетекчилигинде өткөн аппараттык кеңешмелердин протоколдорун, “КПҮ” грифи бар документтерди каттайт;

      - Кызматтын жетекчилигинин тапшырмаларына ылайык документтерди көбөйтүүнү камсыздайт жана белгиленген тартипте аткаруучуларга жиберет;

      - “Аскид” программасы боюнча маалыматтык базаны түзөт.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

-  жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, фотосүрөт;

-  паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде, ошондой эле тестирлөө баскычында көрсөтүлөт);

-  зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуулук даражасын же окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөсү);

-  иштеген жеринен сунуштамалар  (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча).

 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Делого көктөлгөн документтерди 2017-жылдын 28-мартында, саат 18:00гө  чейин Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, № 102 кеңсе дарегине жеке өзү алып келиши же почта аркылуу “Конкурска” белгиси коюлган конверт менен  жөнөтүү керек.

Телефону: 62-49-15. 

 

Кененирээк маалымат төмөнкү сайтта жайгаштырылган:

www.mkk.gov.kg

 

 

Өнөктөштөр