Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 06/06/2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлөөгө

ички конкурс жарыялайт:

 

      

 

 

Директордун орун басары Г-А

            1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

            - жерге жайгаштыруу, геодезия, картография, юриспруденция, экономика, агрономия, гидромелиорация, архитектура, курулуш багыттары боюнча жогорку билим.

            2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 3 жылдан кем эмес иш стажы же конкреттүү кызмат ордунун тиешелүү тармактык багытындагы тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесипкөй компетенциялары:

            Билүү зарыл:

            - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

- Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө»; «Жайыттар жөнүндө»; «айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө»; «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 16-январындагы № 895-IV токтому менен бекитилген Запас жерлерди калыптандыруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 08-декабрындагы  № 427 токтому менен бекитилген Айыл чарба багытындагы жер участокторун алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 08-декабрындагы  № 311 токтому менен бекитилген жер участогуна укуктарды күбөлөндүргөн документтерди тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы  № 177 токтому менен бекитилген Жеке турак жай курууга жер участогун берүү тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы  № 388 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы  № 169 токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобо.

Ыктуулугу:

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүү ыкмаларын талдоо, болжолдоо, жалпылаштыруу, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

- башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болуу;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин эффективдүү пландоо;

- ведомстволор аралык өз ара байланыш.

Көндүмдөрү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, кол алдындагыларга мамлекеттик органдын жетекчилигинин максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- маалыматтарды талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылаштыруу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- жаңжалдуу жагдайларды жөнгө салуу;

- эффективдүү өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, коомдун алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү керек: 

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, фотография;

- паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы конкурска документтер тапшырылган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);

-  зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясы, окумуштуулук даражасын же окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөсү);

- сунуштама каттар (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча).

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген талапкерлер конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмгө тиркелген документтерди 2017-жылдын 12-июнунда (кошо эсептелет)  саат 18:00гө чейинки мөөнөттө КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл, № 102 кеңсе, телефону: 62-49-15.

 

Өнөктөштөр