Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 04/07/2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

2016-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши тарабынан жактырылган Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинде тутумдук коррупцияны демонтаждоо боюнча деталдаштырылган иш-чаралар планына ылайык бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт:

 

Жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Билүү:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  •  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; “Маалыматка жетүү кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө”; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; “Административдик ишмердиктин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; “Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы      № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы      № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  1. Билүү:
  • мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык өнүмдөрдү.

 

Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти

Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы

Башкы бухгалтер – (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

Билими:

  • экономика, бухгалтердик эсеп, финансы жана кредит багыты боюнча жогорку билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • экономика, бухгалтердик эсеп, финансы жана кредит жаатында 3 жылдан кем эмес иш стажы.
    •  
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Салык кодекси;
  • “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүү усулу жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 1994-жылдын 23-июлундагы № 1/7 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Иш сапардын чыгымдарынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансылык отчеттуулук жана аудит стандарттары боюнча 2002-жылдын 23-декабрындагы № 29 “Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө өтүү боюнча усулдук сунуштар жөнүндө” токтому.

Ыктуулугу:

  • иштин келечектүү багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүү жолдорун талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
  • башкаруучулук чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • алдыга коюлган маселелерди чечүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо.

Көндүмдөр:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди даярдоо;
  • кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, жетекчиликтин стратегиялык максаттарын жана сунуштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын издөө;
  • маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • талаш-тартыш кырдаалдарды жөнгө салуу.
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди куруу, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, элге чыгып сүйлөөнү жүргүзүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуулук даража же окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү);
  • КР ИИМден соттолбогону тууралуу маалымкат.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди   2017-жылдын 12-июлуна чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө  чейин, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44 дареги боюнча № 102 бөлмөгө берүү керек, телефону: 62-49-15.

 

 

 

 

Өнөктөштөр