Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 13/10/2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордуна

ички конкурс жарыялайт :

 

Ведомстволук бөлүнүш

Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаменти

 

Ысык-Көл аймактык каттоо-сынак бөлүмүнүн башчысысынын орун басары Г-Б

            1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

            - төмөнкү адистиктер боюнча жогорку билим: автоунаалар жана автоунаа чарбасы; жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздук; жол кыймылын уюштуруу; ташууларды уюштуруу жана транспорттон башкаруу; автоунаа жолдору жана аэродромдор; автоунаа жолдору, көпүрөлөр жана тоннелдер; транспорт каражаттарын пайдалануу; жол жана курулуш машиналары; транспорттук технологиялык машиналарды жана комплекстерди пайдалануу жана башкаруу; транспорттук процесстердин технологиялары; айыл чарбасын механикалаштыруу; агрардык өнөр жай комплексинде машиналарды тейлөө жана оңдоо, автоунаа жолдорун куруу жана оңдоо жана/же юриспруденция.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

            - «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 603 токтому менен бекитилген тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды (автотранспорттон башкасын), алардын чиркегичтерин, ошондой эле технологиялык түзүлүштөрдү мамлекеттик каттоонун эрежелери;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 603 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органдары тарабынан квалификациялык экзамендерди алуунун жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүнүн эрежелери;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 токтому менен бекитилген Экзамендерди кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана транспорт каражаттарын башкарууга айдоочуларга уруксат берүү тартиби жөнүндө Жобо;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелери;         

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартибин;

            -  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тизмегин;

 

             - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаменти жөнүндо жобо.

            Ыктуулуктары:

  • транспорт каражаттарынын заводдук маркаларын жана категорияларын аныктоо;
  • транспорт каражаттары боюнча маалымдама материалдары менен иштөө;
  • маркировкалардын, номерлүү түйүндөрдүн жана агрегаттардын жайгашкан ордун аныктоо;
  • заводдун жана кошумча орнотулган жабдуулардын бар экендигин айырмалоо;
  • транспорт каражаттарынын сатуу-алуу, алмашуу келишимдерин юридикалык күбөлөндүрүү;

-  түзүмдүк бөлүнүштү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, бекитүү жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

            - ведомстволор аралык алака түзүү;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдүн ишин талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;

            - башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

            - кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

      Көндүмдөрү:

            - транспорт каражаттарын башкаруу жана эң кеминде В, В1, С, С1 категорияларындагы айдоочунун күбөлүгүнүн бар болушу;

  - маалыматтарды талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

                        - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- натыйжалуу алака түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн, эл алдында чыгып сүйлөөнүн ыкмаларын билүү;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл программалык продукттарды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен) резюме, фотосүрөт;

- паспортунун көчүрмөсү;

- зарыл кесипкөй билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтери (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражасын жана же окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндө документтеринин нотариуста же иштеген орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү)

 Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди же маалыматтарды берген адамдар конкурска катышууга киргизилбейт.

 Көктөмгө тиркелген документтерди 2017-жылдын 19-октябрында саат 18:00гө чейинки мөөнөттө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.

Дареги: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, 102-кеңсе, телефону: 62-49-15.

 

 

 

Өнөктөштөр