Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 24/03/2015

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына алууга конкурс жарыялайт:

Бардык кызмат орундары үчүн милдеттүү жалпы квалификациялык талаптар:

Билүү зарыл:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамдары;

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Маалымат алууга кепилдиктер жана эркиндик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Жарандардын кайрылууларын карап чыгуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин этикасынын негиздери жөнүндө Жобо;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобо;

Кыргыз Республикасында башкарууну документтик камсыздоо боюнча (иш кагаздарын жүргүзүү) Типтүү нускама;

Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук;

Демилгечилдик, командада иштей алуу, жоопкерчилик;

Иштиктүү кат алышууну ишке ашыра билүү.

 

Борбордук аппарат

 

Мүлктү каттоо башкармалыгы

  • Начальник - (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

- автоунаа чөйрөсүндөгү жогорку билим (автотранспорт боюнча инженер- механик, автомобилдик чарба боюнча инженер-механик ж.б.у.с.) жерге жайгаштыруу жана кадастр, картография жана геоинформатика, геодезия жана аралыктан зонддоо чөйрөсүндөгү жогорку билим, же юридикалык жогорку билим;

      -  мамлекеттик кызматтын улук кызматтарында үч жылдан кем эмес иш стажы же адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы;

       - үч жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы колдоого алынат;

  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын төмөндөгү мыйзамдарын билүү: 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана алар менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2003-жылдын 15-февралындагы №65 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында автомотоунаа каражаттарын жана алардын чиркегичтерин каттоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө”, 1999-жылдын 4-августундагы  № 65 “Экзамен алуунун, жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүүнүн жана айдоочуларга унаа каражаттарын башкарууга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө”, 2013-жылдын 10-июнундагы №341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламенти жөнүндө” токтомдору; 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жобо; 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө” жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана алар менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бектилген “Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык тутумдан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону билүү;

- мамлекеттик жана расмий тилдерди жазуу жүзүндө жана оозеки билүү.

- ченемдик жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуунун жол-жоболорун билүү;

- уюштуруучулук жөндөмү.

Функционалдык милдеттери:

- Башкармалыктын ишин жетектейт, жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын аткарылышы, Башкармалыктагы эмгек жана аткаруу тартибинин абалы  үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- Кызматтын башка башкармалыктары жана бөлүмдөрү менен Башкармалыктын ишин координациялайт жана кадастр, каттоо жана кыймылсыз мүлк рыногунун маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат;

- кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо жүргүзүүнү (мыйзамдуу жүргүзүүнү контролдоо), кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнү, катталган укуктар жөнүндө маалымат берүүнү, кыймылсыз мүлк боюнча Бирдиктүү маалымат тутумун түзүүнү жана жүргүзүүнү жетектейт;

- ведомстволук бөлүнүштөрдүн жана алардын аймактык органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин кызматка дайындоо жана бошотуу, сыйлоо жана/же дисциплинардык чара көрүү жөнүндө сунуш киргизет;

- жетекчилердин баш ийиүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

       - Кызматтын башкаруу тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат;

- Башкармалыктын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;

- ай сайын функционалдык милдеттерин татыктуу аткаруу боюнча Башкармалыктын кызматкерлеринин ишин баалайт;

- компетенциясынын алкагында Башкармалыктын кызматтык документтерине кол коет;

- Башкармалыктын кызматкерлерин өбөлгөлөө жөнүндө, аларга дисциплинардык чара көрүү жөнүндө сунуштарды киргизет;

- кызматтык нускамасында каралган жана жетектеген Башкармалыктын татыктуу иштөөсүн камсыздоо үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;

- ведомстволук бөлүнүштөрдүн аймактык органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата даттануулар менен сунуштарды карайт;

- иш планга ылайык ведомстволук бөлүнүштөрдүн аймактык органдарынын ишине мониторинг жүргүзөт;

- жарандардын арыздарын жана даттанууларын карайт.

 

Калкты документтештирүү жана архив иши башкармалыгы

  • Начальник - (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

-юридикалык жогорку жана экономикалык жогорку билим;

     -  мамлекеттик кызматтын улук кызматтарында үч жылдан кем эмес иш стажы же адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы;

- үч жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы колдоого алынат;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү: 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, 1999-жылдын 8-сентябрындагы “Маалыматташтыруу жөнүндө”, 2000-жылдын 17-июлундагы “Тышкы миграция жөнүндө” № 61 мыйзам, 2013-жылдын 13-январындагы “Ички миграция жөнүндө” № 4 мыйзам, 2008-жылдын 14-апрелиндеги “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” № 58 мыйзам, 2005-жылдын 12-апрелиндеги “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” № 60 мыйзам; 1999-жылдын 22-ноябрындагы № 125 “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамды; Кыргыз республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы “2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы жөнүндө” № 11 ПЖ жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:  2011-жылдын 20-июнундагы № 332 “Документтерди кабыл алуунун, тариздөөнүн, берүүнүн, эсепке алуунун, паспорт даярдоонун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун жекелештирүүнүн тартиби жөнүндө нускама”, 2004-жылдын 27-июнундагы № 557 “2004-жылдагы Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө”;

Ыктуулугу:

-         Башкармалыктын артыкчылыктуу милдеттерин аныктоо жана иш пландарын иштеп чыгуу;

-         калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндө Башкармалыктын алдына коюлган милдеттерди чечүүдө демилге көтөрүү;

  • өз ишин жана Башкармалыктын ишин эффективдүү пландоо;

-         Башкармалыкта кол алдындагы кызматчылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү;

-         Кызматтын жетекчилигине калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндөгү аналитикалык, маалыматтык материалдарды жана сунуштарды даярдоо;

- Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрү тарабынан Кызматтын төрагасынын калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндөгү тескемелери менен тапшырмаларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү;

- Кызматтын жетекчилиги менен Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенишүүсүн камсыздоо;

- Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана алардын аймактык органдарынын калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндөгү ишин өркүндөтүү маселелери боюнча, ошондой эле Башкармалыктын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча ченемдик жана укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;

-         Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери менен эффективдүү кызматташуу;

-         көзөмөлдөөчү багыты боюнча жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо;

-         документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду кароо;

Көндүмдөрү:

-         жамаатты жетектөө тажрыйбасы жана көндүмдөрү;

-         уюштуруучулук жөндөмдөрү;

-         Башкармалыктын ишин контролдоо;

-         калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндө Кызматты өнүктүрүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана сунуштарды баалоо;

-            түзүмдүк бөлүнүштү башкаруу (мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдына иштегендерге сапаттуу түшүндүрүү,  башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

  • маалыматтарды топтоо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылаштыруу;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • эффективдүү өз ара мамилелерди куруу, ишкер этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн жана иштиктүү кат алышууларды жүргүзүүнүн ыкмаларын билүү.
  • мамлекеттик органдар менен мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алыша билүү.

Функционалдык милдеттери:

- Кызматтын Калкты документтештирүү жана архив иши башкармалыгынын артыкчылыктуу милдеттерин аныктоо жана иш планын иштеп чыгуу;

  • өзүнүн ишин жана Башкармалыктын ишин эффективдүү пландоо.

- Башкармалыкта иштеген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү;

- калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндө Кызматтын жетекчилиги үчүн аналитикалык, маалыматтык материалдарды даярдоону зарылчылыкка жараша ишке ашыруу;

- Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрү тарабынан Кызматтын төрагасынын калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндөгү тескемелери менен тапшырмаларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү;

- калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндө Кызматтын жетекчилиги менен Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн өз ара аракеттенишүүсүн камсыздайт;

- Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана алардын аймактык органдарынын калкты документтештирүү жана архив иши чөйрөсүндөгү ишин өркүндөтүүгө тиешелүү, ошондой эле Башкармалыктын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга зарылчылыкка жараша катышуу;

- Кызматтын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, Архив агенттиги, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы жана алардын аймактык органдары тарабынан мамлекеттик кадр саясатын камсыздоого катышуу;

- Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери менен эффективдүү кызматташуу;

      - Кызмат жөнүндө жободо, Кызматтын регламентинде каралган укуктарды ишке ашырат;

  - Башкармалыктын ишин пландайт жана уюштурат;

- Башкармалыктын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;

- ай сайын функционалдык милдеттерин татыктуу аткаруу боюнча Башкармалыктын кызматкерлеринин ишин баалайт;

- компетенциясынын алкагында Башкармалыктын кызматтык документтерине кол коет;

- Башкармалыктын кызматкерлерин сыйлоо жана аларга карата дисциплинардык чара көрүү жөнүндө сунуштарды киргизет.

 

Сапатты башкаруу тутуму сектору

Жетектөөчү адис - (1 бирдик)

- экономика адистиги боюнча жогорку билим, же бул кызматтын функционалдык багыттарына ылайык келген жааттарда бир жылдан кем эмес иш стажы бар болгон учурда бардык профилдеги жогорку кесиптик билим;

- адистиги боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы колдоого алынат;

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын  төмөнкү мыйзамдарын билүү: “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзам, 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 58 “Персоналдык мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, 1999-жылдын 08-сентябрындагы № 107 “Маалыматташтыруу жөнүндө”, 1998-жылдын 22-декабрындагы № 153 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө”, 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 153 “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 “Тышкы миграция жөнүндө”, 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 “Ички миграция жөнүндө”, 1999-жылдын 22-ноябрындагы № 125 “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы ПЖ № 11 “2013-2017-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы жөнүндө” жарлыгын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-р тескемеси менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн типтүү административдик регламентин жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобону билүү.

Ыктуулугу:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин эффективдүү пландоо;

- мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

- маалыматтарды топтоо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылаштыруу;

- Сектордун компетенциясынын алкагында аналитикалык жана программалык документтерди даярдоо;

- Сектордун алдына коюлган милдеттерди чечүүдө демиге көтөрүү;

- командада иштөө.

  •  

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- стратегиялык долбоорлордун жана ш-чаралардын максатка ылайык келээрин изилдөө;

- ишин пландоо жана кызматтык убактысын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу.

Функционалдык милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

  • мамлекеттик органда белгиленген ички тартиптин, кызматтык нускамалардын тартибин, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенишүүнүн  тартибин билүү;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;  

- отчетторду түзүү;

- өзүнүн кометенциясынын алкагында актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

- Кызматтын сапатты башкаруу тутумун калыптандырууга багытталган долбоорлорун жана программаларын маалыматтык, аналитикалык, эксперттик камсыздоо;

- Кызматтын долбоорлору жана программалары боюнча Кызматтын жетекчилигине сунуштарды даярдоо;

- Кызматтын сапатты башкаруу тутумун калыптандырууга багытталган  долбоорлорун жана программаларын координациялоо;

            - Кызматтын жетекчилигинин чечимдерин даярдоонун жана ишке ашыруунун бардык этаптарында аналитикалык коштоону ишке ашыруу;

            - Кызматтын төрагасынын тапшырмасы боюнча Кызматтын сапатты башкаруу тутумун калыптандыруу  боюнча программалык документтерди мамлекеттик жана коомдук уюмдарга макулдашууга жана талкуулоого киргизет.

 

Ведомстволук бөлүнүштөр

 

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти

Чүй-Кемин райондук автомототранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмү

Начальник (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

-         жерде жүрүүчү транспорт каражаттары жаатындагы жогорку техникалык билим же жогорку юридикалык билим;

-  окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы (колдоого алынат);

- мамлекеттик кызматтын улук кызматтарындагы үч жылдан кем эмес иш стажы же адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы;

- үч жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы колдоого алынат;

- Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун: 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомду, 2006-жылдын 23-августундагы № 603 “Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды (автомототранспорт каражаттарынан тышкары), алардын чиркегичтерин, ошондой эле технологиялык орнотмолорду мамлекеттик каттоонун, кайра каттоонун жана эсепке алуунун, квалификациялык экзамендерди кабыл алуунун жана тракторчу-машинисттин күбөлүктөрүн берүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомду, 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө жобону, Жол кыймылынын эрежелерин билүү. Ыктуулугу:

-         бөлүмдүн ишине талдоо жүргүзүү, прогноздоо, жалпылаштыруу, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;

-          маалыматтарды талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылаштыруу;

-         башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болуу;

-         кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз учурунда аныктоо жана чечүү;

-         жаңжалдуу жагдайларды жөнгө салуу.

Көндүмү:

-         түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (тапшырмалар менен милдеттерди кызматкерлердин арасында тең салмактуу бөлүштүрүү, стратегиялык максаттарды жана милдеттерди кол алдына иштегендерге сапаттуу түшүндүрүү);

-         укуктук ченемдик документтер менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-         эффективдүү өз ара мамилелерди түзүү, ишкер этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн, эл алдында чыгып сүйлөөлөрдүн ыкмаларын билүү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде  иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү.

-         компьютерди жана оргтехниканы пайдалануучунун деңгээлинде билүү.

Функционалдык милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
  • жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын жана коргоону камсыздоо;
  • кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;
  • мамлекеттик органда белгиленген ички тартиптин, кызматтык нускамалардын тартибин, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенишүүнүн  тартибин билүү;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;  

- бөлүмдүн ишин башкарууну жана уюштурууну ишке ашыруу;

- бөлүмдүн кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бөлүштүрүү;

-ишти жакшыртуу боюнча сунуштамаларды берүү менен бөлүмдүн кызматкерлеринин ишине кварталдык баа берүү;

-өзүнүн компетенциясынын чегинде жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн, анын ичинен заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүүнүн шарттарын камсыздоо;

-жарандарга АМТК жана алардын чиркегичетерин каттоо, кайра каттоо, айдоочунун күбөлүгүн берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жөнүндө маалымат берүү;

-мамлекеттик маалыматтык ресурстарды калыптандырууга, сактоого, пайдаланууга жана коопсуздугун камсыздоого катышуу;

- АМТК жана алардын чиркегичетерин каттоодо, кайра каттоодо, айдоочулук курамдан сынак алууда жана айдоочунун күбөлүгүн берүүдө, документтештирүүдө жана эсепке алууда бөлүмдүн кызматкерлеринин ишин контролдоону ишке ашыруу; 

- АМТК жана алардын чиркегичетерин каттоо, кайра каттоо, АМТК каттоо, кайра каттоо үчүн суммаларды эсептөө;

- ыкчам коргонуу үчүн мамлекеттик номер белгилерин берүүнү ишке ашыруу;

-катталган АМТК жана алардын чиркегичтерине мамлекеттик каттоо номер белгилерин ыйгарууга, ошондой эле аларды алмаштырууга уруксат берүү;

-эсептен чыгарылган, жараксыз абалга келген, калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылган транспорт каражаттарын эсептен чыгарууга уруксат берүү;

-АМТК жана алардын чиркегичтерине чектөөлөрдү коюуга жана алууга мыйзамдарда белгиленген тартипте уруксат берүү;

-мыйзамда белгиленген тартипте АМТК жана алардын чиркегичтери менен операцияларды жүргүзүүгө камак режимин ишке ашыруу;

-айдоочуларды даярдоону жана кайра даярдоону ишке ашырган окуу жайларынын ишин контролдоону ишке ашыруу;

-адамдарды сынакка киргизүүгө уруксат берүүнү, айдоочунун күбөлүктөрүн алууга сынактарды алууну (комиссиянын курамында) ишке ашыруу;

-сынак комиссиясынын ишин контролдоону ишке ашыруу;

-мыйзамдарга ылайык, жарандарга, кызмат адамдарына аткарууга милдеттүү  болгон айдоочулук курамды даярдоодо ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууларды жоюу жөнүндө эскертүүлөрдү берүү;  

-административдик укук бузуу жасаган кызмат адамдарына жана жарандарга административдик айып салуу. Кызмат адамдарына жана жарандарга административдик айып салуунун тартиби мыйзамдарга ылайык аныкталат;

-бөлүмдөгү аткаруу жана эмгек тартибинин абалын контролдоону ишке ашыруу;

-АМТК жана алардын чиркегичтерин, айдоочулук курамды каттоодо, кайра каттоодо тиешелүү жыйымдардын, төлөмдөрдүн, салыктардын жана айып пулдардын өз убагында жана туура төлөнүшүн контролдоону ишке ашыруу;

-атайын продукциянын бланктарынын туура сарпталуусун жана төлөмдөрдү контролдоону ишке ашыруу;

-кол алдындагылардын жеке кызыкчылыктарынын пайда болуусун алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу;

-жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, даттанууларын, арыздарын белгиленген тартипте кароо;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, резюме, өмүр баян, 3х4 сантиметр өлчөмүндөгү  – 4 даана фото сүрөт (кызыл фондо);
  • паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясы, окумуштуулук даражасын же окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөсү);
  • КР ИИМдин Маалымат борборунан соттуулугунун жок (бар) экендиги жөнүндө маалымкат (248-форма);
  • Иштеген жеринен сунуштамалар  (бар болсо).

Делого көктөлгөн документтерди 2015-жылдын 6-апрели, саат 18:00гө  чейинки мөөнөттө, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, № 208 кеңсе дарегине жеке өзү алып келүү, же почта аркылуу “Конкурска” белгиси коюлган конверт менен   жөнөтүү керек. Телефону: 30-10-98.

Эскертүү: квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөдөн өтүү үчүн чакырылат.

Конкурс өткөрүлө турган күн жана орун жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Арызда байланыш телефондорун көрсөтүү зарыл.

Кененирээк маалымат төмөнкү сайтта жайгаштырылган: www.mkk.gov.kg.

Өнөктөштөр