Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 20/02/2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлөөгө

ички жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс жарыялайт:

 

Борбордук аппарат

Кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы Г-А

1) Кесиптик билим деңгээли:

- автомобилдик транспорт (автотранспорт боюнча инженер-механик, автомобилдик чарба боюнча инженер-механик), мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген транспорттук каражаттарды, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга болгон менчик укуктарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтому менен бекитилген квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө жобо.

Ыктуулугу:

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүү ыкмаларын талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

- башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болуу;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин эффективдүү пландоо;

- ведомстволор аралык өз ара байланыш.

Көндүмдөрү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, кол алдындагыларга мамлекеттик органдын жетекчилигинин максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- жаңжалдуу жагдайларды жөнгө салуу;

- эффективдүү өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, коомдун алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү;

-  маалыматтар базалары менен иштөө;

- презентацияларды даярдоо;

- кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продукттар менен иштей билүү.

 

Кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнүн башкы адиси С-Б

1) Кесиптик билим деңгээли:

- жерге жайгаштыруу жана кадастр, картография жана геоинформатика багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 75 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды жана оордотууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобо.
    •  
  • жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
  • бөлүмдүн алдына коюлган маселелерди чечүүдө демилге көтөрүү;
  • стратегиялык жана концептуалдык милдеттерди аткаруу индикаторлорун жана критерийлерин сапаттуу аныктоо;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнө билүү.

Ыктуулугу:

- ишти пландаштыруу;

- натыйжалуу угуу;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- башкаруучулук чечимдерди оперативдүү ишке ашыруу;

-  маалыматтар базалары менен иштөө;

- презентацияларды даярдоо;

- кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продукттар менен иштей билүү.

 

Кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М-А

1) Кесиптик билим деңгээли:

- жерге жайгаштыруу жана кадастр, картография жана геоинформатика, геодезия жана аралыктан байкаштыруу, инженер-куруучу, кыймылсыз мүлктү башкаруу багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

- иш стажы талап кылынбайт.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 75 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды жана оордотууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобо.
    •  
  • жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБОнун кайрылууларын кароо, алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;
  • ЧУАга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
  • жарандардын, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо.

Ыктуулугу:

  • аналитикалык иштер;
  • ишти пландаштыруу;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
  • маалыматтар базалары менен иштөө;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продукттар менен иштей билүү.

 

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти

 

Ысык-Көл регионалдык каттоо-сынак бөлүмүнүн башчысынын орун басары Г-Б

  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • автомобилдер жана автомобилдик чарба, жолду уюштуруу жана коопсуздугу, жол кыймылын уюштуруу, транспортто жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу, автомобилдик жолдор жана аэродромдор, автомобилдик жолдор, көпүрөлөр жана тоннелдер, транспорттук каражаттарды иштетүү, жол жана курулуш машиналары, транспорттук-технологиялык машиналар жана жабдууларды иштетүү жана тейлөө, көтөрүлмө-транспорттук, курулуштук, жол машиналары жана жабдуулары, транспорттук процесстердин технологиясы, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди иштетүү, айыл чарбасын механизациялоо, АӨКтө машиналарды тейлөө жана оңдоо технологиясы, автожолдорду куруу жана иштетүү жана/же юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 3 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү, конкреттүү кызмат ордунун тийиштүү тармактык багытындагы иш стажы 5 жылдан кем эмес.
  1. Кесиптик компетенциялары:
  2.  
  • “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген транспорттук каражаттарды, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укуктарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген катталган транспорттук каражаттардын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасын уюштуруу жана камсыздоо тартиби;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген катталган транспорттук каражаттардын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына оперативдүү кирүүгө уруксат берилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тизмеги;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы        № 420 токтому менен бекитилген Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген жол кыймылынын эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы          № 603 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органдары тарабынан квалификациялык экзамендерди алуунун жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүнүн эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө жобо.

Ыктуулугу:

  • транспорттук каражаттардын заводдук маркасын жана категориясын аныктоо;
  • транспорттук каражаттар боюнча маалымдама материалдар менен иштөө;
  • маркировканын, номурдук түйүндөрдүн жана агрегаттардын жайгашкан жерин аныктоо;
  • заводдук жабдуулардын жана кошумча коюлгандардын болушун айырмалоо;
  • транспорттук каражаттарды сатып алуу-сатуу, алмаштыруу келишимдерин юридикалык күбөлөндүрүү;
  • түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана сунуштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын издөө);
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • башкаруучулук чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • талаш-тартыш кырдаалдарды жөнгө салуу.
    •  
  • транспорттук каражаттарды айдоо жана минимум В, В1, С, С1 категориядагы айдоочулук күбөлүктүн болушу;
  • маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди куруу, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди өткөрүү, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продукттар менен иштей билүү.

 

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

 

Адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмүнүн башчысы Г-Б

1) Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, адам ресурстарын башкаруу багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  •  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 8 токтому менен бекитилген иштеген жылдар үчүн кызматтык маянага үстөк төлөө үчүн мамлекеттик кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы стажды эсептөө тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 токтому менен бекитилген эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесине кошумча баракчанын формасын жана эмгек китепчесин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө.
  •  

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүү ыкмаларын талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

- башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болуу;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин эффективдүү пландоо;

- ведомстволор аралык өз ара байланыш;

- жаңжалдуу жагдайларды жөнгө салуу.

  •  

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, кол алдындагыларга мамлекеттик органдын жетекчилигинин максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- эффективдүү өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, коомдун алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү”

  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продукттар менен иштей билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуулук даража же окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү);
  • сунуштама каттар  (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча).

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди   2018-жылдын 27-февралына чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө  чейин, КРӨ МККнын адам өнүктүрүү бөлүмүнө, № 208 бөлмөгө берүү керек, телефону: 30-10-98.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өнөктөштөр