Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 22/05/2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт:

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик каттоо кызматынын

административдик мамлекеттик кызмат орундарына

квалификациялык талаптар

 

Башкы жана улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн

 

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

 

Кичи административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн

 

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

 

 

Борбордук аппарат

 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу С-А (1 бирдик)

  1. Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

 

 

 

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясы.

Ыктуулугу:

  • оперативдүү чечим кабыл алуу жана ишке ашыруу;
  • кабыл алынган чечимдердин натыйжасын контролдоо, талдоо жана болжолдоо;
  • өзүнүн жумуш убактысын пландоо жана уюштуруу;
  • кесиптик кызматтык ишин пландоо;
  • мамлекеттик органдар жана жарандар менен өз ара байланышта иштөө;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • аткаруу тартиби;
  • карама-каршылыктарды алдын алуу жана чечүү;
  • стратегиялык максаттарды жана милдеттерди аныктоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • салыштырма талдоо жүргүзүү.
  •  
  • аналитикалык, кызматтык документтерди түзүү, презентациялык көндүмдөр;
  • командада иштөө;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эл алдында чыгып сүйлөө, презентацияларды, иш отурумдарын, окуу семинарларын уюштуруу жана өткөрүү;
  • тапшырмаларды оперативдүү аткаруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык өнүмдөр менен иштей билүү.

Функционалдык милдеттери:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо жана коргоо;

кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

Кызматта белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалыматтар менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациялык деңгээлди колдоо;

коррупцияга каршы аракеттенүү тармагында чет өлкөлөрдүн иш тажрыйбасын окуп-үйрөнүү жана ушул тармакта өзүнүн билимин өркүндөтүү;

коррупцияга каршы аракеттенүү тармагында учурдагы мыйзамдарды окуп-үйрөнүү жана колдонуу практикасын талдоо;

Кызматтагы коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу, аныкталган тобокелдиктерди азайтуу жана жоюу (башкаруу) боюнча сунуштарды даярдоо;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келген себептерди жана шарттарды аныктоо жана жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүү;

мамлекеттик кызматчылардын этикалык стандарттарын жана жүрүм-турум үлгүлөрүн жана ак ниет башкаруу принциптерин киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү;

түзумдүк жана ведомстволук бөлүнүштөр менен бирдикте Кызматтын коррупцияга каршы программасын жана планын иштеп чыгуу, аларды аткаруу процессин координациялоо;

Кызматтын бөлүмдөрүнүн жарандардын жана юридикалык жактардын арыздары жана кайрылуулары менен иштөөсүнө, анын ичинен “ишеним телефону” жана электрондук почта боюнча түшкөн, аларда коррупция фактыларынын болушуна карата талдоо жүргүзүү;

коррупциялык көйгөйлөргө, коррупциогендик факторлорго жана коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу чараларына арналган жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолорго мониторинг жүргүзүү; жарандардын жана юридикалык жактардын алардын коррупциялык кол салуудан коргоо укуктары боюнча кайрылууларын кароо практикасына талдоо жүргүзүү маселелери боюнча материалдарды даярдоо жана Кызматтын жетекчилигине берүү;

Кызматтын кызматкерлерин коррупцияга каршы окутууну, ошондой эле аларга жеке консультация берүүнү уюштуруу;

Кызматтын кызматкерлери тарабынан кызыкчылыктардын кагылышын алдын алууга же жөнгө салууга багытталган чектөөлөрдүн, тыюу салуулардын жана талаптардын сакталышын, ошондой эле “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жана коррупцияга каршы аракеттенүү тармагындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген ченемдерди аткаруунун сакталышын камсыздоодо адам ресурстарын башкаруу кызматына көмөк көрсөтүү;

кызматкерлерге коррупциялык укук бузууларга түрткү берген, анын ичинен кызыкчылыктардын кагылышына байланышкан фактылардын эсебин жүргүзүү жана мындай кырдаалдарда зарыл чара көрүү маселелери боюнча аларга консультация берүү;

Кызматтын ишинде ачыктыкты жогорулатууга жана маалыматтык тазалыкты камсыздоого көмөк көрсөтүү;

Кызматта коррупцияны алдын алуу процессине жарандык коомдун институттарын тартуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;

коррупцияга каршы үгүттөө жана ишке ашырылып жаткан превентивдүү чаралар жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү программаларын жана планын иштеп чыгуу;

кызматтык териштирүү жүргүзүү, кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө декларацияларды кароо жана талдоо боюнча комиссиянын, ошондой эле этика боюнча комиссиянын ишине катышуу;

органдын коррупциялык тобокелдиктеринин тизмегин жана кызыкчылыктардын кагылышынын типтүү кырдалдарынын маалыматтар базасын түзүү;

Кызматтын Коомдук байкоо кеңешинин ишин уюштуруу;

коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча программаны, планды жана ведомстволук пландарды ишке ашырууну баалоого жана мониторинг жүргүзүүгө жооптуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнө берүү үчүн квартал сайын Кызматтын отчетун түзүү;

Кызматтын коллегиясында карала турган маалыматтарды жыл сайын берүү.

 

Кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмү

            Башкы адис С-Б (1 бирдик)

  1) Кесиптик билим деңгээли:

- инженер-куруучу, жерге жайгаштыруу жана кадастр, картография жана геоинформатика, геодезия жана аралыктан байкаштыруу, юриспруденция боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 75 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды жана оордотууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобо.

 

  •  
  • жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • маалыматтарды топтоо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • стратегиялык жана аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
  • бөлүмдүн алдына коюлган маселелерди чечүүдө демилге көтөрүү;
  • стратегиялык жана концептуалдык милдеттерди аткаруу индикаторлорун жана критерийлерин сапаттуу аныктоо;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнө билүү.

Көндүмдөрү:

  • ишти пландаштыруу;
  • натыйжалуу угуу;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • башкаруучулук чечимдерди оперативдүү ишке ашыруу;
  • маалыматтар базалары менен иштөө;
  • презентацияларды даярдоо;
  • кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык өнүмдөр менен иштей билүү.

Функционалдык милдеттери:

  • кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу боюнча кураторлук кылган ведомстволук бөлүмдөрдүн жана алардын аймактык органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү, баалоо;
  • кураторлук кылган ведомстволук бөлүмдөрдүн жана алардын аймактык органдарынын кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоого тиешелүү иш маселелери боюнча Кызматка түшкөн жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароо;
  • бөлүмдүн башчысынын тапшырмасы боюнча жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын изилдейт;
  • башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка кызмат адамдарынан кайрылууларды кароо үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды сурайт, анын ичинен электрондук формада;
  • жарандын бузулган укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын кайра калыбына келтирүүгө жана коргоого багытталган чараларды көрөт;
  • кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тармагында укуктук, башкаруучулук, техникалык мүнөздөгү кабыл алынган же күтүлгөн өзгөртүүлөр боюнча кураторлук кылган ведомстволук бөлүмдөргө жана алардын аймактык органдарына оперативдүү маалымдайт жана алардын ишин координациялайт;
  • Бирдиктүү маалыматтык жана геомаалыматтык системасын түзүүгө жана жүргүзүүгө катышат;
  • Кадастр департаменти жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан аткарылган кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, кадастрдык жана башка иштерге талдоо жүргүзөт жана тарифтерди белгилөө боюнча сунуштарды киргизет;
  • башка мамлекеттик органдар менен бирдикте Улуттук координаттар системасын киргизүүнү жана өнүктүрүүнү камсыздайт;
  • Кызматтын тапшырмасы боюнча жер участокторун берүү, бир категориядан башка категорияга которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу материалдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорлорун белгиленген тартипте даярдайт, андан кийин Кызматтын атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизет;
  • кыймылсыз мүлккө салык салуу максатында кыймылсыз мүлктү мамлекеттик баалоого (кайра баалоого) катышат;
  • салык салынуучу кыймылсыз мүлк базасы боюнча реестрди түзүүнү камсыздайт;
  • жер ресурстары жөнүндөгү бардык маалыматтарды кошуу менен кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтар базасын түзүүгө катышат;
  • кыймылсыз мүлктү, анын ичинен жерди баалоо усулун иштеп чыгууга катышат;
  • кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу маселелерине катышат.

 

Адис М-Б (1 бирдик)

 

1) Кесиптик билим деңгээли:

- инженер-куруучу, жерге жайгаштыруу жана кадастр, картография жана геоинформатика, геодезия жана аралыктан байкаштыруу, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

- иш стажы талап кылынбайт.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 75 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды жана оордотууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобо.
    •  
  • жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;
  • кат-кабарларды системалаштыруу, иш кагаздарын жүргүзүү.

Көндүмдөрү:

  • ишти пландаштыруу;
  • натыйжалуу угуу;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
  • маалыматтар базалары менен иштөө;
  • презентацияларды даярдоо;
  • кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык өнүмдөр менен иштей билүү.

Функционалдык милдеттери:

  • кураторлук кылынган ведомстволук бөлүмдөр жана алардын аймактык органдары тарабынан берилген статистикалык маалыматтарды иштеп чыгат жана талдайт;
  • бөлүмдүн электрондук почтасы менен иштейт, МККнын сайты боюнча суроо-талаптарга жооп берет;
  • жогоруда турган органдардан жана арыз ээлеринен түшкөн, бөлүмдүн компетенциясына кирген суроо-талаптарга, кайрылууларга, каттарга жооптордун долбоорлорун даярдайт;
  • Кызматка жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка кызматтык милдеттерди аткарат;
  • Бирдиктүү маалыматтык жана геомаалыматтык системасын түзүүгө жана жүргүзүүгө катышат;
  • Кадастр департаменти жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан аткарылган кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, кадастрдык жана башка иштерге талдоо жүргүзөт жана тарифтерди белгилөө боюнча сунуштарды киргизет;
  • башка мамлекеттик органдар менен бирдикте Улуттук координаттар системасын киргизүүнү жана өнүктүрүүнү камсыздайт;
  • Кызматтын тапшырмасы боюнча жер участокторун берүү, бир категориядан башка категорияга которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу материалдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорлорун белгиленген тартипте даярдайт, андан кийин Кызматтын атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизет;
  • кыймылсыз мүлккө салык салуу максатында кыймылсыз мүлктү мамлекеттик баалоого (кайра баалоого) катышат;
  • салык салынуучу кыймылсыз мүлк базасы боюнча реестрди түзүүнү камсыздайт;
  • жер ресурстары жөнүндөгү бардык маалыматтарды кошуу менен кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтар базасын түзүүгө катышат;
  • кыймылсыз мүлктү, анын ичинен жерди баалоо усулун иштеп чыгууга катышат.

 

Адам өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси М-Б (1 бирдик)

 

  1. Кесиптик билим деңгээли:

- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, адам ресурстарын башкаруу, табигый илимдер багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  иш стажы талап кылынбайт.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  •             Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 8 токтому менен бекитилген иштеген жылдар үчүн кызматтык маянага үстөк төлөө үчүн мамлекеттик кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы стажды эсептөө тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 токтому менен бекитилген эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесине кошумча баракчанын формасын жана эмгек китепчесин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө.
    •  
  • жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жооп даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө.
  •  
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык өнүмдөр менен иштей билүү.

Функционалдык милдеттери:

  • Кызматтын кызматкерлеринин жылдык кезектеги жана кошумча өргүүлөрүнүн эсебин жүргүзөт;
  • кызматтык иш сапарлардын эсебин жүргүзөт, тариздейт;
  • запастагы аскерге милдеттүүлөрдү аскердик эсепке алуу боюнча иштерди жүргүзөт;
  • Т-2 формасы боюнча кызматкерлердин карточкасын толтурат;
  • иш сапар боюнча буйруктардын долбоорлорун даярдайт;
  • иш сапардын күбөлүктөрүн тариздейт жана берет, аларды эсепке алуу боюнча журнал жүргүзөт;
  • Кызматтын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин өргүү графигин түзөт, макулдашат жана контролдойт;
  • кызматкерлердин өргүүсү боюнча буйруктардын долбоорлорун даярдайт;
  • убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын тариздейт, каттайт жана ФЭБге берет;
  • кызматкерлердин иш убактысын эсепке алуу табелин жүргүзөт;
  • Кызматтын борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу процесси боюнча иштерди жүргүзөт;
  • компетенциясынын чегинде каттарга, арыздарга жана даттанууларга жооптордун долбоорлорун даярдайт;
  • “АРБ” АМСнын программасы менен иштейт.

 

Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси М-Б (1 бирдик)

 

  1. Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  иш стажы талап кылынбайт.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодекси, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс.
    •  
  • жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;
  • министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;
  • ченемдик укуктук актыларга жана алардын практикалык иште колдонулушуна талдоо жүргүзүү;
  • жарандардын жана түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрдүн кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо.

Көндүмдөрү:

  • ишти пландаштыруу;
  • натыйжалуу угуу;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
  • маалыматтар базалары менен иштөө;
  • презентацияларды даярдоо;
  • кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу.

 

Функционалдык милдеттери:

  • бөлүмдө  иш кагаздарын жүргүзүүгө, кириш жана чыгыш кат-кабарларды эсепке алууга, аткаруу мөөнөттөрүн контролдоого жооп берет;
  • жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын жана арыздарын карайт;
  • ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жана Кызматтын чечимдеринин, буйруктарынын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзөт;
  • бардык мамлекеттик, укук коргоо жана сот органдарында Кызматтын кызыкчылыктарын көрсөтөт жана коргойт;
  • күнүмдүк документтер боюнча бөлүмдүн башчысынын тапшырмаларын аткарат.

 

 

Ведомстволук бөлүмдөр

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти

 

Ысык-Көл регионалдык каттоо-сынак бөлүмүнүн

башчысынын орун басары Г-Б (1 бирдик)

 

  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • автомобилдер жана автомобилдик чарба, жолду уюштуруу жана коопсуздугу, жол кыймылын уюштуруу, транспортто жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу, автомобилдик жолдор жана аэродромдор, автомобилдик жолдор, көпүрөлөр жана тоннелдер, транспорттук каражаттарды иштетүү, жол жана курулуш машиналары, транспорттук-технологиялык машиналар жана жабдууларды иштетүү жана тейлөө, көтөрүлмө-транспорттук, курулуштук, жол машиналары жана жабдуулары, транспорттук процесстердин технологиясы, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди иштетүү, айыл чарбасын механизациялоо, АӨКтө машиналарды тейлөө жана оңдоо технологиясы, автожолдорду куруу жана иштетүү жана/же юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 3 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.
  1. Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген транспорттук каражаттарды, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укуктарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген катталган транспорттук каражаттардын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасын уюштуруу жана камсыздоо тартиби;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген катталган транспорттук каражаттардын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына оперативдүү кирүүгө уруксат берилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тизмеги;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 токтому менен бекитилген Сынактарды кабыл алуу, жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана айдоочуларга транспорттук каражаттарды башкарууга уруксат берүү тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 603 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекциясынын органдары тарабынан квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө жобо.

Ыктуулугу:

  • транспорттук каражаттардын заводдук маркасын жана категориясын аныктоо;
  • транспорттук каражаттар боюнча маалымдама материалдар менен иштөө;
  • маркировканын, номурдук түйүндөрдүн жана агрегаттардын жайгашкан жерин аныктоо;
  • заводдук жабдуулардын жана кошумча коюлгандардын болушун айырмалоо;
  • транспорттук каражаттарды сатып алуу-сатуу, алмаштыруу келишимдерин юридикалык күбөлөндүрүү;
  • түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана сунуштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын издөө);
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • башкаруучулук чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • талаш-тартыш кырдаалдарды жөнгө салуу.
    •  
  • транспорттук каражаттарды айдоо жана минимум В, В1, С, С1 категориядагы айдоочулук күбөлүктүн болушу;
  • маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди куруу, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди өткөрүү, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык өнүмдөр менен иштей билүү.

 

Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти

 

Финансы-экономикалык, кадр иштер жана иш кагаздарын

жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик)

  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • экономика, бухгалтердик эсеп, финансы жана кредит багыттары боюнча жогорку кесиптик билим.
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 3 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.
  1. Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
  • “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы        № 97-Б буйругу менен бекитилген мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жүргүзүү боюнча жобо.

Ыктуулугу:

  • иштин приоритеттүү багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүү мамилелерине талдоо жүргүзүү, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
  • башкаруучулук чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • коюлган маселелерди чечүү үчүн жаңычыл жолдорду колдонуу мүмкүнчүлүгүн издөө;
  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.
    •  
  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана ой-пикирлерин өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө;
  • маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • талаш-тартыш кырдаалдарды жөнгө салуу;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди куруу, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди өткөрүү, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү.

 

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуулук даража же окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү);
  • сунуштама каттар  (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча).

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын адам өнүктүрүү бөлүмүнө, № 208 иш бөлмөсүнө, 2018-жылдын 4-июнунда саат 18:00гө чейинки мөөнөттө берүү керек, телефону: 30-10-98.

 

Толук маалымат www.grs.gov.kg, www.mkk.gov.kg сайттарында жайгаштырылган.

Өнөктөштөр