Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 03/07/2018

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫНЫН АЛДЫНДАГЫ КАЛКЫТ ЖАНА ЖАРАНДЫК АБАЛДЫН АКТЫЛАРЫН КАТТОО ДЕПАРТАМЕНТИ

 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, административдик мамлекеттик жарандык бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүүнү жарыялайт

 

 

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

 

  1. Билүүсү:

Улуу административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамын; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

- 2016-жылдын 19-августундагы № 43 мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңешинин токтому менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этика Кодексин;

Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамын;

- 2016-жылдын 19-августундагы № 43 мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңешинин токтому менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этика Кодексин;

  1. Мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерди аткарууда зарыл болгон көлөмдө билүү;
  2. компьютердик программаларды (Word, Excel, Power Point, «ТОКТОМ Мамлекеттик Про» Маалыматтык-укуктук тутум) билүү талап кылынат.

 

Аймактык бөлүмчөлөр

 

Кемин райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси (У-Б) 1 бирдик.

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- юриспруденция; экономика; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттары боюнча жогорку билим.

2) Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүүсү:

            - «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө»; «Тышкы миграция жөнүндө»; «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;

            -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө» жобону;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө» нускаманы;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө» жобону.

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө» жобону;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 токтому менен бекитилген, «Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө» жобону.

            Билгичтиги:

- маалыматты чогултуу, талдоо, иреттөө жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

            - тийиштүү чөйрөдөгү атамекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аныпрактикалык ишинде колдонуу;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иш боюнча сүйлөшүүлөрдүжүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөөжана аларды практикада колдонуу;

- ишти пландоо жана кызматтык убактысын туура бөлүштүрүү;

- башкаруу чечимдерин ыкчам ишкеашыруу;

- компьютердик жана иш техникасы, зарыл программалык продуктулар менен иштей билүү.

 

Ала-Бука райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (К-А) 1 бирдик.

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

- эмгек стажына талаптарсыз.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүүсү:

- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексин; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин;

- «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө»; «Жарандык абалдын актылары жөнүндө»; «Мамлекеттик алым жөнүндө»; «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө» жобону;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомун.

            Билгичтиги:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

            - тийиштүү чөйрөдөгү атамекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аныпрактикалык ишинде колдонуу;

            - кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүнишин натыйжалуу пландоо;

            - министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кайрылууларынкароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;

            - ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикалык ишинде колдонуу;

            - жаранддардын жана түзүмдүк, ведомстволук бөлүмчөлөрдүн кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо.

            Көндүмдөрү:

- талдоочулук иштер;

- ишти пландоо;

- натыйжалуу угуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилде иш каттарын жүргүзүү;

- маалыматтар базасы менен иштөө;

- презентацияларды даярдоо;

- кызматтык убактысын сарамжалдуу пайдалануу;

- компьютердик жана иш техникасы, зарыл программалык продуктулар менен иштей билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди көрсөтүү зарыл: 

 

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, автобиография (соттуулугу бар же жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, 3x4 өлчөмүндөгү сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- зарыл кесиптик билимди, эмгек стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлүндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу, квалификацясын жогорулатуу тууралуу, илимий даражасын же илимий наамды ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү);

 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн талапкерлер конкурска катышууга жол берилбейт.

 

Көктөмөгөтиркелген документтерди 2018-жылдын 16-июлу саат 18:00 гө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин адамдык ресурстарды башкаруу боюнча бөлүмүнө (№ 6 кабинет) тапшыруу зарыл, сурап-билүү үчүн телефон: 43-46-76.

 

Өнөктөштөр