Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 16/07/2018

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫНЫН АЛДЫНДАГЫ КАЛКТЫ ЖАНА ЖАРАНДЫК АБАЛДЫН АКТЫЛАРЫН КАТТОО ДЕПАРТАМЕНТИ

 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик жарандык бош кызмат орундарын ээлөөгө ички конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт

 

Борбордук аппарат

 

Документтик камсыздоо жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө секторунун башкы адиси (У-Б) 1 бирдик

1) Кесиптик билим деңгээли:

            - филология, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

            2) Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону.

            Ыктуулугу:

            - жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

            - маалымат топтоо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

            - стратегиялык жана аналитикалык документтерди даярдоо;

            - тийиштүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

            - сектордун алдына коюлган маселелерди чечүүдө демилге көтөрүү;

            - стратегиялык жана концептуалдык милдеттерди аткаруу индикаторлорун жана критерийлерин сапаттуу аныктоо;

            - кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

            - иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

            - эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

  •             :

- ишти пландоо;

- натыйжалуу угуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- башкаруучулук чечимдерди оперативдүү ишке ашыруу;

- маалыматтар базасы менен иштөө;

- презентацияларды даярдоо;

            - кызматтык убакытты үнөмдүү пайдалануу;

            - компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды колдонуу.  

Аймактык бөлүмдөр

 

Москва райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси; Аламүдүн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси; Нарын ш. жана Нарын райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси; Кара-Суу райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси (2 бирдик); Жалал-Абад шаардык калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси; (У-Б) 6 бирдик.

1) Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция; экономика; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билим.

2) Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

            - «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө»; «Тышкы миграция жөнүндө»; «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

            -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобону.

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобону;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 токтому менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобону.

            Ыктуулугу:

- маалыматты чогултуу, талдоо, иреттөө жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

            - тийиштүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана анны практикалык ишинде колдонуу;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- ишти пландоо жана кызматтык убактысын туура бөлүштүрүү;

- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

- компьютердик жана иш техникасы, зарыл программалык продуктулар менен иштей билүү.

 

 

Жалал-Абад ш. жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (У-Б) 1 бирдик.

1) Кесиптик билим деңгээли:

            - юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3) Кесиптик компетенциялар:

Билүү:

- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексин, “Балдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексин;

- “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирип эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө.

            Ыктуулугу:

            - жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

            - маалымат топтоо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

            - стратегиялык жана аналитикалык документтерди даярдоо;

            - тийиштүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

            - бөлүмдүн алдына коюлган маселелерди чечүүдө демилге көтөрүү;

            - стратегиялык жана концептуалдык милдеттерди аткаруу индикаторлорун жана критерийлерин сапаттуу аныктоо;

            - кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

            - иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

            - эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

  •             :

- ишти пландоо;

- натыйжалуу угуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- башкаруучулук чечимдерди оперативдүү ишке ашыруу;

- маалыматтар базасы менен иштөө;

- презентацияларды даярдоо;

            - кызматтык убакытты үнөмдүү пайдалануу;

            - компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды колдонуу.  

           

Кемин райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; Ысык-Көл райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (К-А) 2 бирдик.

1) Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билим.

2) Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

- эмгек стажы талап кылынбайт.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексин; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин;

- «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө»; «Жарандык абалдын актылары жөнүндө»; «Мамлекеттик алым жөнүндө»; «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомун.

            Ыктуулугу:

- жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

            - тийиштүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана анны практикалык ишинде колдонуу;

            - кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

            - министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;

            - ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикалык ишинде колдонуу;

            - жарандардын жана түзүмдүк, ведомстволук бөлүмчөлөрдүн кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо.

            Көндүмдөрү:

- талдоочулук иштер;

- ишти пландоо;

- натыйжалуу угуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилде иш каттарын жүргүзүү;

- маалыматтар базасы менен иштөө;

- презентацияларды даярдоо;

- кызматтык убактысын сарамжалдуу пайдалануу;

- компьютердик жана иш техникасы, зарыл программалык продуктулар менен иштей билүү.

 

            Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: 

 

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, 3x4 өлчөмүндөгү сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- зарыл кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлүндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу, квалификацясын жогорулатуу тууралуу, илимий даражасын же илимий наамды ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү);

 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге конкурска катышууга жол берилбейт.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди 2018-жылдын 20-июлуна, саат 18:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмүнө (№ 6 иш бөлмөсү) тапшыруу зарыл, сурап-билүү үчүн телефон: 43-46-76.

 

 

Өнөктөштөр