Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 03/02/2020

 

2019-жылдын IV кварталында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик каттоо кызматына түшкөн жарандардын

кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат

 

2019-жылдын 1-октябрынан баштап 31-декабрга чейинки мезгилде Кызматтын дарегине жарандардан 181 кайрылуу түшкөн.

Бардык 181 кайрылуу контролго коюлган, анын ичинен: 164 кайрылуу аткарылган, 17 – кайрылуунун аткаруу мөөнөтү жете элек.,  230 кайрылуу өз мөөнөтүндө аткарылган, 3

Маселенин мүнөзү боюнча

2019-жылы

IV кв.

1.

Паспорт даярдоо жана берүү маселеси

24

2.

Жарандык, ЖААК жана калкты  каттоо боюнча  маселелер

36

3.

Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин иш-аракеттерине даттануулар

25

4.

Жер маселелери (кыймылсыз мүлктү каттоо, документтерди берүү, жер талаштары)

26

5.

Транспорт каражаттарын каттоо, айдоочулук күбөлүк берүү маселелери боюнча

27

6.

Архив агенттигинин маселелери боюнча

5

7.

Почталык байланыш маселелери

5

8.

Шайлоого байланыштуу маселелер

-

9.

Идентификациялык жеке номер ыйгаруу

8

10.

Биометрикалык маалыматтар боюнча маселелер

1

10.

Жумушка орноштуруу, кызматына кайра калыбына келтирүү маселелери,  эмгек талаштары

2

11.

Материалдык жардам берүү, компенсация төлөө маселелери

4

12

Башка маселелер

18

Жалпы:

181

 

Жогоруда турган органдардан, министрликтерден, администрациялык ведомстволордон түшкөн кайрылуулар, жарандардын жазуу түрүндөгү жана электрондук кайрылуулары

 

Органдын аталышы

2019-жылы

IV кв.

1.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты

33

2.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты

18

3.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

6

4.

Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору

9

5.

Электрондук билдирүүлөр

61

6.

Жарандардын жазуу түрүндөгү кайрылуулары жана даттануулары

50

7.

Жарандарды жеке кабыл алуу

4

 

Жалпы

181

 

КР региондорунан жана КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн

жарандардын кайрылуулары

 

Региондун аталышы

2019-жылы

IV кв.

1

Бишкек шаары

80

2

Чүй  облусу

19

3

Баткен облусу

7

4

Жалал-Абад облусу

12

5

Ысык-Көл облусу

16

6

Ош облусу

23

7

Нарын облусу

4

8

Талас облусу

2

9

КМШ өлкөлөрү

18

 

Жалпы

181

 

Эң көп сандагы кайрылуулар менен арыздар Бишкек шаарынан – 44%, Чүй облусунан – 10%, Ош облусунан – 13% келип түшкөн. Кайрылуулардын калган бөлүгү (33%) региондордон жана КМШ өлкөлөрүнөн келген. Мындай айырмачылыкты жарандардын ички миграциясына байланыштырууга болот.

 

Кайрылуунун жыйынтыктары боюнча төмөндөгүдөй чечимдердин бири кабыл алынган:

1) кайрылууну толук же жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө – 162;

2) коюлган маселелерди чечүү жана аныкталган укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө – 2.

 

          Жарандарды жеке кабыл алуу боюнча график жаңыртылып, Кызматтын 2019-жылдын 24-декабрындаus № 299 буйругу менен бекитилди. Жарандарды кабыл алуунун бекитилген графиги Кызматтын сайтына жарыяланган жана маалыматтык такталарга илинген. 2019-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын  төраганын орун басарлары төрт жаранды кабыл алышкан,  жарандардын маселелери боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп,  түшүндүрмө берилди. 

 

 

 

2019-жылдын IV-кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын «Ишеним телефонуна» түшкөн жарандардын даттануулары жөнүндө маалымат

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында (мындан ары – Кызмат) 2010-жылдын 25-мартынан баштап        0 (312) 62 41 40 номери боюнча «Ишеним телефону» ишке киргизилген. «Ишеним телефону» аркылуу түшкөн чалууларды жана даттанууларды Кызматтын уюштуруу-коммуникациялык иштер бөлүмүнүн адистери кабыл алып, каттайт.

Кызматтын «Ишеним телефонуна» 2019–жылдын IV кварталында жалпысынанан 900 дөй чалуу келип түшсө, анын 36 сы даттануу катары катталып, ар бир даттануу боюнча кызматтык иликтөө жана текшерүүлөр жүргүзүлдү.

«Ишеним телефону» аркылуу 2019–жылдын төртүнчү кварталына карата төмөнкү мүнөздөгү даттануулар кабыл алынды:

  • Кызматкерлер тарабынан жарандарга орой жана этикага жатпаган мамиле жасоо – 15;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүүнүн мөөнөтүнүн бузулушу –16;
  • Коррупциялык көрүнүштөр – 3;
  • Кызматтын ишмердүүлүгүнүн сапаты – 2:

Кызматтын алдындагы бөлүнүштөрдүн ишмердүүлүгү боюнча:

  • Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти –26;
  • ММ “Унаа” – 10;
  • Архив агенттиги – 0;
  • «Инфоком» мамлекеттик ишканасы-0;
  •  «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы – 0;

Ар бир даттануу боюнча кызматтык иликтөө жана текшерүүлөр жүргүзүлдү. Кабыл алынган калган чалуулар боюнча бөлүмдүн адистери тарабынан, кайрылган жарандардын суроо-талаптарын аткаруу үчүн тиешелүү ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, түшүндүрмөлөр берилди.

 

Партнеры