Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 08/06/2018

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 5-июну № 60

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 26-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын 3-пунктунда "ыктыярдуу негизде жана никелешкен адамдардын өз ара макулдугунун, жубайлардын үй-бүлөдөгү укуктарынын теңдигине" деген сөздөр "нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу баш кошуусунун, жубайлардын никедеги жана үй-бүлөдөгү укуктарынын жана милдеттеринин теңдигинин негизинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 2-статьянын экинчи абзацында:

а) абзац "тең укуктуу" деген сөздөрдөн кийин "жана ыктыярдуу" деген сөздөр менен толукталсын;

б) "толук" деген сөз "өз ара" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12-статья. Никеге туруунун тартиби

1. Никеге туруу никеге туруп жаткан адамдардын өздөрүнүн катышуусу менен, алар жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никеге турууну мамлекеттик каттоо жолу менен түзүлөт.

Өзгөчө жагдайлар болгондо (кош бойлуулукта, бала төрөлгөндө, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туулганда) арыз берилген күнү никеге тургузулушу мүмкүн.

2. Никеге турууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

3. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын никени каттоодон баш тартуусу никеге турууну каалаган адамдар (алардын бири) тарабынан административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.".

2-берене.

"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 501-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартууга административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.";

2) 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо ага бир эле убакта жеке идентификациялык номур ыйгарылат.

Жеке идентификациялык номур Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ыйгарылат.";

3) 16-статьяда:

а) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-бешинчи абзацтар менен толукталсын:

"Арызда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

- баланын фамилиясы, аты жана атасынын аты;

- баланын жынысы жана туулган датасы;

- ата-энеси (ата-энесинин биринин) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту (өз каалоосу боюнча), жашаган жери.";

б) 2-пунктунда "туугандары" жана "билдирилүүсү мүмкүн" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жакын туугандары" жана "берилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 19-статьяда:

а) 3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"Арызда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

- жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн аталышы, арыз берүүчүнүн инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери;

- бала табылган дата жана дареги (жердин аталышы);

- баланы таап алган адамдын (адамдардын) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты жана жашаган жери;

- баланын туулгандыгы катталган учурда турган орду;

- балага ыйгарылган фамилия, аты, атасынын аты, баланын жынысы, туулган датасы.

Арыздын түзүлгөн датасын көрсөтүү менен, ага арыз берүүчү тарабынан кол коюлууга тийиш.";

б) 4-пункттун экинчи абзацында "документ" деген сөз "акт" деген сөзгө алмаштырылсын;

5) 22-статьянын 1-пунктунун экинчи, бешинчи жана жетинчи абзацтарында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 23-статьяда:

а) экинчи жана үчүнчү абзацтарында "фамилиясын" деген сөз "жеке идентификациялык номурун, фамилиясын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

7) 26-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- никеге туруп жаткан адамдардын ар биринин жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, никеге турууну мамлекеттик каттоо күнүндөгү жаш курагы, жарандыгы, улуту (өз каалоосу боюнча), жашаган жери жана үй-бүлөлүк абалы тууралу маалыматтары (никеде болгон эмес, ажырашкан, жесир (жесил);";

8) 27-статьяда:

а) 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Никеге турууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органына никеге туруу жөнүндө биргелешкен арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

3. Никелешип жаткан адамдардын биргелешкен арызы боюнча ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген мөөнөттү жарандык абалдын актыларын жазуу органы Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 12-статьясынын1-пунктунда каралган негиздер боюнча өзгөртөт.";

б) 6-пунктунда "же башка жүйөлүү себептердин" деген сөздөр ", кош бойлуулуктун, бала төрөгөндүн жана тараптардын биринин өмүрүнө болгон түздөн-түз коркунучтун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 8-пунктунда "жүргүзүлүшү мүмкүн эмес" деген сөздөр "жүргүзүлбөйт" деген сөзгө алмаштырылсын;

г) 9-пунктунда:

- биринчи абзацында "баш тарта алат" деген сөздөр "жазуу жүзүндө баш тартат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи абзацында "сот тартибинде" деген сөздөр "административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) 31-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 32-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "фамилиясын" деген сөз "жеке идентификациялык номурун, фамилиясын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11) 35-статьяда:

а) 1-пункт "балдары жок" деген сөздөрдөн кийин "жана мүлк жагынан жана башкалар боюнча бири-бирине доосу болбогондо" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-пунктунда:

- экинчи абзацында "жана жашы жете элек жалпы балдары жок экендигин" деген сөздөр ", жашы жете элек жалпы балдары жана мүлк жагынан жана башкалар боюнча бири-бирине доосу жок экендигин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12) 36-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 39-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14) 40-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "фамилиясын" деген сөз "жеке идентификациялык номурун, фамилиясын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

15) 43-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Баланы асырап алууну мамлекеттик каттоо асырап алуучулардын (асырап алуучунун) арызы боюнча жүргүзүлөт. Арыз жазуу жүзүндө берилет.

Арызда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:

- баланын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты;

- баланы (кызды) асырап алуу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечиминин реквизиттери (аталышы, чыгарылган датасы);

- асырап алуучулардын (асырап алуучунун) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, жарандыгы, улуту (өз каалоосу боюнча), жашаган жери;

- асырап алуучулардын никеге туруу жөнүндө актысынын түзүлгөн датасы, жазуусунун номуру жана асырап алуучулардын никеге туруусун мамлекеттик каттоого алган жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышы;

- асырап алуучулардын (асырап алуучунун) инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери;

- асырап алуучуларды (асырап алуучуну) ата-энелер (ата-эне) катары жазуу тууралу маалыматтар;

- асырап алуучулар ыйгарым укуктарын өткөрүп берген учурда, ыйгарым укуктуу адамдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты.

Арыздын түзүлгөн датасын көрсөтүү менен, ага арыз берүүчү тарабынан кол коюлууга тийиш.

Арыз менен бир убакта баланы асырап алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилүүгө жана асырап алуучулардын (асырап алуучунун) инсандыгын ырастаган документтер көрсөтүлүүгө тийиш.

Асырап алуучулар (асырап алуучу) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча бала асырап алууну мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүү үчүн башка жактарга ыйгарым укук берүүгө укуктуу. Ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.";

16) 44-статьянын 1-пунктунда:

а) экинчи жана үчүнчү абзацтарында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- асырап алуучунун (асырап алуучулардын) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жарандыгы, улуту (өз каалоосу боюнча), жашаган жери;";

17) 45-статьянын экинчи жана үчүнчү абзацтарында "фамилиясын" деген сөз "жеке идентификациялык номурун, фамилиясын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

18) 52-статьянын 4-пунктунун экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

19) 53-статьянын 2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

20) 57-статьянын экинчи, үчүнчү, алтынчы жана сегизинчи абзацтарында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

21) 58-статьянын 1-пунктунун экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

22) 60-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Баланын ата-энеси тарабынан жарандык абалдын актыларын жазуу органына баланын атын, фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө биргелешкен арыз берилет.

Баланын ата-энеси тарабынан баланын фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө биргелешкен арыз берүү мүмкүн болбогон учурда, эркин билдирүү атасынын жана энесинин өзүнчө арыздары менен жол-жоболоштурулат. Мындай арыздагы кол тамганын аныктыгы нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эркин билдирүүсү өзүнчө арыз менен жол-жоболоштурулган ата-эненин арызы башка ата-эненин арызы менен бир убакта жарандык абалдын актыларын түзүү органына берилет. Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү каттоодо ата-энелердин бири катышууга милдеттүү.";

23) 61-статьянын үчүнчү абзацында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

24) 62-статьяда:

а) 2-пункттун экинчи абзацында ", жана башкалар" деген сөздөр алып салынсын;

б) 6-пунктунда:

- пункт "ички иштер органына" деген сөздөрдөн кийин "жана аскер комиссариатына" деген сөздөр менен толукталсын;

- "төрт күндүк" деген сөздөр "үч күндүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;

25) 63-статьянын экинчи абзацында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

26) 64-статьянын экинчи абзацында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

27) 68-статьяда:

а) 1-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Өлгөндүк тууралу билдирүү ошол адам өлгөн күндөн же өлгөн адамдын денеси табылган күндөн жети күндөн кечиктирбестен берилүүгө жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

- арыз ээсинин же юридикалык жактын өкүлүнүн жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, дареги, инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери;

- өлгөн адамдын жеке идентификациялык номуру (бар болсо), фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана туулган жери, өлгөн датасы жана жери, жарандыгы, улуту, үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери жана инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери.

Арыздын түзүлгөн датасын көрсөтүү менен, ага арыз берүүчү тарабынан кол коюлууга тийиш.";

28) 69-статьянын 1-пунктунда:

а) экинчи абзацында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру (бар болсо), фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) бешинчи жана жетинчи абзацтарында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

29) 70-статьянын экинчи абзацында "фамилиясын" деген сөз "жеке идентификациялык номурун (бар болсо), фамилиясын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

30) 73-статьяда:

а) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу арыз арыз ээсинин жашаган жериндеги же оңдолууга же өзгөртүлүүгө тийиш болгон жарандык абалдын актысынын жазуулары сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилет.

Арыз ага жарандык абалдын актысынын жазуусу түзүлгөн адам тарабынан же болбосо ал ыйгарым укук берген адам тарабынан берилет. Жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоо же өзгөртүү киргизүү жана күбөлүктү алуу жөнүндө ыйгарым укуктар ишеним катта каралууга тийиш.

Өлгөн адамга карата мурда түзүлгөн жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоо жана өзгөртүү киргизүү өлгөн адамдын жакын тууганынын арызы боюнча жүргүзүлөт.";

б) 2-пунктунун экинчи абзацында "фамилиясы" деген сөз "жеке идентификациялык номуру, фамилиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

31) 74-статьянын 5-пунктунда "сотко" деген сөз "административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

32) 75-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында:

а) расмий тилдеги текстинде "внесенного" деген сөз "внесенном" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) абзац "ички иштер органына" деген сөздөрдөн кийин "жана аскер комиссариатына" деген сөздөр менен толукталсын.

3-берене.

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

14-берененин 5-бөлүгүндө "он күндүн" деген сөздөр "үч күндүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4-берене.

1. Адамдардын жеке идентификациялык номурлары болбогон учурда, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн арыз берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ошондой адамдарга жеке идентификациялык номур ыйгарылгандан кийин жүзөгө ашырылат.

2. Өлүмдү мамлекеттик каттоого алуу жөнүндө арыз берүүдө өлгөн адамда жеке идентификациялык номуру болбогон учур ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген эрежеге кирбейт.

5-берене.

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков

 

 

Партнеры