Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 14/03/2019

Б У Й Р У К

П Р И К А З

 

2019-жылдын       -февралы, №                                                                                                                                                                                                                                      Бишкек ш.

 

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарына, кредиттик бюролорго, төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б буйругунун 1-пунктунун 3-абзацына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 18-февралындагы № 2 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагында болгон «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтын баасын макулдашуу жөнүндө» буйругунун 3-пунктуна ылайык буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарына, кредиттик бюролорго, төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасы 2019-жылдын 1 декабрга чейин тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2018-жылдын 06-февралындагы № 68 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервисинин жардамы менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарына, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пункт «, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарына,» сөздөрүнөн кийин «, кредиттик бюролорго, төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна,» сөздөрү менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу-коммуникациялык иш бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 18-февралындагы № 2 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагында болгон «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтын баасын макулдашуу жөнүндө» буйругун жана ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген кызматтын баасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын веб-сайтына жайгаштырсын.  

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы ушул буйруктан келип чыгуучу тийиштүү иш-чараларды кабыл алсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2018-жылдын 06-февралындагы № 68 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервисинин жардамы менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарына, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитүү жөнүндө» буйругунун 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                             А.К. Шаикова

Партнеры