КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 18-марты, № 59-б
Улуттук үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү жана транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү жекелештирүү боюнча жаңы жабдууларды (атайын принтерлерди) сатып алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 53120 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" ведомстволук классификациясы (ведомстволук бөлүнүштөр) боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылга бюджеттик чыгымдарын 27 600 000(жыйырма жети миллион алты жүз миң) сомго азайтсын;
- 53110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" ведомстволук классификациясы (борбордук аппарат) боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылга бюджеттик чыгымдарын 27 600 000 (жыйырма жети миллион алты жүз миң) сомго көбөйтсүн.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
М.Д.Абылгазиев |