Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 12/11/2020

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда иш кагаздарын уюштурууну жана жүргүзүүнү жөнгө салган ченемдик-методикалык типтүү документтерди иштеп чыгуу жана аларды жайытууну уюштуруу архив иши боюнча республикалык башкаруу органына – Архив агенттигине жүктөлгөн. Бул Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама болуп эсептелет. Архив агенттиги тарабынан 2018-2019 жыл аралыгында бардык борбордук мамлекеттик органдардан, мамлекеттик архивтерден жана алар аркылуу облустук, райондук мамлекеттик администрациялардан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар чогултулган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекетик тил боюнча улуттук комиссия жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия менен биргеликте Типтүү нускаманын мамлекеттик тилдеги редакциясына жана мамлекеттик тилдеги терминдер менен түшүнүктөрдүн бирдейлигине, алардын расмий тилдеги мазмунуна шайкеш келүүсүнө мониторинг жүргүзүлдү.

Ушул иш чаралардын жыйынтыгында Типтүү нускаманын жаңы редакциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги тарабынан иштелип чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 Токтому менен бекитилди. Кабыл алынган Токтомдун 4-пунктуна ылайык Архив агенттиги жана анын маалекеттик архив мекемелери тарабынан Типтүү нускаманы колдонууну жайылтуу боюнча республика аймагында иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бекитилген Типтүү нускамада иш кагаздарын жүргүзүүдө каралган ченемдер жана талаптар боюнча келип түшкөн сунуштардын негизинде кээ бир ченемдер өзгөртүлдү жана тактоочу түшүнүктөр киргизилди. Алардын негизгилери:

1) 55-пункттунда көрсөтүлгөн мөөнөт «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирилди;

2) электрондук документтер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө 5-глава «Электрондук кол тамга жөнүндө» жана «Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук өзгөртүлдү;

3) реквизиттер жөнүндө 14-пункттуна «Жетекчинин кол тамгасы коюлган каттын экинчи нускасы жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери

визалаган кат (документтин) нускасы иш кагаздарын жүргүзүү кызматында калууга тийиш» жана «Кол тамга көк түстөгү сыя менен коюлат» деген ченемдер киргизилди;

4) 58-пунктка «мамлекеттик архив менен макулдашылган көктөмөлөрдүн номенклатурасы гана юридикалык күчкө ээ»;

5) 59-пунктка «көктөмөлөрдүн жалпылаштырылган номенклатурасы эки нускада басылат жана бекитилет»;

6) 65-пунктка «Жылдын ичинде барактары аз сандуу (3 төн 50 баракка чейин) көктөмөлөрдү бир нече жыл үчүн бир көктөмөгө топтоого уруксат берилет»;

7) 19-пунктка «Гербдүү бланктардын төмөнкү оң бурчуна басмакана ыкмасы же номер койгуч аркылуу иреттик номерлер коюлат. Бланктын иреттик номери 1 000 000 болгондо, кийинки нумерацияны 1 цифрасынан баштоо зарыл»;

8) 20-пунктка «Документ бланкта же бланктан башка кагазда таризделбесин, анын ар-бир барагынын төмөнкүдөй талаачалары болууга тийиш: сол жагынан – 30 мм, оң жагынан – 15 мм өлчөмүнөн кем эмес, жогорку жана төмөнкү талаачасынан – 20 мм өлчөмүнөн кем эмес» деген өзгөртүүлөр менен ченемдер толукталды.

Ошондой эле буйрук, тескеме, тизим жана кызматтык кат аттуу документерге атайын түшүндүрмөлөр берилди.

Дагы белгилеп белгилеп коюучу жагдай, Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын мамлекеттик тилдеги редакциясында учураган терминдер менен түшүнүктөрдүн бирдейлигине, алардын расмий тилдеги текстине шайкеш келүүсүнө мониторинг жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында аталган типтүү нускамада негизги түшүнүк катары саналган термин жана түшүнүктөр мамлекеттик тилдеги вариантында расмий тилдеги маанисине шайкеш келбегендиги жана бир эле термин же түшүнүк мамлекеттик тилде ар башка мааниде берилип келгендиги аныкталган.

Негизги түшүнүктөрдүн мындай чар-жайыттыгынан улам Типтүү нускаманын мамлекеттик тилдеги редакциясын колдонуучулардын саны өтө төмөн болуп келген.

Типтүү нускаманын мамлекеттик тилдеги редакциясындагы терминдерди, түшүнүктөрдү бирдейлештирип иштеп чыгууда анын жалпы текстинин дээрлик жарымынан көбү (70%) оңдоп түзөөлөргө муктаж болгондуктан, долбоор жаңы редакцияда иштелип чыкты.

Мисалы, колдонуудагы редакцияда ар кандай жөндөмө жана мүчөлөргө ээ болгон “иш” (дело) деген түшүнүк долбоордо “көктөмө” деп берилди (бул түшүнүк жалпы текстте 281 жолу учурайт), анткени бул түшүнүк архивге сактоого өткөрүү үчүн көктөлгөн иш кагаздарынын топтомун түшүндүрөт. Эгерде “иш” деген сөз ошол боюнча калтырылса, бул кыймыл-аракетти түшүндүргөн “иш” (работа) деген сөздү туюндуруп калуусу толук ыктымал.

Расмий тилде шрифттин өңүнө карата «полужирный» деп берилген түшүнүк мамлекеттик тилде «кара», «орточо кара» же «каралжын» деп бул түшүнүктү толук ачпаган ар түрдүү мааниде учурап келген. Бул сөз кыргыз тилинин боёк өңүнө карата колдонулган «кочкул» сөзү менен алмаштырылды.

Бул сыяктуу бир катар термин жана түшүнүктөр ушул өңүттө бирдейлештирилди жана маанилик жактан сөзмө-сөз которулган тексттер калыбына келтирилди.

Мындан сырткары тиешелүү администрациялык-аймак бирдигинде жашаган адамдардын санынын басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилди билген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгон шартта жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын буйруктары (тескемелери) мамлекеттик тилде гана таризделишине жол берилген ченем кошумчаланды. Мындай жобо «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө» мыйзамдарында белгиленген.

Партнеры