Б У Й Р У К
П Р И К А З
2020-жылдын -декабры, № Бишкек ш.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарга тарифтердин прейскурантын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестринин (тизмегинин) негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (иштер) үчүн акы төлөө өлчөмүн аныктоо тартибине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 18-декабрындагы № 42 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарга тарифтердин прейскурантын макулдашуу жөнүндө” буйругуна ылайык буйрук кылам:
- Жарандык, калкты каттоо, документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды шашылыш тастыктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарга тарифтердин прейскуранты тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул буйруктун 1-пунктунда бекитилген акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарга тарифтердин прейскуранты 2021-жылдын 4-январынан тартып колдонууга киргизилээри белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти 2021-жылдын 4-январына чейинки мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык органдарына ушул буйрукту маалымат катарында жиберсин;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган тарифтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык органдарынын маалымат такталарына жайгаштырсын;
- бекитилген нарк тууралуу финансылык мекемелерге белгиленген тартипте билдирсин жана алар менен келишимдерди бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу-коммуникациялык иштер бөлүмү тарифтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайтына жарыяласын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы С.К.Джумадыловго жүктөлсүн.
Төрага А.М. Мамбеталиев