Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 18/01/2021

Б У Й Р У К

П Р И К А З

         

2021-жылдын        -январы, №                                                                 Бишкек ш.

 

 

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктарга, банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга, нотариалдык кеңселерге жана жеке нотариустарга,

мобилдүү байланыш операторлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору

жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн

наркын бекитүү жөнүндө

 

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестринин (тизмегинин)  негизинде,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (иштер) үчүн акы төлөө өлчөмүн аныктоо тартибине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 14-январындагы № 2 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктарга, банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга, нотариалдык кеңселерге жана жеке нотариустарга, мобилдүү байланыш операторлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын макулдашуу жөнүндө” буйругун эске алуу менен буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктарга, банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга, нотариалдык кеңселерге жана жеке нотариустарга, мобилдүү байланыш операторлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары – Кызмат) уюштуруу-коммуникациялык иштер бөлүмү ушул буйрукту Кызматтын расмий сайтына жарыяласын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы ушул буйруктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык технологиялар жана байланыш бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                           А.М. Мамбеталиев

Партнеры