Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 25/12/2018

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 6-июну № 273

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүмүн оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүмүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору" мамлекеттик мекемесин жойсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башкаруу схемасында:

"Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору" Мамлекеттик мекемеси" деген позиция алып салынсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

Партнеры