Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 05/02/2019

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 28-январы № 21

2014-жылдын 15-августундагы Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулушу тууралуу 2018-жылдын 23-июнунда Москва шаарында кол коюлган протоколду бекитүү жөнүндө

 

2014-жылдын 15-августундагы Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулушу тууралуу 2018-жылдын 23-июнунда Москва шаарында кол коюлган протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: 2014-жылдын 15-августундагы Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулушу тууралуу 2018-жылдын 23-июнунда Москва шаарында кол коюлган протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

Партнеры