Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 05/02/2019

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 28-январы № 22

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин тастыктамаларын кайра каттоо тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жободо:

5-главасында:

аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин берүү жана тастыктамага болгон жеке менчик укугун башка жакка өткөрүп берүү тартиби";

- төмөнкүдөй мазмундагы 25-пункт менен толукталсын:

"25. Жаран тастыктамага болгон жеке менчик укугун башка жакка өткөрүп берүүгө укуктуу. Тастыктаманы башка жакка тариздөө үчүн тараптар төмөнкүдөй документтерди берүү менен ыйгарым укуктуу органга кайрылышат:

- паспорттун (ID-картанын) көчүрмөсүн;

- тастыктаманы сатып алууну каалаган жаңы ээсине өткөрүп берүүнү ырастаган документ (сатуу-сатып алуу, белекке берүү, алмашуу келишимдери же ал мүлктү ажыратуу жөнүндөгү башка бүтүмдөр).

Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тастыктаманы жаңы ээсине кайрылган күнү акысыз негизде берет.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-февралындагы N 9 жарыяланды

 

Премьер-министри

 

М.Абылгазиев

 

Партнеры