Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 12/11/2020

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2020-жылдын 3-марты № 120

Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мекемелеринде жана уюмдарында иш кагаздарын уюштурууну өркүндөтүү жана заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен документ жүгүртүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама (мындан ары - Типтүү нускама) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер:

- иш кагаздарын Типтүү нускамага ылайык жүргүзүшсүн:

- мекеменин түзүмүндө мекеменин архивине жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтыган иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын функциясы бар бөлүмдү штаттык санынын чегинде карашсын.

3. Жеке менчик түрүндөгү уюмдарга, ишканаларга жана мекемелерге иш кагаздарын Типтүү нускамага ылайык жүргүзүү сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жана анын аймактык органдары иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу жана Типтүү нускаманы иш жүзүндө колдонуу боюнча министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча), менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга жана ишканаларга методикалык жактан жардам көрсөтсүн.

5. Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча колдонмолорду иштеп чыгуучулар аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен макулдашууга милдеттүү экендиги белгиленсин.

6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен макулдашылган иш кагаздарын жүргүзүү боюнча колдонмолорду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасында каттоону камсыз кылсын.

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 340 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 108 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 743 токтому.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев

 

 

Партнеры