Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 10/10/2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 28-сентябры № 619

Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө

"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:

- 16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 17-пункту "алгачкы киргизүүдө ыйгарат жана" деген сөздөрдөн кийин "жарандарды жекече (индивидуалдык) эсепке алуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутум жөнүндө жободо:

- 27-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүшсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков

 

Тиркеме

Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү
ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин жөнгө салат.

2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй мааниге ээ болгон төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:

ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулардын курамын, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттин саясатын жүзөгө ашырган орган;

жарандык абалдын актыларын каттоо органдары (мындан ары - ЖААК органдары) - жарандык абалдын актыларынын мамлекеттик каттоосун жүзөгө ашырган орган;

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси - чет мамлекеттин аймагындагы Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү (элчилиги), консулдук мекемеси;

идентификациялык жеке номер - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылган жана жарандарды жекече (индивидуалдык) эсепке алуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды копшогондо, ал адамдарга өмүр бою өзгөртүлбөстөн сакталып калган жеке номер;

идентификациялык жеке номерди өзгөртүү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын идентификациялык жеке номерине киргизилүүчү оңдоолор;

идентификациялык жеке номерди жаап коюу - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын идентификациялык жеке номерди пайдаланууну убактылуу токтотуп туруу же туруктуу токтотуу, өткөрүп берүү, тактоо боюнча иш-аракети;

3. Идентификациялык жеке номердин түзүмү 14 орундуу номерден турат:

ПЧЧММГГГГРНННК, мында:

П - жынысы (1 - аял, 2 - эркек);

ЧЧММГГГГ - туулган күнү (күнү, айы, жылы);

Р - каттоо белгиси:

0, 2, 3, 4, 6, 7, 8, 9 - социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан мурда ыйгарылган идентификациялык жеке номерлерди айырмалоо белгилери;

1 - салык салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан мурда ыйгарылган идентификациялык жеке номерлерди айырмалоо белгиси;

5 - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мурда ыйгарылган идентификациялык жеке номерлерди айырмалоо белгиси;

ННН - катар номери;

К - контролдук цифра, эсептөөнүн атайын алгоритмин колдонуу менен түзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди ыйгарууга жана өзгөртүүгө документтерди кабыл алуу ЖААК органдарынын бардык аймактык бөлүмдөрүндө жашаган жана турган жерине карабай, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү мекемелерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган ички жол-жобого ылайык жүргүзүлөт.

5. Идентификациялык жеке номер ЖААК органдары тарабынан "Жарандык абалдын актыларын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык тутумунда (мындан ары - "ЖААК" АМТ) ыйгарылат:

- баланын туулгандыгын каттоодо туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунда идентификациялык жеке номерин көрсөтүү менен;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын, жарандыгы жок адамдын идентификациялык жеке номери жок болсо, ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча ЖААК органдарына берилген арыздын негизинде.

6. Чет өлкөдөгү мекемелер идентификациялык жеке номерлерди ыйгарууга жана/же өзгөртүүгө документтерди кабыл алууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы өз ара аракеттенүү регламентине ылайык, жеке мүнөздөгү маалыматтын коопсуздугунун ченемдерин сактоо менен жүзөгө ашырышат.

7. Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди ыйгарууда ЖААК органдары кайрылган күнү идентификациялык жеке номерди ыйгаруу тууралуу ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча маалымкат беришет.

8. Чет өлкөдөгү мекемелерге кайрылган жарандарга идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана/же өзгөртүү чет өлкөдөгү мекемелерден документтер келип түшкөн күнү ЖААК органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

9. Башка жарандыгы бар же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгып кеткен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына жаңыдан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жарандарына мурда ыйгарылган идентификациялык жеке номер сакталып калат.

10. Кыргыз Республикасынын жаранынын, ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандын, жарандыгы жок адамдын өлүмүнүн фактысын каттоодо аталган адамдардын идентификациялык жеке номерине ЖААК органдары тарабынан "каза болгон" деген статус ыйгарылат.

11. Тирүүсүндө идентификациялык жеке номери болбогон Кыргыз Республикасынын каза болгон жаранынын үй-бүлөсүнө пенсия дайындоодо же компенсацияларды белгилөөдө нотариалдык формада күбөлөндүрүлгөн өлүмү тууралуу күбөлүктүн же актылык жазуунун көчүрмөсүнүн, өлүмү тууралуу медициналык күбөлүктүн көчүрмөлөрү, идентификациялык жеке номер ыйгаруу тууралуу арыздын көчүрмөсү тиркелген, социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген расмий суроо-талаптын негизинде ЖААК органдары тарабынан идентификациялык жеке номер ыйгарылат.

12. Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу же өзгөртүү үчүн берилген, чет тилде түзүлгөн документтер мамлекеттик же расмий тилге которулушу керек жана нотариустун, же мындай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укугу бар башка кызмат адамынын бир тилден экинчи тилге туура которулганы тууралуу күбөлөндүргөн кол тамгасы болушу керек.

13. Арыз берүүчүнүн өкүлү кайрылган учурда, ал өзүн күбөлөндүргөн документин, нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним катын жана ага теңештирилген, өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним каттарын, ошондой эле ушул Тартипте каралган арыз берүүчүнүн документтерин берет.

2. Кыргыз Республикасынын жарандарына идентификациялык жеке номерди ыйгаруу тартиби

14. 18 жашка чыга элек адамга идентификациялык жеке номерди ыйгаруу үчүн төмөнкү документтер берилет:

- арыз берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен ата-энесинин бирөөсү, мыйзамдуу өкүлү кол койгон ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуусунан көчүрмө, же Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүн күбөлөндүргөн башка документ көчүрмөсү менен;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актылык жазуусунан көчүрмө жок болсо - жарандын туулгандыгы тууралуу фактыны аныктоо жөнүндө соттун чечими.

15. Идентификациялык жеке номерди алуу үчүн 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү документтерин берет:

- ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча арызды;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүктү же туулгандыгы тууралуу актылык жазуусунан көчүрмөнү, же Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүн күбөлөндүргөн башка документти көчүрмөсү менен;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актылык жазуусунан көчүрмөсү жок болсо - жарандын туулгандыгы тууралуу фактыны аныктоо жөнүндө соттун чечимин.

3. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди ыйгаруу тартиби

16. Идентификациялык жеке номерди алуу үчүн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар төмөнкүдөй документтерди беришет:

- ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча арызды;

- өздүгүн күбөлөндүргөн документти (чет өлкөлүк паспортун/жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн/кайрылмандын күбөлүгүн/качкындын күбөлүгүн), ошондой эле анын көчүрмөсүн.

17. Жашы жете элек чет өлкөлүк жакка идентификациялык жеке номерди ыйгаруу үчүн төмөнкүлөр берилүүгө тийиш:

- ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз;

- баланын паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актылык жазуусу жана анын көчүрмөсү;

- ата-энесинин бирөөсүн күбөлөндүргөн документ (чет өлкөлүк паспорту/жарандыгы жок адамдын күбөлүгү/кайрылмандын күбөлүгү/качкындын күбөлүгү), ошондой эле анын көчүрмөсү.

Эгер ата-энесинин бирөөсү же экөө тең чет өлкөнүн жараны болсо, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк/паспорт кайсы өлкөдө берилгенине карабай, идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө арызга баланын жарандыгы көрсөтүлбөстөн балага идентификациялык жеке номер ыйгарылат.

18. "ЖААК" АМТда идентификациялык жеке номерди ыйгарууда чет өлкөлүк жарандын, жарандыгы жок адамдын жеке маалыматтары (фамилиясы, аты) өздүгүн күбөлөндүргөн документтеринин (чет өлкөлүк паспортунун/жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн/кайрылмандын күбөлүгүнүн/качкындын күбөлүгүнүн) түп нускаларында көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык расмий, мамлекеттик тилдерде, ошондой эле латын тамгалары менен киргизилет.

4. Юридикалык жактар кайрылган учурда идентификациялык жеке номерди ыйгаруу тартиби

19. Идентификациялык жеке номер мекеменин жетекчисинин өтүнмөсүнүн негизинде эркинен ажыратуу жайларында, тергөө абактарында кармалган адамдарга, тарбия берүүчү интернаттарда, окуу жайларында жана дарылоо мекемелеринде жайгашкан балдарга, аскер кызматын өтөгөн жерлердеги, ошондой эле улгайган адамдар жана майыптар үчүн үй интернаттарында жашаган адамдарга ыйгарылат. Бул үчүн төмөнкүлөр берилет:

- мекеменин жетекчисинин өтүнмөсү;

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана анын уюштуруучу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- ишеним каттын түп нускасы жана көчүрмөсү;

- өкүлүнүн паспорту жана анын көчүрмөсү;

- ушул Тартиптин 14-17-пункттарында көрсөтүлгөн документтер.

20. Юридикалык жактын жетекчисинин өтүнмөсүнүн негизинде кызматкерлерге идентификациялык жеке номер ыйгарылат. Бул үчүн юридикалык жактар төмөнкүдөй документтерди беришет:

- юридикалык жактын атынан өтүнмөнү;

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана анын уюмдаштыруучу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;

- ишеним каттын түп нускасын жана көчүрмөсүн;

- өкүлүнүн паспортун жана анын көчүрмөсүн;

- ушул Тартиптин 14-17-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди.

Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан берилген, анын жетекчисинин же уюмдаштыруучу документтерде ыйгарым укуктар берилген башка жактын кол тамгасы жана бул уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен тастыкталат.

21. Мекеменин же юридикалык жактын жетекчисинин өтүнмөсүнүн негизинде идентификациялык жеке номерди ыйгаруу мекеменин же юридикалык жактын юридикалык катталган жана иш жүзүндө жайгашкан ордуна карабай, ЖААК органдарынын каалаган аймактык бөлүмдөрүндө жүзөгө ашырылат. Мекеменин же юридикалык жактын жетекчилери кайрылган учурда ар бир кызматкерге жана ушул Тартиптин 19-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга идентификациялык жеке номерди ыйгаруу тууралуу маалымкаттар ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык үч жумуш күндүн ичинде берилет. Ушул Тартиптин 19-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын жана кызматкердин идентификациялык жеке номери бар болсо, идентификациялык жеке номерди ыйгаруу тууралуу маалымкат берилбейт.

5. Идентификациялык жеке номерлерди өзгөртүү тартиби

22. Ыйгарылган идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:

- жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда туулган күнүн өзгөртүүдө;

- эки же андан көп жаранда окшош идентификациялык жеке номер болгондо;

- ыйгарылган идентификациялык жеке номерде жынысы жана/же туулган күнү тууралуу маалыматтар ката көрсөтүлгөндө;

- идентификациялык жеке номер ыйгарууда кетирген техникалык каталарда (бир жаранда бир нече идентификациялык жеке номер болгондо, жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты так эмес жазылган учурларда).

23. Ушул Тартиптин 22-пунктунда каралган идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер болгон учурда ЖААК органдары жана чет өлкөдөгү мекемелер ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайыкформа боюнча арыздын негизинде идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн документтерди кабыл алышат.

24. Идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн төмөнкү документтер берилет:

- ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуусунан көчүрмө, же жарандын өздүгүн күбөлөндүргөн документ жана анын көчүрмөсү;

- соттун тиешелүү чечимдеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

- зарыл болгон учурда - жалпы орто билими жөнүндө аттестаттын жана/же кесиптик орто билими жөнүндө дипломдун жана/же кесиптик жогорку билими жөнүндө дипломдун жана/же эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

25. Идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган ички жол-жобого ылайык жана ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде гана жүргүзүлөт.

26. Жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда туулган күнүн өзгөртүүдө жарандын идентификациялык жеке номери соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жана ушул Тартиптин 24-пунктуна ылайык берилген тиешелүү документтердин негизинде өзгөртүлөт.

Документтер берилген күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет.

27. Эки же андан көп жаранда окшош идентификациялык жеке номер болсо, арыз берүүчүнүн идентификациялык жеке номери өзгөртүлөт же арыз берүүчүнүн туура идентификациялык жеке номери сакталып калат. Мындай идентификациялык жеке номери бар калган жактарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан үч жумуш күндүн ичинде идентификациялык жеке номерди тактоо жана/же өзгөртүү үчүн жашаган жери боюнча ЖААК органдарына кайрылуу зарыл экендиги тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүү жиберилет.

Документтер берилген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде арыз берүүчүгө ушул Тартиптин 1-тиркемесинеылайык форма боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет.

28. Ыйгарылган идентификациялык жеке номерде жынысы жана/же туулган күнү жөнүндө маалыматтар ката көрсөтүлүп калса, идентификациялык жеке номерди өзгөртүү ушул Тартиптин 24-пунктуна ылайык тиешелүү документтердин негизинде жүргүзүлөт.

Документтер берилген күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет.

29. Идентификациялык жеке номерди ыйгарууда техникалык каталарга жол берилсе:

- бир жаранда бир нече идентификациялык жеке номер болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жарандын бардык идентификациялык жеке номерлери жабылат, арыз берүүчүнүн туура идентификациялык жеке номери сакталып калат же ага жаңысы ыйгарылат. Документтер берилген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет.

- "ЖААК" АМТда жарандын фамилиясы, аты жана атасынын аты так болбогон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 24-пунктуна ылайык тиешелүү документтердин негизинде "ЖААК" АМТга тийиштүү оңдоолорду киргизет. Документтер берилген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин 1-тиркемесинеылайык форма боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет.

30. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунда идентификациялык жеке номери болгондо жана "ЖААК" АМТда ушул ыйгарылган идентификациялык жеке номер жөнүндө маалыматтар болбогон учурда, ушул Тартиптин 14-15-пункттарына ылайык тиешелүү документтердин негизинде жаранга жаңы идентификациялык жеке номер ыйгарылат. Документтер берилген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайыкформа боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет.

31. ЖААК органдары, чет өлкөдөгү мекемелер жеке маалыматтар оңдолгондон кийин жана/же идентификациялык жеке номер актуалдаштырылгандан кийин гана жарандык абалдын актыларынын жазууларын каттайт.

32. "ЖААК" АМТда бардык ыйгарылган идентификациялык жеке номерлер жөнүндө жана өзгөртүлгөн идентификациялык жеке номерлер тууралуу маалыматтар сакталып калышы керек.

33. Идентификациялык жеке номер өзгөртүлгөн жана жаңы идентификациялык жеке номер ыйгарылган учурда идентификациялык жеке номерди камтыган бардык документтер алмаштырылууга тийиш.

34. Арыз берүүчү берилген документтердин жана арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын тактыгы үчүн жооптуу болот.

35. ЖААК органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери арызга киргизилген маалыматтардын жана берилген документтердин ылайык келүүсүн текшерүү, ошондой эле "ЖААК" АМТга киргизилген маалыматтардын тактыгы жана актуалдуулугу жана ушул Тартипти аткаруу үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

 

Приложение 1 - тиркеме

 

Формасы/форма

Идентификациялык жеке номерин берүү жөнүндө маалымкат/Справка о присвоении персонального идентификационного номера

1

ИЖН берүү датасы

Дата присвоения ПИН

2

ИЖН:

ПИН:

3

Фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо)

Фамилия, имя, отчество (при наличии)

4

Жынысы

Пол

5

Туулган күнү

Дата рождения

6

ИЖН ыйгарган органдын аталышы

Наименование органа, осуществившего присвоение ПИН

7

Ыйгарылган ИЖН жөнүндө маалымкат берген органдын аталышы

Наименование органа, выдавшего справку о присвоенном ПИН

8

Маалымкат берилген күн

Дата выдачи справки

10

ИЖН ыйгарган/ыйгарылган ИЖН жөнүндө маалымкат берген ЖААК органынын кызматкеринин аты-жөнү

ФИО сотрудника органа ЗАГС, осуществившего присвоение ПИН/выдачу справки о присвоенном ПИН

 

 

ЖААК органынын башчысы:

Руководитель органа ЗАГС:

 

 

Приложение 2 - тиркеме

 

Формасы/форма

Идентификациялык жеке номерди алуу үчүн
АРЫЗ/ЗАЯВЛЕНИЕ
на получение персонального идентификационного номера

* менен белгиленген талаалар милдеттүү түрдө толтурулат

Поля, отмеченные *, обязательны для заполнения

Кагаз түрүндөгүсү Юстиция министирлигинде архивинде сакталат.

 

Приложение 3 - тиркеме

 

Формасы/форма

Ыйгарылган идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн
АРЫЗ/ЗАЯВЛЕНИЕ
на внесение изменений в присвоенный персонифицированный идентификационный номер

Кагаз түрүндөгүсү Юстиция министирлигинде архивинде сакталат.

Партнеры