Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 10/10/2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 17-майы № 294

Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө

Жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системаларын киргизүү, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формалары 1-тиркемеге ылайык;

Тиркелген файлды 1-тиркемени караңыз.

- жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формалары, 2-тиркемеге ылайык;

2-тиркеменин графикалык көчүрмөсүн караңыз.

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формалары (сүрөттөмөлөрү жана үлгүлөрү), 3-тиркемеге ылайык;

3-тиркеменин графикалык көчүрмөсүн караңыз.

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формалары, 4-тиркемеге ылайык;

4-тиркеменин графикалык көчүрмөсүн караңыз.

- жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарын толтуруу тартиби, 5-тиркемеге ылайык;

5-тиркеменин графикалык көчүрмөсүн караңыз.

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын толтуруу тартиби, 6-тиркемеге ылайык.

6-тиркеменин графикалык көчүрмөсүн караңыз.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын жаңы формаларын легалдаштыруу жол-жоболорун жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 436 "Төрөлүү, никеге туруу, никени бузуу, бала (кыз) асырап алуу, аталыкты аныктоо, өлгөндүгү жөнүндө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу гербдүү күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Партнеры