Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 10/07/2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 3-апрели № 196

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун типтерин жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин иштөө системасын аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө", "Ички миграция жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

 

Партнеры