Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 10/07/2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 3-апрели № 199

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жөнүндө жободо:

- 1-пункту "электрондук башкаруу," деген сөздөрдөн кийин ''электрондук санариптик кол тамга," деген сөздөр менен толукталсын;

- 7-пункту "ыңгайлуу шарттарды түзүү" деген сөздөрдөн мурун "электрондук санариптик кол тамганы өнүктүрүүгө" деген сөздөр менен толукталсын;

- 8-пунктунун экинчи абзацы "электрондук башкаруу," деген сөздөрдөн кийин "электрондук санариптик колтамга" деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пунктунун 1-пунктчасында:

үчүнчү абзац "маалыматташтыруу," деген сөздөн кийин "электрондук санариптик кол тамга," деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- электрондук санариптик кол тамга жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;";

он алтынчы жана он жетинчи абзацтар "маалыматташтыруу" деген сөздөн кийин ", электрондук санариптик кол тамга" деген сөздөр менен толукталсын;

- 11-пунктунун жыйырманчы абзацы "маалыматташтыруу" деген сөздөн кийин ", электрондук санариптик кол тамга" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо:

- 1-пункту ''Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу" деген сөздөрдөн кийин "жана күбөлөндүрүү борборлорунун ачык ачкычтарынын бирдиктүү инфратүзүмүн түзүү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 5-пункту "саясатын" деген сөздөн кийин ", ошондой эле электрондук санариптик кол тамга жаатындагы саясатты" деген сөздөр менен толукталсын;

- 6-пунктунун төртүнчү абзацындагы "бирдиктүү мейкиндигин" деген сөздөр "бирдиктүү инфратүзүмүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-пунктунда:

а) пунктчасында:

экинчи абзац "Кызматтын" деген сөздөн мурун "электрондук санариптик кол тамга маселелеринен тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин кароосуна электрондук санариптик кол тамга маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;";

б) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- күбөлөндүрүү борборлорунун кол тамга ачкычтарынын сертификаттарынын бирдиктүү мамлекеттик жалпыга жеткиликтүү реестрин жүргүзөт;";

г) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"- электрондук санариптик кол тамга ачык ачкычына сертификаттарды күбөлөндүрүү борборлоруна берет;".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 11-пунктунда:

экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

отуз экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- күбөлөндүрүү борборунун базасында жеке жана юридикалык жактардын кол тамга ачкычтарынын берилген сертификаттарынын реестрин жүргүзүү;";

төмөнкүдөй мазмундагы отуз үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- күбөлөндүрүү борборунун базасында электрондук санариптик кол тамга ачык ачкычына сертификаттарды жеке жана юридикалык жактарга берүү;".

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Партнеры